Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Өкмөттө тааныш, туугандык аркылуу жумушка орношуу жүрүүдө”

“Өкмөттө тааныш, туугандык аркылуу жумушка орношуу жүрүүдө”

16-август, 12:57
675 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айрым облустарда райондун акимдери алмашып, чала өзгөрүүгө багытталган кадр саясаты жүрүүдө. Бүгүнкү жүрүп жаткан “секириктер” тууралуу серепчилерге собол салдык.

Мурат Жетимишбаев, коомдук ишмер:

-- Чынында Кыргызстанда кадр саясаты, «биз парламенттик республика болобуз» деген ураан менен Текебаев токуган Конституция кабыл алынгандан бери толук, орусча айтканда, «окончательно» өлгөн! Ачык айтканда, «мурун эле алат элек, эми чындап кокуй болдук» дегендей эле болду! Мына, ар кимиңер жогору жакты мисал кылбай эле, акыркы он жылда өз райондоруңарга келип кеткен аким сөрөйлөрүңөрдүн, айыл өкмөт башчыларынын дараметтерине, алардын иштөө сапаттарына саресеп салып көрсөңөр, толук түшүнөсүңөр. 

Кадр саясатында биздин кан-жаныбызга сиңип калган тууганчыл, өзүмчүл менталитетибиз менен эч качан демократиялык негизде жетекчи тандоо ишке ашпайт! Килейген бир чоң айылдын тагдырын, анын өсүп-өнүгүш келечегин бир ууч эле депутаттар чечип, өздөрү каалагандай жеке кызыкчылыктардын аркасында топ-топ боло калышып, эки күндүн биринде улам айыл өкмөттөрүн алмаштырып отурса, Кудайга деле жакпайт да! Андан кызыгы, депутаттардын күчү менен келген айыл өкмөт башчысы райондун акимин бучкагына теңебей туураланып, депутаттардын аркасына жашынып турса, анан кайдагы иш, кайдагы тартип?! Жаның кашаят!

Акбалык Жумалиева, жарандык активист:

-- Кадр саясатына өтө нааразымын. Тилекке каршы, "бул тармакта кадр саясаты мыкты чечилген" деп бир да тармакты айта албайбыз. Дал ошол кадр маселеси өтө чабал болгондугу да өлкөбүздөгү өнүгүү жоктугуна өз таасирин берип келүүдө. Мисалы, жеке бир компания ишин, бизнесин алдыга жылдыруу үчүн конкурстардын негизинде мыкты адистерди жумушка алат. Себеби, бизнеси дал ошол адистин жумушунан көз карандыАл эми биздин өкмөттө тааныш, тууганчылык менен жумушка орношушат, кесипкөйлүк акыркы орунда

Ал эми акимдердин алмашып-чалмашып аткандыгы – шайлоонун шайтан оюндарына эле көрүлүп жаткан даярдык катары ойлойм.

Максатбек Казакпаев, жарандык активист:

-- Акыркы кадр алмашууларды “өкмөттүн кадрдык кризиси” деп белгилесек болот. Президенттин ишенимдүү, дасыккан, патриот кадрлары жок болууда. Бирин койсо экинчиси уят кылууда. Коррупционерлер гана калгандай. Экинчи маселе бир-эки ай аралыгында өтүүчү парламенттик шайлоого байланыштуу жер-жерлерде өз кадрларын коюу жандалбасы болууда. “Кадр алмаштырып, реформа өтүүдө” дегенден алысмын.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер