» Саясат » Равшан Жээнбеков түрмөдөн депутат болсо, көпчүлүк эки доско кол чабат
Равшан Жээнбеков түрмөдөн депутат болсо, көпчүлүк эки доско кол чабат
31-март, 22:23
3 193 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Өткөн парламенттик шайлоодо Равшан Жээнбеков түрмөдө жатып, талапкерлигин койгону эсибизде. Бишкектин Ленин районунан экинчи орун алган. Мандат мөрөйүн Жаныбек Абиров акчанын жана бийликтин күчү менен илип кеткен эле. Натыйжада, кайрадан саясаттын бүйүр кызыткан сересине келдик. Бошогон орунга Равшан Жээнбеков түрмөдөн атсалыша турганын жарыялады. Боору ооруган шайлоочулар бул саам акчага сатылышпай тике турушуп, демократ саясатчыны колдоп коюшу мүмкүн. Жыгылганга кол сунган, кыйын кезде сүйөгөн кыргыз элинин табиятындагы мүнөзү эмеспи. Ким билет? Көпчүлүк колдоп кетсе, каарманыбыз түрмөдөн түз эле парламентке келип, депутат катары отуруп калса жаманбы? Эң оболу, саясатта күрөшө билүү, кашкөйлүк керек. А баса, бул саам бийлик солгундап бараткан рейтингин көтөрүү үчүн Равшан Жээнбековго бут тоспой, ЖКга өткөрүп койсо кантесиңер? Ошондо көпчүлүк эки доско кол чабат...