Гемоглобинди дарысыз бир күндө кантип көтөрөбүз?

Ар дайым башыңыз айланып, канча дем алсаңыз дагы чарчооңуз басылбайбы? Анда төмөнкү кеңештерге кулак түрүңүз.
Гемоглобин – кандын бир бөлүгү болгон белоктун аталышы. Анын негизги милдети – демди кан аркылуу башка органдарга жана ткандарга тараган кычкылтек молекулалары менен айкалыштыруу.
Гемоглобин түшүп кеткенин кантип байкоого болот?
Эгерде белок жетишсиз болсо, адам жетиштүү дем ала албай калат. Жүрөк, мээ жана башка органдар кычкылтектин жетишсиздигинен жапа чегет. Ошол эле учурда адамдын иштөөгө болгон каалоосу азайып, жалпы организм начарлайт. Баш айланат, бат чарчайт. Жүзү купкуу болот. Жүрөк бат-баттан согуп калат. Адамда энтигүү пайда болот.
Гемоглобинди көтөрүү үчүн темирге бай азыктарды колдонуңуз
Эт, балык, буурчак, капуста, брокколи, күнкарама, жумуртка, грек жаңгагы, жашылча-жемиштер жана кургак мөмө-жемиштерди көп колдонуңуз.
Фолий кычкылын колдонуңуз
Фолий кычкылы В витаминдер тобуна кирет. Ал организмди гемоглобин менен толуктайт. Эгерде сиз жетиштүү өлчөмдө фолий кычкылын колдонбосоңуз, анда анемияга учурайсыз. Аны сиз чечевица, буурчак жана спаржадан ала аласыз.
С витаминин дагы унутпаңыз
Темирге бай азыктар менен тамактануу абдан пайдалуу, ал арада С витаминге бай азыктарды дагы колдонууну унутпаңыз. Аларга грейпфрут, мандарин, апельсин, клубника жана лимон кирет.