Камактагы саясатчылар “өзгөрүүлөрдү” чыдамсыздык менен күтүп жатышканда
Учурда түрмөдөгү саясатчылардын абалдары, маанайлары кандай? Биз бул боюнча учкай баяндап берели. Негизинен баары тең күрөшчүл позициядан кайтыша элек.
Аз күн мурун демократ Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкерлигин коюп, коомчулукка талкуу жаратканга үлгүрдү. Саясый шоу жасап. Жеңиш Молдокматов аягына чейин күрөшөрүн айтып, бийликке кекенүүсүн жашырбай келет. Курсан Асанов да демдүү, оппозициялык маанайда. Фарид Ниязов дагы эле кыжырдануу позициясын карманууда. Абдил Сегизбаевдин ковидден кийин ден соолугу жакшы болбой, бир эсе бийликке каршы үгүттөгөн политтехнологдоруна алданып калганын, аларга нааразы экени айтылууда. Асылбек Жээнбеков өз чындыгы үчүн алектенип, ичтен кекенип атканы жашыруун эмес. Төрөбай Зулпукаров анчейин өзүн пиар кылбай, “соодалашууга” кызыкдар бекен? Ал эми Алмазбек Атамбаев отурган сайын чыйралып, саламаттыгы начарласа да айбатын көрсөтүп, курч мүнөзүнөн тайбай атыптыр.
Кыскасы, береги саясатчылардын баары бийлик төбөлдөрүнүн душмандары. Асыресе, өлкөдөгү “өзгөрүүлөрдү” чыдамсыздык менен күтүп жатышкандары жалганбы?..
"Азия Ньюс" гезити