Гүлнара Бийбосунова: “Жолдошум Марат Баязовго тагылган айыптоолор жөн гана абсурд”


Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, жарандык активисттер жана блогерлер, жалпысынан 26 адам жапырт камалган. Биз алардын жакындарынан ар жума сайын пикир алып, гезит бетине чагылдырып келебиз. Бул саам жарандык активист Марат Баязовдун жубайы Гүлнара Бийбосунова айымды кепке тарттык.
-- Гүлнара айым, жолдошуңуз Марат Баязовдун камакта жатканына 100 күндөн ашты. Камакта отурушуна негиз барбы?
-- Мен буга кыскача эле жооп берейин. Маратка тагылган айыптар толугу менен негизсиз. Жолдошум мыйзамды сыйлаган адам, ага каршы же себеби жок иштерге баргандардан эмес. Бул айыптоолор ойлонуп табылганы көрүнүп турат, жөн гана абсурд.
-- Мараттын акыбалы тууралуу кабар алып, кат жазып, тамак киргизип атасызбы?
-- Ооба, жактоочубуз убактылуу кармоочу жайдан жолугуп, сүйлөшүп турат. Кабар алып турабыз. Күн алыс тамак-аш киргизебиз. Бул жагынан эч бир жолтоо жок. Акыркы жазган катында “ден соолугум жакшы, акыбалыма кабатыр болбогула. Курсак ток. Жөн эле сарсанаа боло бербегиле...” дептир.











