» Саясат » Атамбаев күздө заман өзгөрөрүн, жеңишке жетишерин айтыптыр
Атамбаев күздө заман өзгөрөрүн, жеңишке жетишерин айтыптыр
16-март, 19:15
8 501 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Камактан чыгып эле Дубайга учуп кеткен Алмазбек Атамбаев дарыланып жаткан чагы. Ден соолугу акырындан калыбына келип, маанайы көтөрүлүп, саясаттын казанын калчай баштаган кербези. Жакындарына баары жакшы боло турганын, күздө заман өзгөрүп, жеңишке жетишерин каңкуулаптыр. Ошондо Атамбаев кайрадан бийликке келеби, же Сапар Исаковду сүрөп чыгабы? Балким Өмүрбек Бабановду колдойбу? Азырынча “мураскери” таккесе айтыла элек. Чоң саясатта тынч жүрбөгөн, өмүр бою күрөшүп, бирде ийгиликке жетип, кээде жыдып калган экс-президент бул саам деле шүк отурбаса керек. Ал бекер жерден коңгуроо какпайт. Жакында Кыргызстанга кайтып келсе, интрига, чуулгандар тутанып, эринбейт окшойбуз.