Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Мамлекеттин келечегине балта чабылууда”

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер: “Мамлекеттин келечегине балта чабылууда”

02-март, 15:53
1 060 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Мавлян мырза, мамлекет чиновниктерди, депутаттарды колдоп, шарт түзүп берип жаткансыйт, бирок эмнегедир иштеринен анчалык жыйынтык байкалбайт деле. Же ишти алдыга тарта турган тармактарга анча маани берилбей, коррупциядан арыла албай жатабы?

-- “Мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлерге жетишерлик шарттар түзүлдү дегенге кошулбайм. Эң негизгиси, айлык өтө аз, социалдык коргоо кызматы жокко эсе, кызматтык укуктары корголгон эмес, кызматтык өсүү (карьера) жок десек деле болот. Ушунун баары жаш кызматкерди коррупцияга түртөт. Башкысы, чоң кызмат ээлеген ууру-коррупционерлер өзүнө окшогондорду кызматка тартып, үйрөтүп, өстүрүүдө. Бул жаатта толук реформа, ачык конкурстар, жогорку айлык, социалдык кепилдик керек. Жөн гана изилдеп көрсөңүз, Бишкек, Ош жана башка чоң шаарларга мэрлер, аймактарга акимдер кандай жол менен келип жатканын...

Депутаттык – бул саясый кызмат. Мааниси да, мазмуну да такыр башка. Тилекке каршы, бийлик башы да, депутаттар да аны түшүнбөйт. Мамлекеттин эртеңки күнүн, жоопкерчилигин алчу саясатчыларды даярдоочу чоң мектепте да катачылыктарга жол берилүүдө. Атайын кызмат, бийлик башы аралашып, өзүнө ыңгайлуу конъюнктурщиктерди, ууру-коррупционерлерди, тааныш-билиштерин алып келип атышат го? Башкача айтканда, мамлекеттин келечегине балта чабылууда.

-- Акылбек Жапаров кызматта турганда экономикабыз жогорулап, бюджетибиз көбөйүп аткандай түр көрсөтчү эле. Эмнеге ошол эле учурда бизнесин сыртка чыгарып кеткендер арбыды?

-- Акылбек Жапаров президентти, элди үч жыл бою алдап, “өнүгүп баратабыз, казына ташып кетти” деп келди. Мен көп ирет айтып келдим, азыр да кайталайм. Экономикалык эркиндик, сөз эркиндиги, реформалар, сот кепилдиги болмоюнча бир да мамлекетте өнүгүү болбойт, түзүк бир да инвестор келбейт. Бизден тышкы эмес ички инвесторлор качууда. Аны мен эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары да айтып жатышат. Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Дубайга чыгып кетишүүдө. Ооба, баары сонун, укмуш өнүгүп жатабыз, казына ашып-ташыды, жолдор салынууда” деп өзүбүздү өзүбүз алдай беребиз, бирок реалдуулук башка.   


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер