Мейкинбек Абдалиев, ЖК депутаты: “Эркекти бычууга Конституция карама-каршы келет”
-- Мейкинбек Акимович, кесиптешиңиз Улан Бакасов тарабынан демилгеленип жаткан педофилдерди хирургиялык кастрациялоо боюнча мыйзам долбооруна көз карашыңыз кандай?
-- Бул мыйзамды кесиптешибиз эмне үчүн алып чыкты? Себеби, заман ошону талап кылып атат. Көптөгөн биздин жарандар чет өлкөгө барып иштеп келиш үчүн бала-чакаларын жакындарына, туугандарына таштап кетип атышат. Көбүнчө дал ошондой балдарга карата зордук-зомбулук болууда. Андыктан мыйзам керек, бирок кастрация деген бул – “эркекти бычуу” деген сөз да. Аны кайсы медик мойнуна алат? Ошон үчүн мен кечээ кастрациянын ордуна эң жогорку чараны, мисалы, 20 жыл мөөнөт берүүнү сунуштадым. Кастрация Конституцияга карама-каршы келет. Анан биз өзүбүз депутат болуп туруп, өзүбүз мыйзам бузсак, туура эмес болуп калат. Же Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек, же башка чараларын табуу зарыл.
-- “Башка чараларын табышыбыз керек” деп атпайсызбы, мисалы, кандай чараларды?
-- Жазаны күчөтүү керек. Мисалы, беш жыл болсо он, он жыл болсо жыйырма жылга көбөйтүү шарт. Эми ар бир учурдун өз өзгөчөлүгү бар да. Кандай жагдайда ошол кылмышка барса, ошого жараша сот өз өкүмүн чыгарат. Бирок, сөзсүз жазаны күчөтүү абзел. Себеби, азыр келтирилип жаткан статистика – бул айсбергдин башы гана. А чынында мындай зордук-зомбулукка кабылган өспүрүмдөр абдан көп. Көбү айта албайт.
-- Кээ бир кесиптештериңиз “өлүм жазасын киргизүү керек” дешет...
-- Өлүм жазасы биздин Конституцияга туура келбейт да. Башмыйзамга туура келбеген нерсени биз кантип кабыл алабыз? Дүйнө жүзү эмне дейт?
-- Биз үлгү туткан өлкөлөрдүн көбүндө бар го өлүм жазасы?
-- Өлүм жазасы балким кээ бир мыйзам бузууларга керектир. Мен мындай айтмакмын, мисалы, бюджетке кол салгандарга, кыргыз элинин ырыскысын жегендерге бериш керек. Азыр көрүп атасыздар, кайсы бир мамлекеттерде “чиновниктер акча сураган болсо, аткыла” деп уруксат берди. Биз эми анчалык деңгээлде эмес, бирок экономикабызды көтөрүп, мамлекетибизди оңдоп, сырткы карызыбыздан кутулушубуз керек. Анүчүн коррупцияны токтотуу зарыл, бир гана маселе ушул. Коррупция жок болсо мамлекетибизде өнүгүп, өсүү болот. Ошон үчүн коррупционерлерге карата катуу жазаны колдонолу. Бирок, ошондо дагы Кыргызстандын эли Конституцияны өзгөртүп берсе гана. Кастрация боюнча мыйзам долбоору комитеттен өттү, депутаттардын көпчүлүгү колдоп беришти. Эми Кудай буюрса, палатада карайбыз. Ошол кезде дагы көптөгөн суроолор чыгат. Токсон депутат, коомчулук өзүнүн пикирин айтат. Көпчүлүк деген көпчүлүк. Токсон депутаттын суроолоруна жооп берип отуруп, жаңы бир ойлор пайда болушу мүмкүн.