Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйнө дүрбөлөңү...

Дүйнө дүрбөлөңү...

12-ноябрь, 07:00
631 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Уландысы. Башы гезиттин өткөн санында)

Тарыхта жыргал турмуш эч качан түбөлүктүү болгон эмес. Египетте саясый түзүлүш кескин өзгөрөт. Кечээ эле элдин элитасы саналган “Израилдин тукумдары”, б.а., еврейлер кулга айланышат. Алардын бактысына Моисей (Муса) пайгамбар пайда болуп, ал иниси Аарон экөөлөп еврейлерди фараондун чеңгелинен сууруп чыгып кетишет. Бул Библия баш болгон баардык “ыйык китептерде” жазылып калган кооз легендалар! Моисейдин башчылыгы менен иудейлер Чыгышты көздөй жол тартышып, Синай жарым аралына келишет. Кумдуу чөлдө аларга Кудай көңүл буруп, Моисей аркылуу “10 осуятты” жана “Тораны” тартуу кылат экен! Анын сыйкырдуу күчү еврейлерди шыктандырат. Бирок, кулдук мүнөздөн арылтуу үчүн Моисей аларды Синай чөлүндө 40 жыл кыдыртканы белгилүү. Аягында кул мүнөздүк бир да иудейде калбаган учурда гана алар азыркы, Жакынкы Чыгышка сапар тартышат. Жергиликтүү этностор “Ханаан” деп атап алган берекелүү жерди ээлешмекчи. Ошол аймакта жашаган майда, алсыз урууларды басышат, зулумдук кылышып. Шаарларын талкалашып, тоношуп, жергиликтүү жашоочуларды кырышат. Жаңы жерди “Эрес Исраэль” деп аташат. Бир гана мурдатан бери жашап келишкен “филистимляндар” (версиялар боюнча, убагында Жер Ортолук деңизинин аралдарынан келишип, отурукташып калышкан азыркы “палестиналыктардын” аталары) баш ийбей, иудейлерге каршылык көрсөтүшүптүр. Айыгышкан кандуу согуштар орун ала бермекчи. Аягында еврейлер өздөрү туруктуу жашай турган аймакка ээлик кылышат. Иудейлердин баардык урууларына жер бөлүнөт. Бир гана “Леви” атыккан диний элиталык уруу аймактын каалаган жерлеринде жашого укук алышканы кызык. Алар элге Кудайдын сөзүн таркаткан миссионердик иштер менен гана алектенишкеничи? Баарынан таңгалычтуусу, еврейлер эч кандай падышасы жок эле бир нече кылымдар бою эркин жашап келишкен, бирок өздөрүнүн иудаизмдик динин бекем карманышкан. Ал кездеги ири шаар катары эсептелинген Йерусалим башка этносторго таандык эле. Бирок, еврейлердин алгачкы падышасы атыккан Давид (Даут) ал шаарды басып алып, өзүнүн падышачылыгынын борбору деп жарыялаган. Давидден кийинки падыша Соломон (Сулайман) болсо, апофеоз катары Йерусалимге алгачкы диний храмды курдуруптур. Ал инсан жөнүндөгү уламыш-легендалар бүгүн деле айтылып келет. Соломон өлгөндөн кийин иудейлердин өлкөсүндө узакка созулган жакырлануу кризиси орун алган. Себеп катары диний элита болушкан “левиттерге” каршы төңкөрүштөр эсептелет. Тарыхта өзгөчө феномен болуп калгандай эле, бирдиктүү еврей калкы экиге бөлүнүп кетишет: “Түндүк Израиль” жана “Иудея”! Иудеяга негизинен бай жерлер таандык болгон иудалар тукуму, беньяминдер жана динчил левиттер биригишкен. Ал эми “түндүктүктөр” болсо тез эле динсиз коомго (язычниктер) айлана башташат. Эки еврей өлкөлөрүнүн өз ара араздашуулары алардын коңшуларынын көңүлүн бурган. Ошол кездеги күчтү армиясы бар Сирия “түндүктүктөрдү” тез эле басып алышып, элин кулга айландырышканы белгилүү. Алтургай сириялыктар аларды өз элине ассимилляция кылууга жетишишкен. Тилин жана дүйнө таанымын өздөрүнө сиңирип алууга үстөмдүк жасашат. Андан соң кезек Иудеянын өзүнө келген. Бирок, тарых дагы иудейлерге бир катаал турмушту таңуулаган окшобойбу? Байыркы “Ассириянын” ордуна пайда болгон Вавилон падышалыгы эми Жакынкы Чыгыштын баардык аймактарына көз арткан. Натыйжада, падыша Новуходоносор II Иудеяны биротоло басып, элин 70 жылга кул кылып алган. Качан гана Персиянын негиздөөчүсү Улуу Кир Вавилонду талкалаганда, иудейлер азаттыкка коё берилиптир. Ханаан жерине кайтып келишкен иудейлер 2-Йерусалим храмын курушуп, мамлекеттүүлүктүн жолуна түшүшкөн. Бирок, баары бир шордуу еврейлерди ошол кездеги эң күчтүү империяга айлана баштаган Рим басып алат эмеспи. Еврейлердин падышасы Ирод I римдиктердин ыктыярына берилип кеткен деген версиялар бар! Иудейлер Рим империясынын азаптуу баскынчылыгына чыдашпай, эки жолу көтөрүлүшкө чыгышкан. Бирок, аларды римдиктер аёосуз түрдө жазалап, Йерусалим шаарын анын 2-храмы менен кошуп талкалап, күлүн көккө сапырып салышкан эле. Ал эми еврейлер өздөрү болсо, алгачкы ирет Рим империясынын чегинде, андан соң бүт Европага тентип жайылып кетишкен. Алардын мамлекеттүүлүгү түп-тамыры менен жоголгон. Иудейлердин көргөн күндөрү тозокко айланат. Аларды римдиктер адам ордуна көрүшпөй, кулдук денгээлде кармашкан. Бирок, ошол эле этнос Европада дагы 3 бөлүктөн турган диаспораларын түзүшкөн: ашкеназилер, сефарддар жана мизрахилер. Бул жерде бир феноменди баса белгилеп коёюн. Еврейлер дүйнөнү кай жерлеринде болбосун бириге калышып, өздөрүнүн иденттүүлүгүнүн негизин түзгөн эне тилин – идиш, улуттук динин – иудаизм жана, эң башкысы – еврей тарыхын көздүн карегиндей сактап калышкан. Алар өз учурунда бүт дүйнөгө жайылышып, Египеттен баштап, Колумбдук Америкага чейин таркап кетишкен да. Дагы бир өзгөчөлүгү, бул эл билим берүү системасын биринчи орунда кармап келишет. Алардын билими менен илимге болгон шыгы иудаисттик дин менен бекем жуурулушкан. Биздей, кыргыздардай кантип болуп калышсын! “Теңирчи” жана “арабкул” болуп эмдигиче кырылышып жүрөбүз. Ал эми билим берүү системасы менен илим болсо мамлекеттик денгээлде талкаланган! 

Ошентип, еврейлер бүгүнкү күндө дүйнө калкынын 0,2%ын араң түзгөнү менен алардын Нобель сыйлыгын алгандардын ичиндеги үлүшү ХХ кылымда 43%дан жогору чыкса, XXI кылымда 32% болуп отурат. Ал эми доллардык миллиардерлердин жарымынан көбү дал ушул еврейлер да!

XII-XIII кылымдарда еврейлерге католиктер тарабынан катуу кысымдар башталган. Көптөгөн иудейлер христиан, ж.б. диндерге жана секталарга өтүүгө аргасыз болушкан. Алтургай Англия менен Франциядан массалык түрдө кууп чыгуулар орун алат. Ошол кездеги чума оорусунун таралышына еврейлер күнөөлүү деп табылып, аларды кыргынга учуратышкан. Акыры алар Польша менен Литванын конфедерациясы катары бириккен Речь Посполитая империясына башкалкалашат. Бир топ убакыт бул жерде еврейлер тынч жашоо бактысына өтүшкөн. Бирок, баары бир Речь Посполитаны курчап турган үч “ажыдаар” бар эле. Алар – Пруссия, Австрия жана Россия. Речь Посполитаяны талкалангандан кийин еврейлер ошол эле 3 империяга чачырап, бөлүнүп кетишиптир. Бир эле Россиянын карамагында 5 миллиондон ашык еврейлер болушкан. Бул дүйнөдөгү баардык еврейлердин көпчүлүгүн түзөт. Орус падышалыгы деле аларды жыргатып ийген жок! Биринчиден, еврейлерди азыркы Украинанын аймактарында гана кармаган. Экинчиден, орус падышасы Александр IIIнүн тушунда орус бийлиги тарабынан еврейлерге эбегейсиз оор салыктар жүктөлгөнү ырас. Аларга дыйканчылык үчүн жер берилген эмес, кулдук деңгээлдеги кара жумуштар менен эле алектенип күн көрүшкөн. Натыйжада, иудейлердин көбү АКШга жер которуп кете башташкан. Алгачкы мезгилдерде алар порттук шаарларды байырлашып, андан соң АКШнын ички штаттарына тарап кетүүгө үлгүрүшөт. Бүгүнкү күндө АКШда 8 миллиондон ашуун еврейлер жашашат. АКШда титулдук улут деген түшүнүк жок. Ошондуктан еврейлер Европадан көргөн кордуктардан бул өлкөдө кутулуп отурушат. Алтургай өздөрүнүн канына сиңип калган билимге умтулуу аркылуу ал жерде укмуш ийгиликтерге жетише алышты. Европада калган еврейлердин көргөн күндөрү жакшы болгон жок, айрыкча 1-жана 2-дүйнөлүк согуштарда. Фашисттик Германия 6 миллионго жакын еврейлерди жок кылган. Бул трагедия тарыхта “Холокост” деген аталыш менен белгилүү. Ошол согуштун алдында 18 млн. еврей жашаган болсо, 12 млн. гана калган. 

Дагы бир кызык жагдай. Биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда Улуу Британия өзүнүн империялык артыкчылыгын көздөп, азыркы Палестинаны өзгөчө мандат менен башкарып алган. Анын мындай зордугу Осмон империясы кыйрагандан кийин күчөйт. Натыйжада, еврейлерге ошол Палестинанын аймагынан жер бөлүп берүү миссиясы ишке аша баштаган. Мындай тарыхый казус “Бальфурдун декларациясы” деп аталат. Артур Бальфур – Англиянын ошол кездеги тышкы иштер министри. Ал 1917-жылы эл аралык сионисттик уюмду колдоп, Палестинанын жеринде “еврейлердин алгачкы очогун” түзүү идеясын көтөрүп чыккан. Араң эле турган еврейлер бүт дүйнө жүзүнөн массалык түрдө Палестинага көчүп келе башташат эмеспи. Эки жылда 18 миң еврей иммигранттары келген. Ал жерде жашап турган арабдар жөн эле карап турушмак беле? Йерусалимде кандуу согуш тутанат. Көп адамдар өлгөн. Тынч жашаган аймак перманенттик согуштун очогуна айланган. Мына, Англиянын кыйраткыч саясаты жана “Бальфур декларациясынын” кесепети! Бул документ эмдигиче араб-израиль конфликтисинин себебине айланып отурат. 

Палестинага көчүп келген еврейлердин саны 2-дүйнөлүк согуштан кийин кескин түрдө күчөдү. АКШнын президенти Гарри Трумэндин жана дүйнөлүк сионисттик уюмдун Англияга жасаган басымы менен Европадан эле шордуу Палестинаны эллинисттик 18 миң үй-бүлө көчүп келген. Англия “палестиналык мандатынан” баш тартып “чекеге чыга берген”. Египет, Сирия, Ливан жана Ирак өлкөлөрүнүн “араңжан таарынычтарын” БУУ баш болгон “согуштун жеңичүүлөрүбүз” деп төш кагышкан АКШ, Англия, Франция жана СССРлер угуп дагы коюшпады. Натыйжада, 1947-жылы Палестинанын аймагында миңдеген жылдар мурда Моисей пайгамбар айткан Израиль мамлекети курулду. Мындай өкүмзордук, албетте, жергиликтүү арабдардын кыжырын кайнатты. Ошондуктан алар перманенттик протесттерге өтүшүп, 1948-1956-1967-жана 1973-жылдары кандуу согушту уюштурушту. Канчалаган жарандар эки тараптан тең жок болушту? Палестина жери кандуу чөлкөмгө айланды! Бүгүнкү күндө Израиль бир эле учурда өзүн куурчаган араб өлкөлөрү менен кандуу араздашууларды башынан кечирип келет. Акыркы жылдары шийиттик Иран дагы Израилдин элдешкис душманына айланып отурат! Бир кездердеги катаал мезгилдерде өлкөсүн бир нече жолу тарттырып жиберген этнос катары иудейлер бул жолу кандуу кармаштарга да кайыл болушуп, АКШнын жана Батыш өлкөлөрүнүн жардамы астында ар кандай жолдор менен өз саясатын жүргүзүүдө. Ал эми палестиналыктарчы?

Палестина. Жакынкы Чыгыштын еврейлер менен катар эле “негизги оюнчусу” болуп палестина эли эсептелет. Булардын аймагын байырлаган алгачкы адамдар – эректустар деп эсептелет. Алар Иордан дарыясынын жээгинде биздин замандан 790 миң жыл илгери жашашып, отту багындыра билген эл катары тарыхта белгилүү. Илимий фактыларга таянсак, бул жерде орто палеолит дооруна туура келген неандерталдар жашашканын далилдеген археологиялык артефактар бар. Алтургай баарыбыз түшүнө билген Homo Sapiens дооруна таандык болгон нубий технологиясынын таш куралдары табылган. Палестинанын тарыхы өзгөчө кызыктуу. Бул аймакты, миңдеген жылдар бою илимпоздор перманенттик түрдө изилдеп келишет. Мисалы, мезолит доорунан кабар берген натуфий маданиятынын уруулары көчүп келишкени далилденип отурат. Мындан 9 миң жыл мурда курулган Иерихон күнү бүгүнкүдөй сакталып калган. Андан кийин байыркы этностор бири-бирин калейдоскоп сыяктуу алмаштырып келишкен. Баарынын тарыхый далилдери бар. Байыркы Ханаан аймагында биздин заманга чейинки IV кылымда көчмөн семиттер үстөмдүк кылышкан. Бул мезгил 2 миң жылга созулуп, протоеврейлер уруулары келгенде талкаланат. Андан соң Палестина Байыркы Египетке таандык болгон. Кийин гиксостор басып алат. Тарыхый эң зор окуя болгон биздин заманга чейинки XVIII кылымда Ханаанды филистимляндар ээлешип, негизинен Газа секторун байырлашкан. Байыркы тарыхый булактарда Палестина ошол филистимляндардын мекени деген маалыматтар бар. Андан кийин еврей падышалары Давид менен Соломондун өкүмзарлык доорлору башталат. Андан соң, б.а., биздин заманга чейин 928-жылы байыркы еврей падышалыгы экиге – Түндүк (Израиль) жана Түштүк ( Иудея) аймактарга бөлүнүп кеткен. Ал эми биздин заманга чейинки 722-жылы аларды ассириялыктар багындырып алышкан. Алар еврейлерди кууп чыгышып, алардын ордуна Месопотамия менен Сириядан халдейлер менен арамейлерди отурукташтырышат. Кийин алардын тукумдары самаритяндар деп аталып калышкан. Биздин заманга чейинки 586-жылы Иудеяны Вавилон падышасы Новуходоносор II басып алып, элин тыптыйпыл кылып чачыратат. Акыры Персиянын падышасы еврейлерди азаттыкка чыгарат. Андан соң шордуу Палестина эллинисттик селевкиддер менен римдиктерге багынган! 

Палестинанын римдик жана византиялык мезгилдери дагы өтө драмалуу. Биздин заманга чейинки 66-жылы Римдин аскер башчысы Помпей армян падышасы Тигранды талкалагандан кийин Палестинаны, Жер-Ортолук деңиз бассейинине жармашкан баардык чыгыш аймактарына кошуп басып алган. Ошол кездеги еврей династиясы жана кийинки Улуу Ирод падышасы римдиктерге жагынуу саясатын күчөтүшөт. Анткени, алыс жайгашкан Рим империясынын таасири азыраак болорун ойлошкон. Кайдан? Атактуу Рим императору Адриандын тушунда Йерусалимге Юпитердин храмын курам деген римдиктердин планына каршы көтөрүлүшкөн иудейлер ырайымсыз түрдө кырылышкан. Миңден ашуун калктуу аймактар талкаланып, жарым миллион еврейлер өлтүрүлгөн деген фактылар бар. Калгандары өлкөдөн куулган жана Иудеяны Сирия Палестинасы деп атап салышкан. Еврейлердин көпчүлүгү Галилеяга жана Голан дөңсөлөрүнө жайгашып калышат. Бирок, еврейлер өжөрлүк менен дал ушул мезгилдерде, б.а., биздин заманга чейинки II-IV кылымдарында иудаизмдин маанилүү диний тексттери болгон Мишна менен Талмудду жаратышкан. Андан аркы баскынчылык тарых дагы уланып, 395-жылы Рим империясы экиге бөлүнгөн соң, Палестина Византия империясынын провинциясына айланган. Гректердин таасири күчтүү болгондуктан, православ чиркөөсү Йерусалимде пайда болот. Алтургай Палестинада монахтардын коомдору күч алган. Ошентип, Авраамдын балдарынын 3 дини аралашып эле жатып калган: иудаизм, христиандар, анан, VI кылымдан баштап ислам. Аягында Персия менен Византия Палестинаны алмак-салмак талашып басып ала беришип, чакчелекей кылып келишкен. Кызыгы, перстер-сасаниддер христиандарды өгөйлөп куушуп, еврейлерди колдошсо, Византиянын императору Ираклий болсо, еврейлерди кырып, аз жерден тукум курут кылып коё жаздаган. Натыйжада, ошол кездеги өздөрүнүн 3 миң жылдык тарыхында еврей калкы эң аз санга келип такалган! 


(Уландысы кийинки санда)

Каныбек Осмоналиев, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер