Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Панфилов кыргыз сулуусуна эмне үчүн күлдү? Же Алыкулдун философиясы...

Генерал Панфилов кыргыз сулуусуна эмне үчүн күлдү? Же Алыкулдун философиясы...

10-декабрь, 17:03
1 320 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(5-макала)

Чыгаан сынчы, адабиятчы маркум Кадыркул Даутов өзүнүн “Алыкул Осмонов жана кыргыз поэмалары” аттуу изилдөөсүндө акындын олуттуу мазмунга эгедер, адамдын жашоо-тиричилигинин түпкү мотивдерине, мыйзам ченемдерине тинтүүр салган “Мүнөз ойну” аттуу поэмасын талдап келип, автордун жалпы эле адамзат турмушуна карата өзүнүн концепциясын айтууга чейин көтөрүлгөндүгүн белгилеп, Алыкулдун интеллектуалдык-философиялык бийик деңгээлин мүнөздөп жазган. Чынында эле Алыкул Осмонов акын-лирик гана эмес, акын-философ дагы. Алыкул Осмоновдун бийик философиялык толгонуулардын акыны экендигин учурунда Байдылда Сарногоев да моюнга албады беле? Эмесе, “Ким болду экен?” поэмасынын мисалында Алыкул Осмоновдун интеллектуалдык-философиялык деңгээлинин бийиктиги жана тереңдиги тууралуу дагы бир жолу сөз кылып өтөлү. 

Көчмөн кыргыздын социалдык мүнөзүндө, моюнга алыш керек, бир тарыхый өксүк жашайт. Ал өксүк куралданбаган көзгө оңой менен көрүнбөйт. Бүгүнкү XXI кылымдагы илим-билимдүү деген улутташтарыбыздын өкүлдөрүнүн көбү аңдабаган, байкабаган ошол социалдык-тарыхый мүнөздөгү өксүктү, менталитетибиздеги кенемтени ХХ кылымдын 40-жылдарында эле туюнуп-түшүнгөн Алыкул Осмоновго таңгалбай койбойсуң. Жергиликтүү кыргыз калкынын кулундары үчүн аңдап түшүнүүгө кыйын болгон, атүгүл оюна, капарына да келбеген, бирок тыштан келген европалык билимдүү адамдын көзүнө шак этип уруна турган тоолук пенденин менталдык өзгөчөлүгүн жана тарыхый мүнөздөгү чектелгендигин Алыкулдун көрүп тааныганы, аны көркөм чагылтуунун объектисине айландырганы, атүгүл ага астыртан жылмайып караганы – акыныбыздын аң-сезиминин кыска мөөнөттө аналитикалык-философиялык деңгээлге өсүп чыккандыгын далилдейт. Алыкулда генийликтин потенциалы болгон, бирок ал даремет акындын 35 жылдык кыска өмүрүндө толук ачылбай кете берди.

Алыкул аңдап түшүнгөн жана “Ким болду экен?” поэмасында көркөм чагылдырган улуттук менталитеттин ошол өзгөчөлүгү, абал-жагдайы кайсы? Бул маселени ачыгыраак түшүнүү үчүн “Ким болду экен?” поэмасын кеп кылуудан мурда сөздү алыстан баштап келүүгө туура келет.

Философия, социология илгерки жоокердик коомдордо, атүгүл орто кылымдык феодализмде да (ал эми биз ошол феодализмди да жарытылуу басып өтпөгөнүбүздү эске сала отуралы) жалпы алганда жеке адам кол тийгис, кайталангыс, суверендүү субъект катары ардакталып, коомдун борборуна коюлбагандыгын моюнга алат. Илим илгерки коомдордо мамлекет, эл, коллектив жашаган, инсан алардын далдаасында калат дейт. Кыргыз баласынын кечээки өткөн өмүр-тарыхына байкоо жүргүзүү да биздин көчмөндүк коом бул жалпы универсалдык мыйзам ченемдүүлүктөн четте калбагандыгын күбөлөйт. Карап турсаң, биздин патриархалдык, жарым феодалдык көчмөн жамаатта да «жеке автономия» оңой менен көрүнө койбойт, өзүнүн жеке, багынычсыз ички турмушуна атаан кылган инсан да, жеке МЕНди, инсандык «автономияны» моюнга алууга умтулган коллектив да көзгө даана чалдыга бербейт. Ырас, өз чөйрөсүнөн өйдө көтөрүлүп чыккан, тубаса акылман, чыгаан инсандар дайыма болуп келген, бирок бул масса үчүн мүнөздүү көрүнүш болгон эмес. Байкасак, биздин эпосторубузда да адамдын ички кайталангыс турмушуна, ички жан тирлигине караганда, анын тышкы мүнөздөмөсүнө көбүрөөк көңүл бурулат. Патриархалдык, жарым феодалдык жамаат жеке эрк (индивидуальная воля) жана жекече тандоо (личный выбор), өз тагдырын өзү билүүгө укуктуулук деген нерселерди көп учурда этибарга албайт. Мисалы, кишинин тагдырын күн мурун чечип койгон «бел куда» жол-жобосун алалы. Илимдин төмөндөгү сөзү ушул биздин кечээки патриархалдык коомубузга дал келип тургансыйт: «Өткөн тарыхка канчалык арылап сүңгүгөн сайын индивид ошончолук көбүрөөк даражада өз алдынча эмес, алда канча кеңири, чоң бүтүндүккө таандык болуп чыгат» (Карл Маркс). Мисалдардан келтирип көрөлү, «Саринжи Бөкөй» эпосунун башкы каармандарынын бири Бермет кичинесинен кудалап койгон, би­рок өмүрүндө көрбөгөн алыстагы болочок күйөөсү Саринжи менен баш кошо электе кайнатасы Жамгырчынын өлүп калганына кайгырып минтип арманын айтат:

«Айланайын кайнатам 

Жалгызыңдын курдашын

Алып берип өлсөңчү.

Куда болуп барсаңчы,

Кулунуңду алсаңчы.

Өлбөй кал, кайната, кантейин,

Келиниң алып келсеңчи,

Керегеден шыкаалап,

Атакем жүзүн көрсөмчү».

Бермет сулууда шектенүү, күдүктөнүү, эки анжы болуп чайналуу деген нерселер көрүнбөйт. Түшүнүксүз, бушайман суроолор менен жанын кыйнабайт. Мен деги өзүм киммин? Саринжи ким? Кандай адам? Мен өз тагдырыма өзүм ээминби? Өмүрүмдө көрбөгөн алыстагы чоочун жигитке кантип турмушка чыгам? Эмне үчүн менин сыртыман тон бычышып, кара башыма тышыман бийлик кылышкан? Өз керт башымдын маселесин өзүм чечишим керек го (?) деген сыяктуу суроолор анын тынчын албайт. Берметтин аң-сезими бүт бойдон мурдатан келаткан расмий-жөрөлгөлөрдүн, көнүмүш салттын, күн мурун орнотулуп коюлган тартиптин, алдын ала чыгарылган чечимдин бийлигинде. Кудалашуу илгертен келаткан салт, кудалаган жерге баруу, ата-эненин эркин аткаруу – кыз баланын милдети. Мына ушул эреже-шарттын талабына түздөнүү, дал келүү, ылайык болуу Бермет үчүн чоң адеп, табигый иш.

«Курманбек» эпосунда хан Бакбурхан «Үргөнчтүн суусун кечип чыгып, мени ким сайып жыкса, ошого кызымды берем» деп жалпы элге шерт берет. Ал баатыр өзүн сайып жыккан күндө да, кандай адам, жекече кишилик сапаттары кандай, кызы буга көнөбү, кызы бөлөк-бөтөн немени жактырабы, каалайбы? Кыздын тагдырына сыртынан бийлик кылуу адилеттүүлүкпү? Мындай суроолор жогорудагы Бермет сулуунун тынчын албаган сыяктуу, Бакбурхан аксакалдын да оюна келбейт.

Эми эмне демекчибиз? Биздин илгерки коомубузда массалык пенде өзүн-өзү ичтен жөнгө салган өз алдынча суверендүү инсан катары али түзүлө элек, өзүнүн индивидуалдуулугун, кайталангыстыгын, өзүнчөлүгүн, жекелигин анча туя элек. Азырынча анын жүрүм-туруму негизинен көчмөн-патриархалдык институттун тышкы императивдери жана стандарттары аркылуу жөнгө салынып жатат.

Сурап көрөлүчү: эмне үчүн бүгүнкү күндө да биздин ак калпакчан жигиттер кыз менен сүйлөшпөй, макулдашпай туруп же өмүрүндө биринчи көргөн чоочун бийкечти көрө калып эле дароо улакча «бөктөрүп» ала качып кетишет? Биз ушунун себебин чындап издейбизби? Эмне үчүн цивилизациялашкан адамды селт чочутуп, төбө чачын тик тургузган бул жосунга – бирөөнүн личностуна жана суверендүүлүгүнө суроо-сопкутсуз кол салууга биз кыргыздар анча таңгалбайбыз? Билсеңиз, бул көрүнүш жеке МЕН, жеке эрк, жекече тандоо, инсан укугу дегенди анча тааныбаган илгерки коомдун адатынын биздин психологиябыздагы али жана элек күүсү болуп жүрбөсүн? Бекеринен европалык инсан төмөндөгүдөй деп ыр саптарын жазып жаткан жок да:

Мен эч качан кыз уурдап ала качпайм, 

Артынан бийкечтердин «аң уулабайм».

Мага ыйык кыздын эрки, ыктыяры,

Эч кимге мен өзүмдү таңуулабайм. 

Кыргызды канча урматтап сүйсөм дагы, 

Кыз уурдаган адатын моюндабайм.

Аргасыздык абалда көнсө мага,

Макулдугун бийкечтин кабылдабайм. 

Зордукка негизденип, кечирип кой,

Үй-бүлөнүн чырагын жандыра албайм…

Кыз ала качуу мыйзам сыйлоо, укук сыйлоо маданияты канына сиңген европалык инсандын акыл-эсине да, психологиясына да сыйбайт. Эски коомдун кишинин жеке МЕНин аңдоос албаган көнүмүшүнүн жаңы социалисттик коомго өтүп келип өмүрүн жайбаракат улантып отурду. Эмесе, Алыкул Осмоновдун «Ким болду экен?» поэмасына келели. 

Адабият программасынан орун алып, мектепте жана жогорку окуу жайларында өтүлгөндүктөн, бул поэманын сюжети жана каармандары ар кимибизге жакшы тааныш. Ошол бизге жакшы тааныш башкы каармандардын бири Сонун (Күлбөс кыз) батышта кан күйүп турган учурда Советтик Армияга атайылап белек жөнөткөнү эсиңиздедир. Жиберилген белек-бечкектин арасында атайын саймаланган татынакай жибек жоолук да бар эле. Ошол жоолукта Сонундун мындай деген сөздөрү бар эмеспи:

Суранам менин ушул сыйлыгымды 

Баатырдын чын азамат баатыры алсын,

Эгерде жүрөгүнө ылайык келсе,

Болочок өмүр оту бирге жансын...

Сонун кыз бул саймаланып, кат түшүрүлгөн жоолукту «белгисиз көп эрлердин бирине арнайт».

Фронтко белекке келген жоолуктагы мына ушул жазууну окуп алып, атактуу генерал Панфилов көзүнөн жаш чыкканча жыргап күлөт. Андан кийин да жоолук эсине түшкөн сайын күлүп жүрөт. Бизди ойлондурган, толгондурган нерсе – генерал Панфиловдун ушул сырдуу күлкүсү. Окурмандын көңүлүн да ушул күлкүгө бургубуз келет.

Генерал Сонундун жоолугун кыздын өтүнүчү боюнча баатыр жоокер Баркалбаска тапшырат. Бирок баатыр Баркалбас генералчылап күлбөй, тескерисинче, жоолуктагы катка өтө олуттуу мамиле жасайт. Баркалбасты каттагы тааныбаган баатырга «болочок өмүр оту бирге жансын» деген бейтааныш кыздын ою, убадасы таңгалдырбай, иштин экинчи даражадагы жагы – ошол сулуунун өзүнүн алыста калган айылынан экендиги көбүрөөк таңгалдырат. Атүгүл катта берилген убада боюнча эки анжы болуп чайналбай, олку-солку болбой туруп, фронттон түз эле тааныба­ган Сонунду издеп келип, үйлөнүүнү чечип отурбайбы. 

Ошентип, акыры суроо туулат: бу эмне үчүн Ата мекен деп канын төккөн эр жүрөк жана олуттуу адам Бар­калбас күлбөгөн, ызааттаган катка, шектенбей мамиле эткен мүлккө генерал Панфи­лов көзүнөн жаш чыкканча күлөт? Күлгөндө да жыргап күлөт... Ооба, бир чети күлө турган жорук. Туура, мында генерал Кызыл Армияга келген белектен улам Сонундун чынында эле сонун кыз экенин, анын таза ниетин, ички аруу адеп-ахлагын жана советтик патриотизмин жаземдебей баамдап отурат. Ошон үчүн кыздын «баатырдын баатырына» деген аманатына этият мамиле этип, бийкечтин сөзүн эки кылбай, жоолукту баатыр Баркалбаска тартуулаганча шашты. Ошону менен бирге генерал Сонундун алыскы тоо арасындагы патриархалдык апакай кыздардын бири экендигин да туюп койду. Болбосо, өзүнүн жекече МЕНи, личносту бар адам өмүрүндө көрбөгөн бейтаныш баатырга “баш кошсок болот” деп алдын ала убада, сөз береби? Ал бейтаа­ныш баатыр болгон күндө да мүнөзү кандай? Анын баатырдыгынын ички мотиви кайсы? Ою, бою кандай? Эмнени сүйөт, эмнени жек көрөт? Ал баатыр өзү мени жактырышы, каалашы мүмкүнбү? Мындай суроолор Сонундун жанын кыйнап, бейпайга салбайт. Карап турсаң, Сонун бир чети илгерки Берметке, Бакбурханга окшошуп кетет. Ал жоолукка жазган катын өзүнүн анты катары санап, жоолукту алган баатырдын майдандан келишин күтүп жүрөт. (“Антым ак, убадам бир, күтөм...).

Байыркы доордун адамдарынын этикасы үчүн толук жөндүү болгон нерсе – дүңүнөн берилген убада, ант албетте, жаңы замандын тушунда жашап, агарып-көгөргөн кыз үчүн анча ылайык жосун эмес. Сонундун ички жан түзүлүшүнөн советтик коом тарбиялаган түшүнүктөр менен бирге эле байыркы заман­дын адамдарынын адеп-ахлагынын, ойлоо ыктарынын али жана элек күүсү айкын сезилип турат. Генерал Панфилов Сонундун ички рух түзүлүшүнүн, аң-сезиминин мына ушул патриархалдык жарымына, анын тааныбаган, “белгисиз көп эрлердин” биринин инсандык МЕНин, ивдивидуалдуулугун эсепке албай туруп, “болочок өмүр оту бирге жансын” деген патриархалдык түздүгүнө, болочоктогу күйөөгө жонунан мамиле жасаган баёо чечимине күлүп жатат. Жүрөктүн каалоо-өкүмүнө, көңүлдүн буйругуна, индивидуалдуу мамилеге, жекече тандоого негизделген эркин сүйүүнү кадырлаган орус чөйрөсүндө өскөн, башкача рухий-маданий шартта тарбияланган инсан – генералдын ой жүгүртүү ыгына жана психикалык түзүлүшүнө тоолук кыздын жогорудагы убада-чечими сыйбай жатпайбы. Элеттик чөйрөнүн, совет мамлекетинин тарбиясы ушундай: Сонун үчүн адамдын жекече индивидуалдуулугу эмес, баарынан мурда анын жалпы баатырдык стандартка ылай­ык келгендиги, социалисттик мекенге патриоттук берилгендиги маанилүү.

Кандай жыйынтыкка келебиз? Бул жерде басым коюп айта турган нерсе, Алыкул Осмоновдун автордук позициясы. Поэмадагы генерал Панфиловдун таптаза тоолук кыз Сонунга сонуркап жайдары каткырган кулкүсү – бул Алыкулдун өзүнүн да күлкүсү. Сонун менен Баркалбаска карата болгон автордук мамилесин Алыкул генерал Панфиловдун көркөм элеси аркылуу персонифакциялап көрсөткөн дегибиз бар. Поэманын аягында Сонун кыз өзүнүн жоолуктагы убада-шерти боюнча баатыр Баркалбаска турмушка чыгып (аны жүрөгүнөн сүйбөсө да), экөөнүн тою болуп, жашоо шаңдуу уланат. Алыкул Осмонов “Ким болду экен?” чыгармасында айылдык эки жаштын социалисттик мекенге берилген патриотизмин көрсөтүп өткөн. Ошону менен бирге эле акын Сонун кыздын патриоттук жүрүм-турумун сүймөнчүк менен сүрөттөө аркылуу тоолук сулуунун менталитетиндеги адамга карата жекече инсандык-индивидуалдык мамиленин (личностно-индивидуальный подход) дефицити жөнүндөгү идеяны да образдык логика менен туюндуруп койгон. Башкача айтканда, Алыкул өзүнүн поэтикалык кылдат калеми менен кыргыз турмушуна мүнөздүү бир социалдык-психологиялык портретти тартып таштаган. Муну менен А.Осмонов өзүнүн көчмөндүк-патриархалдык дүйнө кабылдоодон өйдө көкөлөп көтөрүлгөн интеллектуалдык бийиктигин айкындап койгон. Акын улуттук менталитеттин тарыхый себептер менен түшүндүрүлө турган өйдөдөгүдөй айрым өксүк жактарын, жекеликти таназар албоочулугун (Бермет, Бакбурхан, Сонун, Баркалбас) туюнууга, ага сын көз менен жылмайып кароого чейин көтөрүлгөн. Алыкул Осмонов “Ким болду экен?” поэмасынын подтексти аркылуу, дагы айталы, кыргыз менталитети үчүн индивидуалдуу МЕНдин, аналитикалык рефлексиянын, индивидуалдуу эркин тандоонун, инсандык өз алдынчалыктын, ички рухий суверендүүлүктүн зарылдыгын бизге астыртан кыйытып, ишаралап айтып турат. 

Сөз башында айтылган Алыкул Осмонов 40-жылдарда кыргыз адабиятына жеке инсандын баалуулугу концепциясын алып келген деген пикирибизди “Ким болду экен?” поэмасынын көркөм подтексти да ырастап турат. 

Албетте, акында жандүйнөнүн сезимталдыгы, сергектиги, эмоционалдуулугу зарыл. Бирок бул жетишсиз. Эмоция менен бирге интеллектуалдык көкөлөө болмоюн поэзияда тереңдик, ийгилик жаралбайт. Алыкулдун инсанында ушул эки башталма бири-бирине бап келип турат.

Акырында айтарыбыз, биз бул жерде “Ким болду экен?” поэмасынын мазмундук-идеялык жагына гана токтолдук. Ал эми поэманын көркөмдүк-поэтикалык жагы өзүнчө бир кооз дүйнө. Бул жөнүндө сөз кийинчерээк болмок.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер