Нурбек Садыгалиев: “Орто-Токойдогу суунун 75 пайызы Чүй облусуна, калганы Казакстанга берилет”
Мамбетов атындагы Орто-Токой суу сактагыч башкармасынын башкы инженери менен маек.
-- Орто-Токой суу сактагычында быйыл суунун топтолушу кандай болууда? Суу азайып кеткен жокпу?
-- Адистердин байкоолоруна таянсак, суу төрт жыл аз, төрт жыл көп келип турат. Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу жакшы агылууда. Жылдагыга караганда эрте толуп, 19-мартта сууну коё бердик. Азыркы тапта келген сууну кайрадан чыгарып, жазгы талаа иштерине чейин тийешелүү көлөмдү кармап турабыз.
-- Негизи суу сактагыч канча көлөмдү кармоого ылайыкталган жана андагы суу кайсы жактарга багытталат?
-- Биздики сезондук суу сактагыч болгондуктан 6 ай суу топтоп, 6 ай сууну коё беребиз. Долбоордук көлөмү 470 миллион метр/куб сууга ылайыкталган. Бирок, бизде 479 миллион кубга алып барганга мүмкүнчүлүктөр бар. Суунун 75 пайызы Чүй облусуна, ал эми калган 25 пайызы Казакстанга берилет.
-- Суу сактагычта жалпысынан канча кызматкер иштейт?
-- 64 кызматкер бар. Суу сактагычтагы негизги иштердин баарын ошолор аткарат. Биз жыл сайын байкоо жүргүзүп, анын негизинде келип чыккан кемчиликтерди калыбына келтиребиз. Казакстан дагы капиталдык ремонт иштерине жардам берип турат. Быйыл ошондой жардамдын негизинде чарбалык оңдоолор ишке ашты. Ошондой эле өзүбүздүн эсептен да жээктерди бекемдөө иштерин жүргүздүк.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити