Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дааватчы-министр Нуржигит Кадырбеков качанкыга чейин элди алдай берет?

Дааватчы-министр Нуржигит Кадырбеков качанкыга чейин элди алдай берет?

25-октябрь, 20:04
2 261 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун интернеттеги өмүр баянында “АКШда Канзас университетин аяктаган, Япониядан магистратурада окуган” деп жүрөт. Ал “Ош университетин бүтүргөм” дегенден уялат окшобойбу?.. Өмүр баянында болсо “акын, жазуучу, дипломат, колумнист, сегиз чет тил билет” деген маалыматтар жайнайт. Мунун чын-жалганын ким билсин? 

Ачыгын айтсам, Нуржигит Кадырбековдун ырлары да, кара сөзү да “чыгарма жазам” деп аракет кылып жүргөн үйрөнчүк талапкердин деңгээлинде. Анан да бир-эки китеп чыгарып алып эле “жазуучумун”, “акынмын” деп мактана берсе болобу? Ар нерсенин башын чөп башылаган Нуржигит Кадырбеков ислам темасында маек куруп, жаштарга акыл айтып, дааватчылык кылганы аз келгенсип, бир күнү карасам теледе тердеп-кургап балдарга каратэ үйрөтүмүш этип, машыктыруучу болуп алыптыр. Аны менен эле токтобой, бул эргул лексиколог болуп кеткенсип, “кайнененин камырынан” деген сөздү чечмелемиш болуп, теледен сүйлөп жатканына таңкаласың. Анткени, ал ошол сөздүн маңызын өзү деле жакшы түшүнбөйт. Ошон үчүн тажатып, кызыксыз сүйлөйт, кыскасы, “маңыз” деп койсок болот. Эми ушунун баарын ал жандили менен берилип жасаган жок, бул ага пиар үчүн гана керек. Болбосо, эч кандай пайдасы жок болсо, ал анын бирин жасамак эмес. “Эл көрсүн” деп баарын эфирге чыгарып жатканы да ошондон. Ишмердүүлүктүн баардык жагынан “чала молдо дин бузат” болуп жүргөн дилетант  Нуржигит Кадырбековдун “өнөрлөрүн” өкмөт башчы Садыр Жапаров өзү баалап көрөт го? Министрликтен айдап жиберсе туура болмок!


 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер