Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү кароо-сынагына даярдыктар көрүлүүдө

КМШ өлкөлөрүнүн Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү кароо-сынагына даярдыктар көрүлүүдө

03-август, 00:36
990 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР Президентинин Аппаратынын тапшырмасына ылайык, 2024-жылдын 21-24-август күндөрү Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин арасында Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн отряддарынын эл аралык кароо-сынагы Ысык-Көл берметинин жээги “Дельфин” пансионатында өткөрүлөт. Ошол себептүү ЖКККББнын башчысы, милициянын поковниги Жеңишбек Жоробеков кароо-сынактын өткөрүлүүчү жайынын    даярдыгы менен жеринен таанышып, аныкталган кемчиликтерди жана аткарылуучу жасалгалоо, жабдыктоо иштерин тез аранын ичинде бүтүрүү боюнча эл аралык кароо-сынагынын уюштуруу камитетине талап-тапшырмаларды койду.

Башкы башкармалыктын жетекчиси келген конокторду тосуп алып, аларды жайгаштырууда жаткыруучу бөлмөлөрүнүн абалын, кароо-сынагы өткөрүлүүчү  жайды жасалгалоо, жабдыктоо жана техникалык абалын, суу жээгиндеги коопсуздук чараларын, маданый жана спорттук аянтчаларын, тамактануучу жайларын жеринен көрүп, кароо-сынагынын уюштуруу камитетине бул өспүрүмдөрдүн катышуусундагы эл аралык деңгээлдеги иш-чараны кемчиликсиз жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрүлүп, тийиштүү иш-мерчемдерди иштеп чыгууну, уюштурууну, даярданууну күчөтүү боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.


ЖККББнын басма сөз кызматы 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер