Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сокенин “сок билеги” Алмамбет Салиевди жазалоо – учурдун талабы!

Сокенин “сок билеги” Алмамбет Салиевди жазалоо – учурдун талабы!

15-апрель, 19:14
1 046 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сооронбай Жээнбеков алдыны көрө билбегени, мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө албаганы, кекчилдиги жана коррупцияга батканы менен талкуу жаратып келген. Акыры тар кызыкчылыктар менен тырышып жатып, өткөн октябрдагы окуяларда бийлигин тарттырып жиберди. Элибизди дагы үч жыл кыйнабай, кызматынан кеткени эп болду. Убагы келгенде Соке кылган иштери үчүн жоопкерчиликке тартылышы ажеп эмес. Ал эми жан-жөөкөрлөрү чекесинен камалышып, “кускандары” түрмөлөрдөн бошоп чыгышууда. Эске салсак, мурдагы бийлик учурунда сот, прокуратура, дээрлик күч органдарын тейлеген Алмамбет Салиевдин эч нерсеге жооп бербей, эркиндикте тайраңдап жүргөнү таңгалдырат. Бул оён президенттик аппараттын орун басары катары ошол эле радио жыштыктагы, “Дастан” заводундагы, “Мегакомдогу, “Акнеттеги”, Кумтөр, ж.б. коррупциялык иштерди көзөмөлдөп, бийликтин рычагы менен маселе чечип турганы жалганбы? Сооронбай Жээнбековдун былык иштерин, финансылык купуя сырларын тескегеничи? Саясый куугунтуктарды жүргүзүүгө болгон салымын кайда жашырабыз? Айтор, “терс каармандын” колу булганыч! Бүгүнкү бийлик кийинки чиновниктерге сабак болушу үчүн Алмамбет Салиевдин кылган иштерин калыстык иретинде текшертип, кылмыштары ачыкталса тезинен камакка алышы зарыл. Ошондо гана башкаларга үлгү көрсөтө алабыз. Ал эми “чабактарды”, буйрук аткаргандарды жазалоо менен аброй таба албайбыз. Сокеден кийинки “сок билеги” Алмамбетти жазалоо күндүн талабына айланып турат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер