Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Баланын жалооруган көз карашы, аялдын жүдөгөн элеси эсимден кетпей койду

Баланын жалооруган көз карашы, аялдын жүдөгөн элеси эсимден кетпей койду

18-сентябрь, 18:00
502 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бүгүн үйдү көздөй келе жатып, күбө болгон элесимди сиздер менен бөлүшүүнү чечтим. 

Маршруткада келе жаткам, бири чыкса, экинчиси түшүп, токтоп, кайра жүрүп келе жатканбыз. Унаанын ичинде коюлган жагымдуу музыканын коштоосунда терезени карап, ойго тунуп кетипмин. Бир убакта бала жетелеп чыгып калган аял жанымдагы бош орундукка отура кетти. Бир аз жүргөндөн кийин эле баягы аял ордунан туруп, ордуна баласын отургузуп, өзү туруп алды. Эмнеге мындай кылганын түшүнбөй калдым. Ошол мезгилде жерде жаткан 100 сом акчага көзүм урунду.

Аял турду да, барып ошол акчаны буту менен басып туруп калды. Адамбыз да, кызык. “Эми эмне кылат болду экен?” деп улам карап коём, ал жылбай эле турат. Маршруткада адам аз эле, акчаны алганга батына албай жатты көрүнөт.

Жанымда отурган 5-6 жашар баласы апасынын этегинен тарткылап, “курсагым ачты” деди. Аял болсо “азыр түшөбүз” деп кабагын чытып койду. Ошондо маани берип карасам, баланын көйнөгү эскилиги жеткен, өзүнө чоң келген өтө эле жупуну экен. А эженин жүзүнөн жашоонун кыйынчылыктарын көрүп турдум. Аябай ичим ачышып, өзүмдү жаман сездим. “Эмне кылсам? Аз болсо да жанымдагы акчамды берсемби? Кандай ойлойт? Эмне дейт? Элдин көзүнчө уят го, эч болбосо жол киресин төлөп койсомбу...” деген түрдүү ойлор менен алышып жатканымда, баягы аял айдоочуга кайрылып, “токтотуп коюңузчу” деди да, баласын жетелеп, түшкөнгө камданды. Баягы 100 сомду ала алган жок, уялды окшойт.

Түшүп баратканда, чыдабай ордуман турдум да, “эже, акчаңыз түшүп калды” деп 100 сомду колуна кармата койдум. Биз андан ары кеттик. Үйгө келгенден бери баланын жалооруган көз карашы, аялдын жүдөгөн элеси эсимден кетпейт койду...


Эрнис  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер