Көк бөрүгө башка ат коюп, тескери эрежелерди орнотконду токтоткула!


Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Казакстандын курама командаларынын көкпар боюнча финалдык беттешиндеги жаңжалдан кийин менде так пикир пайда болду. Бул спортту бөлүп, башка ат коюп, тескери эрежелерди орнотконду токтоткула! Көк бөрү кыргыздарга гана таандык. Бул катаал, эркектик көрүнүшкө суктангысы келгендер Кыргызстанга келсин, дүйнө жүзүндөгү коррида күйөрмандары Испанияга баргандай эле.
Көк бөрү – байыркы катаал күрөш, мында жылкы менен адам бир бүтүн болуп аракеттенет. Кыргыз чабандестери улактын ордуна тирүү карышкыр менен ойноп келишкен. Ар бир кыргыз жаштайынан малдын жанында жүрүп, күлтүккө караганда ээрге эрте отурчу, атка мингенди баскандан мурда билген. “Байыркы заманда кыргыздар кентавр болушкан, анан кудайлар же эволюция бизди экиге бөлгөн” деген пикир бар. Жашасын кыргыздардын көк бөрүсү!
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу
"Азия Ньюс" гезити











