Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сабыр Жумабеков айлакерлиги жагынан астына ат салдырбай калды

Сабыр Жумабеков айлакерлиги жагынан астына ат салдырбай калды

10-апрель, 09:20
4 845 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ортопед Сабыр Жумабеков кыйын экен эй! Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери кайсы президент бийликке келбесин, баарынын тилин таап, жеке карьерасын өстүргөнү аз келгенсип, бир тууган, жакындарын сүйрөп, кызматтык секириктерди жасатып койду. Дастан Жумабековду кыргыз элине “аттын кашкасындай” таанымал инсанга айландырды. Эки жолу депутаттыкка өткөзүп, “көшөгө артынан” кадырын салып, спикер шайлатканы эсибизде. Чечмелегенде не? Мындан сырткары, милицияда эки бир тууганы жетекчилик кызматтарды аркалап келишет. Жакында эле иниси Алмазбек Нарын ОИИБ начальнигине дайындалган. Аз күн мурда Сабыр Жумабековдун баласы Салмоорбек Бишкек шаардык УКМКнын башкармалыгына жетекчи болду. Ток этери, булардын тууган-уругу мансап, байлык жагынан четте калышпады. Дүркүрөп эле өсүп баратышат. Мунун баары Сабыр мырзанын айлакерлиги, сөз тапкычтыгы, чоңдор менен карым-катыш, алака кыла алгандыгы да. Баракелде!    


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер