“Эки дөөнүн эрөөлү...”
ИИМдин ГУУРу (начальниги Оролбек Акпаров) “шалга” айлангандан бери Камчыбек Көлбаевдин балдарына каршы УКМК күрөшүп калганы белгилүү. Жакында эле “Алтуха” баш болгон бир канча таасирдүүлөр камакка алынышкан. Бул жаатта байма-бай “аңчылыктар” жүрүп келет. Коомчулук Камчыбек Ташиевдин ар бир кадамына, реакциясына саресеп салууда. Эмне үчүн? Себеби, жакында эле Көлбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболканы №3 абактагылар кийип чыгышып, өз төбөлүнө куттуктоо урматын жасашты. Көпчүлүктүн көңүлү бурулуп, талкуу жаралды. Мунун өзү өлкөдө ким авторитет экенин көрсөтүү беле? Азырынча УКМК төрагасы реакция жасай элек.
Негизи тараптардын ортосунда көзгө көрүнбөгөн, кулакка угулбаган тирешүүлөр күчөп бараткандай. “Эки дөөнүн эрөөлүнө” кызыккандар арбын. Биз жакынкы гана айлардагы көрүнүштөрдү эске салдык. Ал эми мындан аркы кырдаал кырдыбычак таризинде уланабы?..
"Азия Ньюс" гезити