Замирбек Мамасадыков, ЖК депутаты: “Ысырапчылыкты жок кылсак, жашообуз жакшырат”

-- Замирбек Дүйшалиевич, сиздер демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунда маркумдун жетилигин, 40 күндүгүн өткөрүүгө, тойлорго 250дөн ашык киши чакырып, бир бододон көбүрөөк мал союуга, кыз узатууга 100 адамдан, той кортежине 3 унаадан ашык катышуусуна тыюу салынып, бул эрежени бузгандарга 100 миңден 300 миң сомго чейин айып пул салынат экен. Кандай дейсиз, мындай чаралар биздин каныбызга сиңип калган салттарды жоё алабы?
-- Биз “үйлөнүү үлпөтү же дагы башка тойлор болбосун” деген жерибиз жок. Бул салт. Ал жагына эч ким тийишкен жок. Бул жерде кеп – акыркы кездерде салтка, үрп-адатка кошулуп кеткен ойдо жок жаңы нерселер жөнүндө болуп жатат. Мен коомдук талкууну көрүп атпаймынбы, эл да “ушундай чаралар керек эле” деп колдоп турат. Биз туура эмес адаттарды киргизип алып, жөн эле чирене бербешибиз керек да. Салтты эч ким бузган да, өзгөрткөн да жок. Каада-салт калат. Мыйзамдар өзгөрүлө берет, каада-салт болсо өзгөрбөйт. Анын автору – бул жашоо. Биз жакын арада чыга калган ар кандай адаттарды, ысырапкорчулукту жок кылсак, жашообуз жакшырат, өзүбүз жеңилдей түшөбүз.
-- Ошондо деле эл арасында “мыйзам канчалык иштейт?..” деген күдүктөнүү бар.
-- Мыйзамды кимдер бузат билесиңерби? Карапайым эл мыйзамды сыйлайт. Мыйзамды байлар, аткаминерлер бузат дагы, тартип болбой калат. Ошон үчүн биз өзүбүз үлгү болушубуз керек. Ажыга, умрага баргандагы чыгымдарды көрүп атпайбызбы. Ажыга барган киши 4-5 миң доллар сарптайт. Келгенден кийин бир жарым миң долларга жылкы алып, миң долларга дасторкон жаят. Умрага эки миң долларга барасың. Келгенде дагы чыгым. Ушунун кереги барбы-жокпу? Ажыга баргандар зыяратын гана кылып, “үйгө барган соң элди кантип тосом?” деп кыжалат болбошу керек. Ушунун баардыгын биз ойлоп тапкан жокпуз, жашоодо жаралган, элди кыйнаган көйгөйдү гана көтөрүп чыктык.
"Азия Ньюс" гезити