Козубек Иманкулов, «Акыры ушинтип далыдан канжар урушту»

«Талас байрагы» облустук гезитинин редактору менен маек.
– Козубек байке, узак жылдар бою өлкөбүздөгү эң популярдуу «Асаба», «Агым» гезиттеринде өз кабарчы катары жигердүү иштеп, коомчулукка калемгер катары кеңири таанылгансыз. Кийин Талас облустук гезитине башкы редактор болуп дайындалгандан кийин да калемиңиздин курчтугу кайтпай, эмгектенип келдиңиз эле. Бирок облустарда медиаборборлор түзүлүп, облустук гезиттер облустук телевидениелер менен бириктирилгенде чоң көйгөй менен өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болуп, ал көйгөй чечилген болчу. Андан кийинки абалыңыздар кандай?
– Президентибиз Садыр Жапаровго чоң ырахмат. Жарым сааттык жолугушууда көйгөйлүү маселени чечип берген. Облустук гезиттерди облустук телекомпаниялардан бөлүү боюнча министрлер кабинетине үч күндүк мөөнөт берген. Бирок маданият министрлигиндеги айрым чиновниктердин шалаакылыгыбы, же арам ойлору барбы, айтор, президенттин протоколдук тапшырмасын бир жыл үч айга созуп, токтом чыкты. Президентке саботаж жасашты. Сыягы, алар ичинен абдан кекенип калышкан окшойт. Кыябын таап, бизди «чаап салуу» амалын издеп, убакытты атайын создуктурушту. Биз өтө эле тез кубанып алыптырбыз. Анткени облустук гезиттердин өз алдынча статусуна керектүү документтерди даярдоо машакаты менен чуркап жүрүп, юридикалык сыйыртмак салынганын байкабай калыптырбыз.
– Кандайча? Эмне болгон сыйыртмак?
– Илгери бирөөнүн эшеги жоголуп кетсе, ал киши кейип, «эмнеси болсо да молдонун колуна тийбесе болду, молдо адалдап туруп жеп коёт» деген экен. Ошентип маданият министрлигиндеги юрист билермандар бизге үч айлык мөөнөт менен башкы редакторлорго «милдетин аткаруучу» деген буйрук чыгарып, 2023-жылдын 14-февралында келишимди узартпай, эки апта убара кылып, ар кайсы амал менен бошотуп тынышты.
– Эмне критерийлерди себеп кылышты?
– Айрым облустук гезит жетекчилерине «гезиттин жазылуу нускалары азайып кетти» дешсе, айрымдарына «Фейсбукка жаңылыктарды жарыялап турбайсыңар» деген доомат коюлду.
– Сиздер ошол учурда «адилеттик болбой, бизге куугунтук болууда. Маданият министрлигиндеги айрым чиновниктер куугунтук жасап жатат» деген мааниде жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кайрылуу каттарды жарыялаган элеңиздер. Жыйынтыгы болдубу?
– Бизге жеткен маалымат боюнча президентке туура эмес маалымат айтышыптыр, гезиттердин нускасы азайып кетти ж.б. дегендей. Азыр деле нускасы көбөйүп, укмуш болуп кеткен жок. Болгону Фейсбукка маалыматтар кетүүдө. Бирок Талас облустук «Талас байрагы» гезитинен мурдагыдай курч, актуалдуу, коомдук турмуштагы мыйзамсыз иштер, өтө ири коррупциялык былыктар тууралуу материалдарды кезиктирүү кыйын. Гезит кызыл-тазыл, кооз болуп гана чыкпастан, позициясы чыйрак, өзөктүү темаларды камтыган, ошол эле учурда коомдогу терс көрүнүштөрдү бутага алгандан тайманбаган күжүрмөн коомдук трибуна болушу зарыл. Жаңылык, кабарлар менен чектелүү фейктердин көлөкөсүндө калат.
Баса, президенттин ошол протоколдук тапшырмасынан кийин да бизди – жети облустук гезиттин башкы редакторлорун Акүйгө чакырып, Алтынбек Жумаев деген чиновник «эгер облустук телевидениеден бөлүнсөңөр хозрасчетко кетесиңер» деп опулдаган. Биз «президенттин тапшырмасын аткаргыла. Майда-барат, күйүүчү май, иш кагаз, чарбалык буюм-тайымдарды чече албай, көйгөй көбөйдү» дегенбиз. Акыры ушинтип далыдан канжар урушту.
– Маданият министрлигине Алтынбек Максүтов дайындалган соң сиздерге көзү түз эмес чиновниктер көздөгөн максаттарын ишке ашырышты деген кыязда кайрылуу катты президентке жолдогон элеңиздер...
– Ооба, ошондой болду. Мурдагы министрлер Кайрат Иманалиев жана Азамат Жаманкулов да көйгөйдү, биздин иш-аракетти эң сонун түшүнүп, калыс баа беришчү. Андыктан бизди кайра дайындоо тууралуу позициялары айкын жана бекем эле. Эң негизгиси, облустук гезиттерге маданият жана маалымат министрлигинен он беш жыл ичинде кылдай да жардам көрсөтүлбөй келди. Соңку 6-7 жылда интрига күчөдү. Президент менен жолугушуу учурунда мен кыябын таап, кызматтык автоунаа маселесин көтөрүп жибердим эле, президент бир айдан кийин ар бир облустук гезиттин башкы редакторуна жапжаңы автоунаанын ачкычын тапшырды. Бирок жүрөктүн тереңинде «баягы кыянатчыл чиновниктер ичи күйүп, качан капкан коюшар экен? Же президент Садыр Жапаров кабыл алып, чоң көйгөйдү чечкен соң андай ишке батынышпайт го? Президентти сыйласа да бизди тез эле тизеге чаппайт го?» деп ойлогон элек. Натыйжада баары тескерисинче болду.
– Эми азыр ал башкы редакторлордун тагдыры эмне болду?
– Көпчүлүгү облустук гезиттерге жооптуу катчы, кабарчы болуп ишке орношушту. Ал эми Кыргыз эл акыны Абдыжапар Эгембердиев экөөбүздү ишке албай, кийинки дайындалган башкы редакторлор 6-7 айдан бери түрдүү шылтоолорду айтып, тил эмизип келатышат. Жаш, кырктан ашкан жетекчилердин иш башы ушул болсо... Же баягы көзү түз эмес чиновниктерден айбыгып, коркуп жатабы, айтор, кайсакташат. «Талас байрагы» гезитине жетекчиликке дайындалган Кенже Бөдөшөваны учурунда корректорлук кызматка алып, өзүм тарбиялап, телчиктиргем. Бирок жетекчи катары мага кылган мамилеси акылга сыйбаганын жашыра албайм.
– Иш абалыңызды сурап, кызыккан чиновниктер, коомчулук, адамдар барбы?
– Албетте, сергек ой жүгүрткөн адамдар арбын. Көп жылдык мээнетибизди баалагандын ордуна кыянатчылдар кек сактап, өч алышты. Чоң акыйкатсыздык болду. «Революцияны баатырлар жасап, шылуундар акыбетин көрөт» деген кеп жөн айтылбаган экен. Акыйкатсыз ишке өзгөчө КР журналисттер союзунун катчысы, белгилүү журналист Курманбек Раматов күйүп-бышты. Кээде президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев ал-жайды сурап калат. Балким жаштык кылып жатабы, айтор, кыйшык кеткен интриганы түздөп койсо болмок деп калабыз. Себеби, кесиптешибиз Каныбек Иманалиев Аскар Акаев президент учурунда пресс-катчы болуп иштеп турганда айрым маселелер ыкчам чечилчү. Журналисттер да ыкчам, тез байланыша алчубуз.
Ошондой эле президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов да ал-абалды сурап калат. Бирок мурдагы губернаторлор Бейшенбек Болотбеков, Искендер Айдаралиевдердей маселени терең түшүнүп, акыл калчап, реалдуу, ыкчам чече билген компетенттүү жетекчи болсо деген эле тилек. Нурлан адамгерчиликтүү, ыймандуу, негизгиси көкүрөгү, дили таза инсан.
"Азия Ньюс" гезити