Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Путин азык-түлүккө байланыштуу билдирүү жасады. Абал оор эле

Путин азык-түлүккө байланыштуу билдирүү жасады. Абал оор эле

06-апрель, 17:53
1 145 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Батыштын катасынан, киргизген санкцияларынан улам соңку убакта глобалдуу азык-түлүк рыногундагы абал оорлошуп кетти. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин агроөнөржай комплексинин кеңешмесинде билдиргенин РИА Новости жазды.

“Сиздер билгендей, глобалдуу азык-түлүк рыногундагы абал соңку эки жылдан бери оорлошкону байкалып турган. Өнүккөн өлкөлөрдүн экономикалык, энергетикалык, азык-түлүк саясаты мындан эки жыл мурда эле тамак-аштын бааларынын көтөрүлүшүнө алып келген. Ал эми соңку жумалардагы кырдаал ого бетер курчуп жатат” деди РФ президенти.

Ошондой эле Путин дүйнөдөгү азык-түлүк запасы азайган учурда жаңы санкциялар киргизилип жатканын белгиледи.

“Ишканалардын ишине жана Россия менен Беларустан жер семирткич ташууга бөгөт коюлууда. Ал эми Батыштын өзүндө жаратылыш газынын баасы асман чапчыганына байланыштуу жер семирткич өндүрүү солгундап жатат. Бул биздин Батыштагы өнөктөштөрдүн ишинин натыйжасы” деди ал.

Белгилей кетсек, Россия азык-түлүк менен өзүн толук камсыздап келери айтылган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер