Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ичкүйдүлүк, көралбастык адамдардын ортосундагы мамилени бузат

Ичкүйдүлүк, көралбастык адамдардын ортосундагы мамилени бузат

14-декабрь, 17:33
1 635 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Адам баласы канчалык ичтардык, көралбастык ичкүйдүлүк кылбайын десе деле болбой кээ бир адамдарда ошондой маанай келе берет” дейт психологдор. Көбүнесе айымдар (курбусу, кесиптеши, туугандары, аяштары, жолдошунун жумушундагы аялдары ж.б.) ортосунда ичкүйдүлүк, атаандашдык күч алып келет. Бул тууралуу “Барометр кж” жазып чыкты.

“Ичкүйдүлүк – башка адамдарда бар жакшы нерсени өзүнө алуу. Мисалы, жакын эле курбуңдун дене мүчөсү укмуштай сонун, анын машинасы, сонун үйү, ийгиликтүү иши жана сенде жок нерселердин баары бар. Ошол кезде ичи тар адамдардын ичкүйдүлүгү күч алат. Өздөрүндө жок нерсеге ачууланат. Эгер ошол кезде бай, бактылуу жашаган курбусунда көйгөй пайда болсо, ал адам ичинен тымызын кубанып, табалап турат.

Башкаларга көз каранды болбой, ийгиликтүү, бай, дени сак, сулуу болгонго аракет кыл. Башкаларга көз арткандан көрө, сага көз артышсын. Негизи ичтарлыкты жакшы түшүнсө, анын деле пайдалуу жагы бар экен. Кантип дебейсизби? Мисалы, сиздин курбуңуздун дене мүчөсү укмуштай сонун, а сиз анын жанында өтө семизсиз. Эмне кыласыз? Ага көз артып, ошондой келбеттүү болууга тырышасыз. Анүчүн арыктаганга аракет жасап, келбетиңизди сулуулаганга өтөсүз.

Мен андай эмесмин, менин түрүм суук же ушул сыяктуу келбетиңизге, дегеле жашооңуздагы өзүңүздүн кемчилигиңизге нааразы болбой, кандай болсоңуз өзүңүздү ошондой кабыл алыңыз, өзүңүздү сүйүңүз! Сиздеги кемчиликтер башкаларда деле бар экенин унутпаңыз. Өзүңүздү башкаларга эч качан салыштырбаңыз! Сиз өзүңүз уникалдуу адам экениңизди билиңиз.

Жашооңуздагы баардык нерсеге шүгүр кылып, ага ыраазы болуңуз. Качан гана сиз өзүңүздүн жашооңузга ыраазы болгондо, сиздеги көралбастык, ичтарлык түп-орду менен жок болот. 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер