Гүлдөр ачылды, бирок сени биротоло жоготтум...

Жылмайып коштошуп кеткен элесиңди көз алдымдан өчүрө албай канча жылды карыттым... Канча суулар агып кетти...
Экөөбүз бактылуу үй-бүлө, уулубуздун бактылуу ата-энеси элек. Көрсө, бакыт сымаптай куюлуп, тоголонуп кетет тура. Биздин келечек үчүн, жакшы жашообуз үчүн Россияга иштегени аттанып кеттиң. Алыс сапарга жибергим келбей, кеткениңден кийин да көнө албай ыйлап жүрдүм. Күн аралап телефон чалып, уулуңдун үнүн уксаң бактылуу болуп, “экөөңөрдү аябай сагындым” деп калчусуң. Уулубуз жаңыдан тамтуң басып, күн санап бир кылыгы чыгып, ата-энелик жүрөгүбүз элжиреп, экөөбүздөн өткөн бактылуу жан жок эле. “Жаз келсе эле кучак толо гүл көтөрүп, уулум экөөңөргө жетип барам” дечүсүң. Бирок жаңыдан гүлдөр ачыла баштаганда, сенин кучак толо гүлдөрүңдү тосуп алдык. Андан бери канча ирет гүлдөр ачылды? Бирок, сени биротоло жоготтум... Жарыкчылыкта эми эч качан гүл көтөрүп кирип келбейсиң...
Бирок, бүгүн майрамда бой жетип келе жаткан уулум кучак толо гүл көтөрүп, күлүмсүрөп кирип келди. Кайгы менен кубанычтын көз жашы он талаа болуп жүзүмдөн сызылып жатты...
Акылай
"Азия Ньюс" гезити