Акыркы кабарлар
» Жанирмем » Кайненем бизди кетирип, башканы тапты, убалыбызды ойлобойбу?
Кайненем бизди кетирип, башканы тапты, убалыбызды ойлобойбу?
02-октябрь, 18:20

Мен 34 жаштамын. Удаа төрөлгөн үч балам бар. Анан эле кайненем жолдошума эжесинин кызын алып берип, уулун кыйнап эле мага талак бердирди. Негизи күйөөм апасынын сөзүнөн чыкпайт, түшүнөсүңөр да. Азыр аябай кыйналып жүрөм. Ресторанда идиш жууп иштейм, балдарым түнү уктап калган маалда келем. Акысына 500 сом алам. Күйөөмөн эч жардам жок. Ал деле бактылуу болуп кетпегенин угуп эле жүрөм. Убалыбыз кимге? Азыр айлам кетип жатат, эмне кылсам, кеңеш бериңиздерчи?..
Гүлзат
"Азия Ньюс" гезити