Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыйбасым...

Кыйбасым...

29-август, 18:14
1 128 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Баш сөз ордуна)

Асланбек, аңгемең өтө жакты. Кут болсун! Ушунчалык үзүлүп түшүп окудум, өзүң билесиң, телефондон узунураак бирдеме окуунун өзү да кээде кыйнайт. Тамгалар майда дегендей. Ал ал болсун, аңгемеңди бир дем менен окуп чыгып сүйүндүм. Сен мыкты прозаик турбайсыңбы! Мурда-кийин сенин чыгармаларыңды окуган эмес элем. 

Аңгемеде эң башкы касиет кырдаалды, атмосфераны түзө билүү, жандуу сүрөттөө, детализация, психологиялык абалды ачып берүү өтө татаал деп ойлойм. Сен ошол картинаны, логикалык тутумду, окуя жүрүшүн өтө чеберчилик менен жараткансың. Маанайды сезип гана тим болбостон, көркөм анализдей да билгениң жакты. Диалогдоруң жөнөкөй, эң башкысы, ынанымдуу, жасалмасыз. Акбар менен Берметтин мамилеси... Турмуштун драмасындай сезилди. Аргасыздык балансы. Бул да өзгөчө деталь. Жалгыздык. Сенин ар бир штрихиңдин өз жүгү бар экен. 

Аңгеменин финалы үй-бүлөлүк баалуулукка барып такалат. Анын көртурмуштан өйдө турган касиетин өтө жөнөкөй да, терең да бергенсиң! Бу турмуштагы жашоо миссиябыз эмнеде, эмнеге, эмне үчүн ыйык экенин, ички драманын карама-каршылыгын терең ачкансың... Албетте, жашоо формуласы татаал, ал карама-каршылыктан, көнүл калуудан, араздашуудан, түшүнүүдөн, кечиримдүүлүк жана адамгерчиликтен турат эмеспи, бирок мунун баарын кыймылга салган адамдык сезим, сүйүү! Жашоодо ушул эки ыйык түшүнүк жеңип чыкса, жеңе алса гана турмуш уланат...

Ангемеңде сюжеттик линия да өтө туура курулган, спиралдай уланып турат! 

Бир сөз менен айтканда, аңгемең жеке өзүмө өтө жакты! Сенин дагы бир “граныңды” ачтым, ал – жазуучулук! 

Албетте, кемчиликтер да жок эмес, айрым бир стилдик жактан мен байкаган жерлер бар, ал деле аңгемеде принципалдуу ролду ойнобойт. Ал баарыбызда эле бар. Дагы бир жолу куттуктайм, мага “окуп бериңизчи?” деп ишеним артканыңа ыраазычылык! Бар бол, урматтуу жазуучу иним!

Султан Раев, Кыргыз эл жазуучусу


(Аңгеме)

Ошол түн көз алдыма тасмадай тартылды. Көңүлгө кыттай уюп калганын карасаң... Бермет эжеси менен туулган күнгө кеткен эле. Ал жерден саат кечки 10до чыкмак, дарегин алгам. Болжошкон убакка Азим досумду ээрчитип барсам, маалкатат десең. Анын жанында телефону жок, байланыша албайбыз. Жер үй, короодо күтүрөп адамдар турушат. Бир маалда ичкериге башбактым. Азим сыртта калды... 

-- Берметке келдим эле, чакырып коёсузбу? - дедим топтошуп тургандардын бирөөсүнө.

-- Сен кимсиң ыя? Мен чакырышым керекпи?! - деп тетири кетти.

-- Анда өзүм эле чакырайын...

-- А сен эмне, кыйынсыңбы? - деп дөөгүрсүй баштады. 

Алдымдагы кыжынгандар ичип алышыптыр. Бири-бирин шыкакташып, мага атырыла башташты. 

-- Койгула, жигиттер! - дедим.

Аңгыча болбой эле муштап, тээп башташты. Дароо эле бирөөсүн жаткыза чаптым. Экинчиси атырылды. Үчүнчүсүн тептим. Андан ары кармаша кеттик. Булар ачыккан чөөлөрдөй эле талап киришти. Кокусунан устунга маңдай талаш уруна түштүм. Бетимен кан жая берди. Чымыркана карманып, кайра мушташууга кириштим. Көзүм көрбөй баштады. Канга жуулдум. Ушул арада үйдөн топураган аялдар, кыздар чурулдай чыгышып, бизге аралашып кетишти. Бермет мени кучактап калды. Ошондо да бирөөсү келип, колун шилтеп өттү. Кайыды. Бермет менен короонун сыртына чыктым. Арыда тынчыбай атышат. Катын-калачтардын ач айкырыгы. Бир маалда арыкчырай, узун бойлуу шыргыйдай неме жулунуп келатат. Алыстан эле муштумдарын түйүп, сүр көрсөтүп алган. Шамалдай тездикте бет келише бергенибизде, Азим капталдан аны кагып өттү. Үч бүктөлө жыгылып, уйкуга кетти окшойт. Тынчыды. Аңгыча Азим колуман тартты.

-- Акбар, бас! Качтык, азыр милиция чакыртат! - деди тынчсызданып. 

-- Сен үчүн, энеңди... – дедим Берметке карап. 

Ал үйгө чуркап кирип кетти.

Биз өзүбүздүн жолубузга түштүк. Караңгы көчөдө кетип баратабыз. Бети-башым канжалаган. 

-- Биринчи мени ким чапты? Тааныйсыңбы? - дедим Азимге. 

-- Билем. Мени менен окуган кыздын байкеси да...

-- Үйү каякта? 

-- Аркы эле көчөдө. А эмнеге сурап атасың?

-- Уруш керек! Оозум жарылып кетти, кан токтобой атат... - дедим ызалуу.

-- Ал универде иштейт да. Азыр сабасаң арызданат. Көпчүлүктүн шары менен эле сени чаап кетти окшойт. Негизи коркок эле... - деп Азим мени жооткотууга далалат жасай баштады.

-- Тиги комоктон азыр ичели, дагы сүйлөшөбүз!

Бир бөтөлкө арак, сыр, колбаса, анан кола алдык. Түндү жирей бастык...

-- Алигинин үйүнө баралы, анын аты ким эле? - деп Азимге карадым.

-- Сабит.

-- Кыргызбы? 

-- Атасы кыргыз...

Ошентип, кыжырданган абалда Сабиттин үйүнө жакын жерге токтоп, далдаага отура кеттик. 

-- Күтө туралы, келсе керек. 

-- Отуралы, - дедим. -- Колума тийсе аябайм...

Ала келген азыктарды ортого коюп, көчөдөн эле “бура тартмайыбызды” баштадык. Далдаа жерге жайланышып, ачуубузду басууга, тынчтанууга аракет жасап, “кычкыл суудан” алып кирдик. Кекенүү менен желим стакандарды байма-бай бошотобуз. Аңгыча бир машине ызгып келип, Сабит үйүнө кирип кетти.

-- Энеңди, келди го? - деп ордуман тура жөнөдүм. 

-- Коё турчу, дагы бирден алалы, - деди Азим.

Экөөбүз жакшы эле ичтик. Чылгый мас боло баштадык. Анан жөнөдүк. Дарбазага жетип, пескоблок тосмосуна асыла баштаганымда колтугума бир жандык кирип кетти. Денем “дүр” дей түштү. Жарганат экен. Секирип түшүп, апчып, мыжыгып салдым окшойт, койнумдан өлүгү чыкты. 

-- Жарганат үчүн келдиң беле? - деди Азимдин шаабайы сууй.

-- Эмне кылалы?

-- Карасаң?

Дарбазанын жылчыгынан көз жүгүртсөм, Сабит буту баспаган, шал баласын көтөрүп чыгып, диванга жаткызып жатыптыр.

-- Артка кеттик?! - дедим Азимге.

Экөөбүз катарлаш басып, жолго түштүк. 

-- Эмне жанчыбай калдык? - деди ал.

-- Ал бизге чейин эле жанчылып калыптыр...

*** 

Сени дайыма шайтан тооруйт, анын торуна түшүп калганыңда гана балекетти туясың. Бирок, кеч болуп калат. “Аттиң!” дейсиң. Өкүнүч... Жашоонун өзү кумар оюну сыңарындай. Утасың, утуласың. Азырынча итжыгылыш абалыңды сезип турсаң керек. Ушундайда учкай ойлонуп, артка кылчайып көрчү? Кетирген каталарың мээңе “чакылдап” тийе баштагандыр... 

***

Жайкала басыгы менен жанымдан өтүп кетти. Жүрөк опкоолжуй түштү. Жылуу жүз. Бир ыптам чымырап барып токтоду. “Ким эле? Мага жакын адам беле?” деген кызык суроолорго аралаш тынчсыздануу аза боюмду аралап баратты. “Жагымдуу, аябай жакшынакай... Кандай кылсам?” деп шарт бурулуп, ага жетип барчудай булкуна берип, бирок кадамым тушалды. Артынан карап туруп, шыңга бою эми толмоч тартып, башын бийик көтөрүп баскан турпаты жадыма жан киргизгенсиди. Ооба, өзү тура. Куюндай эле ызгып астынан чыккым келди. Бирок эрким жетпеди, баягы мококтук. Көз ирмемчелик ордумда катып калыптырмын. Эрксизден жылмайып, алдыга кадам таштадым. Колдорум кыбырай баштады. Чылым чегиш керек. Беймазалык... 

Андан бери көп эле жылдар өтүп кетиптир. Санап келатып чаташтым. “Кимге айтып бермек элем?” дедим күбүрөнүп. Ала качма ойлордун ара чолосунда тамеки күйгүздүм. Карасаң, кыйбагансып, кайра ээрчий артка кылчайдым. Ал “Сулуулук салонго” кирип баратты. Үшкүрүк көкүрөгүмдү сыгып кетти. Жолумду уладым.

Ушул “Орто-Сай” базарынын айланасында эл көбөйдү. Шаабайың сууйт. Каршы-терши эле кетип аткан адамдар. “Көп жыл мурун...” дедим өзүмчө. Агезде океан жээгиндеги өлкөгө барып, кара таандай каптаган эки буттууларга таңгалган жайымды эстедим. Кайдадыр шашкандарга, чоң көйгөйдүн казанында кайнагандарга ынтаа коюп, жайнаган элдин арасында мен да түпсүз ойлордун санаасына батканымчы? Азыр Бишкекте да ошондой эле калк көбөйдү. Автоунаалардын тыгындары канчалаган айдоочулардын жанын кашайтты экен? Тротуарлардан кенен жүрө албайсың. Жөөлөшүп, буйтап, корунуп басканың аз келгенсип, самокат, велосипед тепкендер жаныңан “зуу” эте өтүп кетсе, уруп кетпегенине каниет кыласың. Кагышып жаракат алгандарчы? Кең айланаң тарып бараткан замана. Баары эле борборго агылышат. А жандүйнөңдө орун калбай бараткандай...

-- Ой, Акбар, сенби? Арыба! - деди билектен кармаган жапалдаш бойлуу неме. 

-- Кандай? - дедим күтүүсүздөн. 

Экөөбүз кучакташа көрүштүк. 

-- Өзгөрбөпсүң э? - деди жылмайып. -- Баягы эле бойдонсуң...

-- Сен тирүүсүңбү? Жүрчү, мындай туралычы...

-- Эмне дейсиң? - деп ыңгайсыз тарта денесин жыйырды.

-- Аварияга кабылып, эсиңе келбей кете бергениңди уккам. Жаның чыкпай калыптыр да...

-- Эй, эмне деп атасың?! Ким айтты? - деп кызыраңдай кетти.

-- Тирүү калганыңа баракелде, Кудайга шүгүр! - дегенчелик кылып, эки жакты карадым. -- Амандык жеңет да.

-- Эсиң жайындабы? - көздөрү тостоюп баратат.

-- Кел, мындай туралы, - дедим.

-- Акбар, башкача сүйлөп атасың. Эмне болуп калгансың?

-- Алдагы чекеңдеги тырыкты көрсөм эле күлкүм келе берчү. Азыр ал окуяны эстеп кетип, жүрөк “шуу” дей түштү. Анда да аман калгансың э? - деп жылмайдым.

-- Аны коё турчу? Эмнеге мени “өлдү” дейсиң? - ал чындап эле кызарып-татарып алыптыр.

-- Кулак укса айтам да.

-- Капа кылып атасың, досум, токтотчу?! Эй, сенчи...

-- Сураныч, байланышалы, өтө шашылышмын, - деп телефон номеримди бердим. -- Кабарлашабыз! 

Кайра эле ийиндешкен, тар жолдо жөөлөшкөн адамдар. “Курсташ эле” дедим шашкалактап. Баягы Азим да, дурус жигит. Менден өткөн ажыкыс жайы бар. Көчөдөн “формачандар” менен мушташканда чекеге жеп, анан кан атып кеткенде экөөбүз чоң жолдо катарлаш жарыша качып, жеткизбей безгенибизчи? Аны айтсаң да жактырмак эмес. Аңгыча “Акба-ар!” деп кыйкырды. Укмаксанга салып, жортуп кете бердим. Ошентип, жолум уланды, узай бердим. Телефонум шыңгырады:

-- Келип калдыңбы, Акбар дос? - деди каргылданган үн.

-- Карл Маркс көчөсү менен ылдый түшүп баратам. Жөө жалаңдап.

-- Качан жетесиң?

-- Беш минутада.

-- Анда мындай, Койбагаров көчөсүнө келгенде оңго буруласың. Бери баса бергениңде кызыл көйнөкчөн бала күтүп турат. Макулбу?

-- Түшүндүм. 

Айткандай эле бир жигит көрүндү. Кара тоголок, тампайган. Аны менен учурашып, дарбазадан ары башбактым. Түз эле үйгө кирдик. Сыртынан жасалгасы анча байкалбаганы менен короонун ичи таза, кооз, ичкеридеги бөлмөлөрү да шөкөттөлүп, өзгөчө дизайнда жасалгаланыптыр. Чыгыш колоритинде кынапталып, көчмөндөрдүн рухий-мурасында чагылдырганы жакты. Төркү бөлмөгө өтүп, отургандарга жалпы учураштым. Беш киши узун столдун башында карта ойноп камырашпайт. Бирөө диванда уктап жатат. Терезелер ачык, ошентсе да чылымдын жыты каңылжарды өрдөп, түтүнгө чулганасың. Столдун үстүндө кыя кесилген эт, салат, суусундуктар... Бешөө бакылдашып, кумардын кызуусуна кирип алышкан. Мен четке отура кеттим. 

-- Бул менин ини досум Акбар, - деди Сапар байке.

Андан ары карта жаңыртылып тарагыча баары менен таанышууга да жетиштим. 

-- Ой, кошуласыңбы? Кирбейсиңби? - деди көзү бүтүйгөн, мурду кызарган киши.

-- Жо-ок, мен ойнобойм. Байкемде жумушум бар эле.

-- Жакшы. Чыдамкай гана киши карап отурат... - ал көңүлсүз бурк этти.

Кээде күтүүсүз ыңгайсыздыкка кабылып калганда, түкшүмөлдөнүп, ансайын кыжалаттык жей баштаганда жаныңды коёрго жер таппай буюгуп, заманаң куурула баштайт эмеспи. Ички карама-каршылыкты жеңмейинче тынчый албай, өзүңдү жемелеп, чыдамың чыркырап бараткандачы, деги кантип түтөсүң? Менин абалымды Сапар байке байкадыбы, же жөнсалды зериккендей туюлдумбу, айтор, обдула берди. Колундагы картасы окшошпой калды көрүнөт, ортого таштады.

-- Экөөбүз сүйлөшүп алалы, жүрү? - деп ордунан тура жөнөдү. -- Мага таратпай тургула...

Сыртка чыгып, ал-жай сурашууга өттүк. 

-- Жай эле чакырдыңызбы? - дедим шымаланып.

-- Бул конвертти даярдап койгом, ичинде кат да бар, - деп сунду. 

Чарчаңкы, үлдүрөгөн көздөрүн ирмегилеп алды. 

-- Калың го? - деп чөнтөккө салдым.

-- Шашпай карайсың да. Дагы жакшы пландар бар. Мен быякты бүтүрөйүн, анан дагы сүйлөшөбүз. Кыз таптыңбы?..

Баш чайкадым.

-- Кыймылдай бер...

-- Жарайт! 

-- Анда сени кармабайм, жөнө, эртең чалам. Алыска барасың...

Ошентип, экөөбүз кучакташтык. Сапар байке көкүрөгүнө бекем кысты. Саамга дем жетпегендей энтигип алдым. Коштоштук. Көчөгө чыксам, жолдун аркы өйүзүндө такси турган экен. Кол булгасам, бери бурула берди. Унаанын артынан орун алып, жана эле көргөн Берметти эстеп, кайрадан кайыккан ойлорго жуурулуша баштадым. “Салонго кирсемби? Кетип калдыбы, балким жолугамбы? Анан эмне дейм?” деген суроолор биринен сала экинчиси чубала берди. “Түз эле барайын, көрөйүнчү...” деген толгонуу тынчымды бузду. Жетип калыптырмын.

-- Жигит, алдагы жерден токтоп койчу? Канча болду? 

-- Жүз элүү сом.

-- Алып кой, рахмат!

Шопур бала жылмайып, колун көтөрүп койду. Эмнегедир алактап-шалактап, шаштым кетүүдө. Таксиден ыргып түшүп, түз эле “Сулуулук салону” деген жазууну көздөй кадам таштадым. Жука чыптамамдын ички чөнтөгүндөгү конверт улам курсакка урулуп баратканычы. Ага деле анчейин көңүл бурбай, аттап-чаттай каалгадан ары өттүм. Көкүрөгүм ысыгансып, баягы эски кыжалаттык аза боюмду чымыратып, асыресе, ынтызарлык... Ичкериге башбагып, босогодо отурган кызга үн каттым.

-- Саламатсызбы! 

-- Саламатчылык.

-- Карындашым, Бермет кете элекпи? - деп сыр бербей эки жакты карадым.

-- Азыр эле чыгып кетпедиби.

-- Аа, кеттиби? Ал күтүп турмак да. Анда телефон номерин берип коёсузбу?

-- Сиз ким болосуз? 

-- Таанышы. Ушул жерден эки саат мурда сүйлөшкөнбүз. Менде өчүп калып атпайбы...

-- Мен бере албайм. Эженин өзүнө чалып сурашым керек, - деп телефонуна карады.

-- Макул, чалчы? 

Кыз буйдала түштү.

-- Бермет эже, сиздин номерди сурап атат... Атыңыз ким? - деп мага карады.

-- Акбар.

Алиги “чийме каш” мени кайталады, Берметтин уккан кулагы ишенбей калды окшойт, саамга үндөбөй калды, жымжырттык...

-- Эже, угулуп атабы? Акбар байке... А макул, - деп кыз телефонун өчүрдү.

“Энеңди урайын, бербей койдубу?” дедим ичимен күбүрөнүп. Башым чыңалып, заматта кыжырданууга алдырып бараттым.

-- Айттыбы?

-- Ооба, байке. Жазып алыңыз.

“Өх” дедим акырын, телефонумду алып чыгып, анын номерин ушундай ырахаттануу менен терип аттым. Жүрөк жарылчудай кубанычка көкүрөгүм толо түштү. 

-- Рахмат, карындашым! Жарадыңыз...

-- Жакшы барыңыз! - деди кыз ууртунан бүлк эте. 

Көчөгө чыгып эле чалдым. 

-- Саламатсыңбы, Бермет?! Бул Акбар. Азыр эле номериңди алдым...

-- Саламат, жакшы. Сен кайдан?.. - деп таңгалган үнү кулакка жаңырды.

-- Ушул жактан эле, сени көрүп калып, байланышка чыктым. Алыс кете элек болсоң жолукпайлыбы? Салондун астында турам.

-- Мен Leon дүкөнүнө киргем. 

-- Азыр анда. Барам.

Алыс узай элек экен. Шуулдай жөнөдүм. Каршы-терши агылган адамдардын ичинен мен гана шайдоот, өзүмдү көңүлдүү сезгенимчи? Алып-учуп жетип бардым. Бермет дүкөндөн чыгып келатыптыр. Көздөрү жайнайт. Жүз жылдан бери күтүшүп, сагынышкандай эргүү тартуулады. Байыркы махабаттын кылдарына чертилип алгансыдым. Жылуу учураштык.

-- Канча жыл? - деп бетинен сүйдүм. 

-- Кайда жүрөсүң? Ой, кандайсың? - деди наздуу жылмайып. -- А мени кантип таап алдың? 

-- Биринчи көргөндө ким бирөөгө окшоштуруп атып, анан сени эстедим...

-- Койчу? Чын элеби? - деди таңыркай карап.

-- Тамаша. Эске тутуум начарлай баштаган го, - деп жылмайдым.

Анын бакыракай көздөрүнөн өзүмдүн сөлөкөтүм чагылды, каректерге батып кеткенсип, абдырап, каккан казыкка байланган сыңарындай канчага чейин магдырайт элем? Айтор... 

-- Сен жакшы элесиңби? - деди ынтызарлана. 

-- Жок, эмнеге? - дедим алактай. -- Ойдогудай...

Экөөбүздүн ортобузда жылуулук байырлап, баягы ойноок кездегидей ич дүйнөң туйлап, анан калса, жантурпатың жаныңда турса. Көз көрбөгөн кереметтин төрүндөй да... Бир чети толкундануу менен сөз уладым:

-- Кичине эс алып отуралы, бул жакка? - деп кол жаңсай кадам салууга ашыгып калдым.

Катарлаш бастык. 

-- Мен кечинде конокко барат элем, - деди ал.

-- Көпчүлүк, опур-топур, беймаани конокко бармай мага жакпай калган... - дедим оозума сала бергенсип.

-- Мен деле ошондой...

-- Анда көрөлүчү, балким бүгүн бири-бирибизге конок болобуз. Бошосоң э?

Бермет бажырая жылмайды. Күлгөндө ушунчалык чырайына чыгып, нурданып кеткени үчүн арбалчу элем да. Чогуу басып баратып, коштогон жаздын салкын илеби ансайын көңүлдү оболотуп салганычы... 

-- Кайда баратабыз? - деди.

-- Чай ичели. Экөөбүздүн жолукканыбыз үчүн кичине майрамдап койсок деле жарашат.

-- Сен студент кезде эле майрамдаганды жакшы көрчүсүң э? 

-- Ооба. Бирок убакыт өткөн сайын өзгөрүп, адамдарды тандап каласың...

-- Туура. 

-- Мына, келип да калдык. 

Берметке ыктай карасам, бир калыптагы көрктүү басыгына салып, делебеге козголоң тартуулаган сыйкырын карачы! Жүзүнө жылмаюу жагып, улам сүйлөсөм эле күлкү уялап, көөдөндү жибиткендей тартылышууга байланып баратам...

Ошентип, ресторанга кирдик. Айлана кооз. Орун алып, маңдай-тескей отура кеттик. Ушул арада анын толкуп-ташып турган келбетин сөз менен сүрөттөөдөн чочулап, тез ойлоно албай “токтоп” калгандаймын. Мындай маңдайы жарык, ажайып чырайлуу айымдын астында ким болбосун алсыздыгын сездирип койбос беле? Балким, Жаңыл Мырзага жаман сөз айткан Түлкү баатыр деле текеберлик кыла алмак эмес... Ооба, ичимде ала качма уйгу-туйгулук. Кайнап кирдим, тынчсыздануу күч. Өнөктөшүмдүн барк-баасын ачуу үчүн Мидин акындын образына түшүү керектигин ойлоп, мээме бир нерсе “тык” этти. “Бул ырыстуу суусундукка чумкуп чыгып турбасаң, анда жашоонун кызыгы кайсы?” деп “Карышкыр” байкем айтмакчы, жаңы энергия тапкандай сүйүндүм. Анын сыңарындай, ачылыш керек эмеспи. Астыңда аздектүү аялзаты миң кубула отурса... Шайтан жетелеп алгандай...

Аңгыча официант да келип калды. Столдун үстү жайначудай буюртма бердим. Бермет меню деле караган жок.

-- Билесиңби, экөөбүз таанышканда чо-оң кишидей көрүнгөнсүң, - деди күтүүсүздөн. -- Ошол күн эсимден кетпейт...

-- Анда айылдан жаңы келсең, мен 5-курс болсом, элестет... Экөөбүз бат эле тил табышып, жакын болуп кеткенбиз э?

-- Ооба. 

-- Кыйын кыз элең, - дедим тамылжыган жаркын жүзүнө карап.

-- Бир жолу жатаканаңа барып, сени менен калып калганымды билесиңби? 

-- Бирок коркуткан эмесмин...

-- Ооба, сага аябай ишенчүмүн да.

Аңгыча официант келип калды. Биз айткандарды чекесинен жайгаштырды. 

-- Жолукканыбыз үчүн, бүгүн баары башкача! Сенин маанайыңдай күн да жаркырап турат. Жакшылык каалайм, алып жиберели! - деп шашкандай бокалды көтөрдүм.

Бермет наздуу карады. Тартып ийдим. Ичим сызылып, ысык из салгандай туюлду. Анан муздак кола шыңгыды.

-- Тилектештик! Аласыңбы? - дедим.

Ал ууртап-татып, калганын акырын столго койду. 

-- Мен көп иче албайм да... - кичине ачуурканып алды.

-- Эч нерсе эмес. Азыр чакырса керек...

-- Эмне дейсиң? - ал суроолуу карады.

-- Жусакени айтам, экөөбүз кошуна жашап калдык. Анан кээде жолугуп, “жүздөшүп” калабыз. Биринчи стаканды мелт-калт куйдурат да, тартып ийет. Кичине бакылдашкан соң кудуңдайт. “Чакырып атат” деп. А мен да сага окшоп башында түшүнбөй калыптырмын. Көрсө, ичке култ эткен “кычкыл суу” экинчисин чакырат тура...

-- Кызык элесиң, - деди Бермет күлкүсүн тыя албай. -- Укмуш нерсе айтат экен десе... Ал ким?

-- Жусаке да, күйүттө жүргөн кези эле. Көп сөз... 

-- Кызыксың. Өзүң билесиңби? Тез өзгөрө бересиң...

-- Кел, ичеличи? - деп вискиден бастыра куйдум. 

Дандуу, энергиялуу адам иштегенди да, ичкенди дагы билерин тажрыйбам аркылуу туям. Солкулдаган бойго жеткен кызбы, жемишин төгө албай жаткан айымбы, сыягы, сыбызгы черткен чоорчу жыланды бийлеткен сыңарындай, тилин тапсаң тирүүлөй ийип бергеничи? Биз улам тост көтөрүп, эски күндөрдү эстөө менен маектешип, дилибизден камыр-жумур аралашып, бирок бир тоскоолдук ортодо жик салгандай...

-- Азыр эмне кылсак? - деп кескин суроо узаттым.

-- Шашкан жоксуңбу? - деди чочулай.

-- Убакыт кенен. Эми клубга барсак окшошпой калат, башка жакка мөңкүйлү...

-- Ушундай лексиконуң жакпайт да. “Мөңкүйлү” дебечи! 

-- Ал жакшы сөз...

-- Мен азыр э? - деп Бермет тура берди. Сыягы бошонгону...

-- Сен керемет элесиң... - дедим чатыраган жамбашына сугум артылып.

Ичкенде өзүңдү баатыр сезип, сөгүнгүң келип, түпкүрдөгү кыргызбайчылык козголуп, шерденип, кадыресе көпкөлөң тартып калат эмессиңби! Канат байланып. Бирөөлөргө телефон чалып, жинине тийгиң келет да. Бул тирүүлүктүн түшүнүксүз расмиси. Алагүү тарта ыксыз ойлорго чулганып отургуча, алда немедей Берметтин карааны көрүндү. Баягы “эс” калат экен да. Мойну койкоюп, көкүрөгүн кере басып, соорусун чайкаган жүрүшү сакталыптыр. Келип отурду. Тике карай жылмайганы апкаарытып, шым кийген эркекти тайсалдатканычы...

-- Бүгүн жолукканыбыз табышмак! - дедим сыр бербей.

-- Куюп койдуңбу? Көп го? - деп тарткынчыктады. 

-- Алып отуралы. Азыр мен айткан жакка барабыз...

-- Кел эми... Мени үйгө эле жеткизип койчу? - деди күтүүсүздөн.

-- Жеткизем да. А күйөөң кайда? 

-- Каза болуп калбадыбы, беш жыл өттү.

-- Кап! Артын берсин... Кырсыктадыбы?

-- Ооруп эле...

-- Жаман болуптур. Анда соопко калыш керек го?

Эмнегедир анын маанайы бузула түштү. 

-- Ачуудан алалы, бул басат! - деп тартып ийдим.

Берметтин жүрөгүн козгоп койдумбу, айтор, буга чейин ууртап-татып отурса, азыр бокалды аягына чейин көтөрүп койду. Мен да ойго чөмүлдүм...

Ооба, алагүү тартып, Берметтин үйүнө тез эле бардык. Кудай жалгап, эч ким жок. Ээрчише басып, уктоочу бөлмөгө кирдик. Белинен имере кучактап, алкымынан жыттадым. Мастыкка алдырып бараткандаймын...

Чала ачылган пардадан күндүн нуру тийип атыптыр. Ыргып турдум. Башка бөлмө. Башым оорлошуп, калкылдайт. Кечээги эргүүлөрдү бир муздактык жууп кеткенсиди. Дароо телефонумду сыйпалап таап, жандырдым. Толтура чалуулар, СМСтер. Колдорум калтырайт. “Сапар байкени машина уруп кетип, каза тапты” деген жазууларды окуп атып, жүрөгүм дүкүлдөп чыкты. Шалдайып отуруп калдым. Дагы бир СМС: “Акбар, кандай? Мен кечирдим. Кайдасың?” деген аялымдын жазганы демимди жайлатып, кайгы менен кубанычтын ортосунда өзүмдү коёрго жер таппай кайсалактаганымча, андан кийинкисин окудум: “Бүгүн эртең менен учуп келдим. Кечинде үйгө барам. Балдар менен сүйлөштүм...” деп жазыптыр. Кыйбасым. Көңүл толкуп, көөдөнүм байлыкка толо түшкөнсүдү. Аялым жакында эле чет өлкөгө кеткен да. Убакыттын учканын карасаң? Ушундай да түшүнүксүз жашоо болобу?

Ордуман туруп, кайсалактап футболкамды кийип, чыптамамды үстүмө илдим. “Булт” эте ички чөнтөктөгү кечээги конверт урунду. Аркы столдун жөлөнгүчүндөгү ичи аңтарыла илинген шымыма жетип, шапа-шупа кийиндим. Бермет уктап жатат. Созулуп. Делебени козгогон баштагы сулуулуктун кунары кетип калгандай көрүндү. Ойготкум келген жок. Бети-колумду жууп, шашылыш эле сыртка жөнөдүм. “Өлгөндүн өзүнүн шору” дедим күңгүрөнүп. Кандай ырайымсыздык э? Үйгө эртелеп жетүүгө кам урдум. 

Такси чакырсам, машинанын салону кир, ар кандай калдыктар чачылган абалда келгени жийиркеничтүү көрүндү. Отурууга дит барбай, көчөнүн аркы өйүзүнө токтоп аткан автобуска чуркап жөнөдүм. Жетиштим, ырас. Ичкериге кирсем тыгылыш. Ыңгайлуу жерге жылып алдым, кызыгы, бир кыз соорусу менен артыман ныгыра туруп, такап, акырындыкта кыстай баштады. Балкыйсың да, тыгылыш арасында. Таза балакет болбодубу?! Кылчая карасам, орто бойлуу, дене мүчөсү келишкен назик жан. Жашоодогу дал келүүнү кара! Мындай учурга мен түшүмдө кабылганымды эстедим. Эми тагдырдын тамашасы сыңарындай кайталанып жатканы жөн жерден эмеспи? Саамга азгырыктуу күлүк ой ала качып барып, кайрадан өзүмдүн түмөн түйшүктүү жашоомо байланып, алаксыганымчы... Кыз уялыңкы жылмайып, акырын капталга жылды... А мен эрте эле автобустан түшүп, жөө басууну ойлодум. Туура эле кылдым окшойт. Аңгыча чөнтөгүм титиреп, үн салып кирди...

-- Ал-лоо...

-- Акбар, салам! Жакшыбы?

-- Шүгүр. Алеки...

-- Кечээ эмне кетип калдың? 

-- Шашылыш элем да. Сени кайра тапмакмын...

-- Жолугалы, өткөн-кеткенди эстегиче, - деди Азим ынтызарлана.

-- Бүгүн эмес.

-- Жарайт! Бирок чукул арада. 

-- Сөзсүз. Кечээ Берметке кезигип...

-- Кайсы? 

-- Илгеркичи? 

-- Аа, анын эри бар да. 

-- Өлүптүр го...

-- Койчу? “Жаман катындын күйөөсү эрте өлөт” деп бекер айтылбаса керек... - деп Азим кытмырланды.

-- Кандайча? 

-- Ошондойчо эле. Көңүлүң деле калган эле. Берметтин айынан экөөбүз эмне болгонбуз, билесиңби? - деп капилет сокку урду.

-- Ал эми... Бирок сеники да чын, - дедим итиркейим келгендей.

-- Эй, аның деле кыркка чыгып калгандыр? 

-- Ооба.

-- Акбар, анда бошогондо чалып койчу? Сүйлөшөбүз, маанилүү иш бар. 

-- Байланышам, көрүшкөнчө!

***

Мезгил закымдайт. Башка түшкөн оор запкынын машакатында күрөштүм. Балким, бул үй-бүлөнүн кичинекей эле сыноосу, ошого чыдабасаң жылуу уяң талкаланып, чачып алсаң кандай кыямат экенин эстегенде, жаныңды коёрго жер таппай бушаймандыкка буюгуп, ызгаар бороонго калганың ошол да. Ооба, акыркы кездери аялым менен араздашып, ал чет өлкөгө кетип, андан ары кабарыбыз мезгилдин шарына жараша сууп, ажырашканыбыз же бирге экенибиз белгисиз, туңгуюкта күндөрдү кечирдик. Жармач жашооң баардыгына көндүрөт тура. Ошентип, балдарыма алаксып, боорума кысып, үй-бүлөнүн жарым-жартылай үлгүсүн жаратууга, сактап калууга далбас урганымчы? Кантип ажырамак элем? Эгерде өлүм эле өксүктүк кылып, чагылгандай урбаса. Адатта жырткыч да, же корооңдогу мал дагы тукум улап, күнүгө мээримин төгүп, үйрүлүп түшүп, тирүүлүктөгү өз аракетине байланып, аздектеп, жарыкчылыктагы арзыбаган өмүрүн даңктаганычы? Жашоонун маңызы тереңде катылганын чечмелебесек деле түшүнүктүү. Жаныбарлардан айырмабыз асман-жердей болсо да, кээде адамдар ырайымсыз, жырткычтар жасабаган жамандыктын себепчисине айланганыбыз өкүттө калтырат. Жарык дүйнөнүн абасынан жаңы гана дем алып, көзү ачыла электе таштандыга ыргытылган ымыркайлардын убалын ойлогондо заманаңдын куурулганычы? Ушул эле шаарда качалаган наристелер жетим калышып, алардын чүкөдөй жүрөктөрүндө сагынуу, эбегейсиз муңга батуу, асыресе, айтылбаган канча армандар катылды экен? Улутунуп, күчүңдү үшкүрүктөн чыгарасың. Мына ушуларды ойлоп, өзүмчө топук кылып, аялымдын менден кеткени убактылуу сыноо катары таразаланып, жазмыштын жазылган адашуусу болсо, азыр эми толук кандуу очогубуз бир жерден күйүп, үмүт-кыялга ширелген отубуз балбылдайбы? Арийне ара жолдо калгандай ээнсиреп, кыйла толгонуп, акыры жеңишке жетүүнүн мөрөйүнөн өткөн баалуулукту кантип барктабай коёсуң? Балдардын келечеги маанилүү, алардын күлкүсүнөн өткөн бакыттын шамы жагылбаса керек. Ал эми ата-эненин келишпегени бул жалгандагы арзыбаган эле бир каакым сыяктуу. Ырас, ынтымактуу үй-бүлөнү бекемдей алуу азыркы замандын зор жетишкендиги, мындан өткөн байлык жок эмеспи. Ооба, кээде ушундай чулу ойлор деңизге агып кеткен кайык сымал баш бербей туңгуюкка кете бергенсийт...

Үйгө келип, дарбазадан киргенимде Актөш тосуп алды. Басып жыгылчудай секирип, шыйпаңдап, айланы гана кетирет да. Бир күндө эле сагынып калганычы. Бул да болсо Жараткандын тартуусу. Балдар али окуудан келе элек экен. Үйгө кирип, конверттин ичиндеги катка көз жүгүрттүм: “Кол келип турганда сага арнадым. А болбосо кайра уттуруп салам. Ушул акчаны керегиңе жарат, сен үйлөнсөң кошумча кылганым!” деп жазыптыр. Башкача ойлонгон жарыктык киши эле. Сапар байкеден мындай белекти күткөн эмесмин. Көөдөн жибип, көзгө жаш кылгырды... 

Түндөгү ичкилик дене бойду ныл бастырып, шайымды оодарууда. Душка чайынып, кичине сергип алдым. Сыртка чыктым, кайра эле кыжалаттык. “Сөөктү айылына алып кетиптир” деген СМС келди. “Барып келейин, көңүл айтышым керек” деп камындым. Түш ооду. Кудай жалгап, кошуна баланы машина айдатып, жолго чыктым. Ара чолодо уктап, өзүмө келе албай баратам...

Күндүн батышы менен үйүнө жеттим. Өкүрүп түшүп, өзөктү өрттөгөн ажыроонун азабын сезип, ага-инилик достугубуздун маанисин кеч түшүнүп, ошол боз үйдүн түбүнөн жоктоонун оордугу туюлду. Ичкеридеги короого өтсөм, узун стол жайылып, анда Сапар байкенин теңтуштары отурушканын баамдадым. Жайдары мүнөздө арак ичишип, улам тост айтылып, бакылдашып жатышат. Сыягы көңүл айтуу го...

-- Биз да пайгамбар жашына келип калдык, мына минтип, Сапарга окшоп чекебизден кете баштадык. Досубуз жаткан жеринен жай тапсын! Келгиле, аманчылык үчүн алып жиберели... - деп шуңшуйган узун киши арык колдору менен стаканды өйдө көтөрдү.

Мурундарын шуу тартышып, отургандар жапырт ичип жатышканы кызык көрүндү. Жалаң “чемпиондор” жыйылып алышкан окшойт. Үйдүн аркы күн батыш тараптагы капталында үч казанга эт салынып, жаңы эле от жагылып атыптыр. Ары жакта дагы эки бодо мал союлуп жатканын көзүм чалды. Короонун ичинде да, сыртында дагы топтошкон эл көп. Күжүлдөшүп, анда-санда каткырып коюшкандары өөн учурады. Улуу жана орто муун көңүл айтышууну шылтоо кылышып, ичкиликтен моокум кандырышууда. Анда-санда эчки сакал койгон жаш балдар кызмат кылышып, ары-бери чуркап жүрүшөт. Четке чыга берип чылым түтөтүп, Сапар байкенин улуу баласын чакырдым.

-- Аман, кайрат кыл! Айла жок... Ме, бул атаңдын акчасы, кечээ алгам, бүгүн өзүнө буюрсун! - дедим. 

-- Байке... - деп кетенчиктей берди.

-- Ал, бул сенин акчаң... - деп конвертти колуна карматтым. 

-- Рахмат, байке!

-- Мен кете берейин, байланышабыз! Шашылыш элем...

-- Макул, жакшы барыңыз. 

Үстүмөн оор жүк алынгандай жеңилдеп, боз үйдөн алыстай бердим. “Атаңды көрү дүйнө бок!” деген ушу тура. Башыңа жамандык келип, өлүп кете берсең, үй-бүлөң, эң жакын адамдарың эле күйбөсө, а дээрлик тууган-уруктарыңа, жоро-жолдошторуңа майрамдын күнү тууганы ушу беле? Кызык, Сапар байкенин достору, туугандары деле саналуу эле. Ал эми бул жердеги күтүрөгөн көпчүлүк кайдан сүрүлүп келди ыя? Мага эки жолу өлгөндөй сезилди. Жипкиресиң. Таңгалдым. Эстесем, Сапар байке айылга деле каттачу эмес, айда-жылда эле барбаса...

Жолдо ката ойлонуп, көптөн бери балдарым менен футбол ойнобогонума, чечилип сүйлөшпөгөнүмө кыжалаттанып, көңүл чөгүп, ич дүйнөнүн кыйсыпырына кабылдым. Өзүмдү жемеледим, жек көрүп.

Аңгыча Берметтен СМС келди. “Сени эч качан унутпайм” дептир. “Мен унутам” деп урдуруп койдум. “Сагындым” дейт кайра. Смайлик жөнөттү. Азилдешким келбеди. Окшошчудай эмес. А түндө кайсы кара теке сүздү экен? Эмнегедир эстегим келбеди. Алгач Берметке азгырылганым, ансыз аалам караңгыдай сезилгеничи? Сымаптай эле төгүлүп... Таңыркадым. Бир күндүн ичинде эмне болгон карама-каршылыктардын капшабына кабылдым? Андай “деңизге” чөгүп кете электе жээгинен шарт бурула бергенимди карачы! “Кой, тизгинди тартайын, жамандык жалгабасын!” деген ойлор агылды. 

Үйгө жакындаганы толкунданууга алдырып, эң кенже уулума телефон чалдым. 

-- Кандай балам? Эмне кылып атасың?

-- Апам келип, бизге тамак жасап берди. Паркка барып келдик. Анан сизди кечке эле сурап атат. Сүйлөшөсүзбү? - деди жетине албай. 

-- Мен үйгө жакындап калдым.

-- Биз күтүп атабыз. 

-- Макул, аз калды. 

Ооба, бул учурду канча эңседик? Өзгөчө балдарым энесин сураган сайын жандүйнөм тарып кетчү. Куушурулуп. Эми андай эмес. Элжиредим. “Биз эртең тоого барабыз” дедим өзүмчө шыбыранып. Эч ким деле уккан жок. Машина зуулдап баратты... 


Асланбек Сартбаев  
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер