Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нуржигит Кадырбеков баатыр болобу же “мышыкка” айланабы?

Нуржигит Кадырбеков баатыр болобу же “мышыкка” айланабы?

26-август, 09:22
628 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чоң саясатта жүргөн адам баардык жагынан сак болушу кажет. Аз күн мурун “Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбековго карата төбө чачты тик тургузган маалымат тарады. Эл ичинде талкуу жаралды. Бул чуу далайга чубалчудай...

Алмазбек Атамбаев бийлигинин тушунда Нуржигит Кадырбеков “Ыйман” фондусун жетектеген эле. Ал убакта чет өлкөлөрдөн фондго ири суммада каражаттар түшүп турган, натыйжада, 350 миллион сомдон ашык акчанын дайыны билинбей, отчёту жок экени кабарланды. УКМКнын кайрылуусунун негизинде финансы министрлиги тыянак чыгарыптыр. Агездеги башкы бухгалтер кармалып, учурда кылмыш иши тергелип атканы белгилүү болду. Ошентип, чыракка май тамды. Нуржигит мырза тийешелүү органдарга 350 миллион сомдон ашык акчанын кайда кеткенин тизмектеп, ырастап бериши керек. А болбосо абал чатак. Эл да күтүүдө. 

Соңку жылдары Кадырбековдун кадыры артып, саясый рейтинги көтөрүлүп, өзгөчө диний багытка сугарылган катмарды өзүнө тартып келаткан. Дааваттарды айтканына жараша. Президенттик шайлоого атсалышары боюнча “Азия Ньюс” гезити анализ жасап, акыры “мандатынан ажырап калууну” да кыйыткан. Башка изилдөөчү булактар тарабынан алсак, Нуржигит Кадырбеков популярдуулугу жагынан алдыңкы он саясатчынын катарында эле. Ошондо эми бийлик менен күрөшүп баатырга айланабы, же “мышыккабы”? Көрө жаталы. Дарамети сынала турган кез келди. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер