Жеңиш Жоробеков менен Жеңиш Абитов – келечектеги генералдар!


Соңку күндөрү ИИМдеги кадрдык өзгөрүүлөр кубандырат. Бул жагын коомчулук да алкай баштады. Маселен, министр Улан Ниязбеков чечкиндүү кадамы менен Жеңиш Жоробековду Ош ОИИБ начальнигине дайындап, Жеңиш Абитовду Жалал-Абад ОИИБге жылдырганы жакшы саамалык. Туура жүрүштү колдобосоң Кудай да кечирбейт!
Натыйжада, жогорудагы эки кадрды ашкере мактоодон алыспыз. Тек гана реалдуулукка азыноолак токтололу.
Жеңиш Жоробеков профессионал, бул жагын элдин баары билет. Кайра башынан түшүп алкабайбыз. Тек гана бир сыйкырдуу санды мисал келтирели. Биз башынан күбө болгондой, Жоробеков Тогуз-Торо РИИБде да, Жалал-Абад ОИИБде жана ИИМдин 10-башкармалыгында да 4 жылдан иштептир. Демек, бул сан сыйкырдуу. Ал эми ортодон жумушсуз калып, куугунтук жеп жүргөн күндөрү да бар. “Шералынын чокоюндай” ал жагын унутпашы керек. Ортодон Каракол ШИИБ начальниги болгонго да үлгүрдү. Бул эми жакынкы он жылдан ашык убакыттагы баскан жолу.
Жеңиш Абитовдун жайына келсек, өтө дасыккан, туруктуу кадр. Бул дагы Кыргызстандын дээрлик көпчүлүк аймактарында иштеди. Соңку эки жылда Ош ОИИБни жетектеп, баягы “Сицилияга салыштырган” кылмыштуулуктун тамырын кыркып, карапайым калкка коопсуздукту камсыздай алды. Жеңиш Абитовдун бир өзгөчөлүгү – кайсы гана мекемени жетектебесин, чарбалык иштерди кыраатына келтирип, РИИБ же ОИИБ болсун, капиталдык ремонттон өткөрүп, заманбап шарт түзгөнгө басым жасайт. Жоктон бар кылып, карамдуулук жагынан камчы салдырбайт...
Кеп тизгинине келели. Бул эки үлкөндү мактай берсек сөз аябай көбөйөт. Андыктан, каармандарыбыз эң оболу ишенимди актап, элге татыктуу кызмат кылышсын. Ак жана так болушсун! Кудай буюрса, мамлекет үчүн тер төгө кызмат кылышса, генералдык чин-даражалар берилип калышы ажеп эмес. Негизи Жеңиш Жоробеков менен Жеңиш Абитовдун жогорку наамдарды алууга убактылары деле келип калды. Мамлекетибиз үчүн дагы иштей беришсин. Министр Улан Ниязбеков бул жагынан адилеттүү карап, мезгили келгенде ыроолосо керек. “Эрдик кылсаң сүрө кыл” дейт эмеспи.
"Азия Ньюс" гезити











