Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Алдын ала чараларды көрүп, көмүр көйгөйүн бүгүн ойлонолу”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Алдын ала чараларды көрүп, көмүр көйгөйүн бүгүн ойлонолу”

14-сентябрь, 09:00
352 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы менен маек.

“Кыштын камын жазда көр” дегендей, күз кирип келди. Тез эле кыш келип, көмүр көйгөйү башталат. Кыргызстандагы көмүр кору, мекемелер, көйгөйлөр жана сунуштарды айтып, тоо-кен өндүрүүчүлөр жана геологдор ассоциациясынын төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков ой бөлүштү.

-- Өткөн жылы көмүр тартыштыгы жаралып, мамлекет өз чараларын көргөн болчу. Кышы бою кыйынчылыктар кездешип турду. Азыртадан даярдыктарды көрүп, кышында калкты көмүр менен камсыздоо жаатында алдын ала кандай чараларды көрсөк болот? 

-- Мурдагы өкмөт азыркы министрлер кабинети кышка карата атайын токтомдорду кабыл алып келет. Азыр дагы кышка карата №234 токтом кабыл алынган. Ошол токтомдун негизинде бизде мамлекеттик деңгээлде "Кыргызкөмүр" ишканасы ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Биздин мекеме менен "Кыргызкөмүр" ишканасы түздөн-түз иш алып барабыз. Өткөн айларда дагы "Кыргызкөмүр" ишканасынын ишмердүүлүгү боюнча маалымат алганбыз, өткөн жылы кандай көрсөткүчтөр менен чыккан жана учурда кандай көрсөткүчтө турат (?) дегендей. 

Ушул жерде адис катары көйгөйлүү маселеге күбө болдук. Мен айтып кеткен токтомдун негизинде Бишкектеги ЖЭБди "Кыргызкөмүр" ишканасы 1 млн. 100 тонна көмүр менен камсыз кылып бере турган болсо, андан сырткары “Казакстандан 650 миң тонна алабыз” деп көрсөтүлгөн. Жалпы сан менен айтсак, 1 млн. 750 тонна көмүрдү ушул Бишкек ЖЭБге жеткирип беришибиз керек эле. Бирок, кийинки министрлер кабинетинин кабыл алган токтомунда өзгөртүүлөр киргизилип, 1 млн. 50 миң тонна көмүрдүн ордуна 1 млн. 750 миң тонна көмүрдү ошол Кара-Кече жана башка көмүр мекемелеринен берилиши керек болуп жатат. Август айынын жыйынтыгы боюнча болгону 660 миң эле тонна көмүр казып алышты. 1 млн. 750 миң тонна көмүрдү казып алуу өтө оор. Балким казып алалбай дагы калышыбыз мүмкүн. 

Бир четинен министрлер кабинетинин концепциясы туура. Себеби, өзүбүздө көмүрдүн кору, ал жерде өзүбүзгө ылайыктуу түрдүү сорттогу көмүрлөрүбүз бар. Апрель айында кабыл алынган токтомго өзгөртүү киргизели деген демилгелер бар экен. Мисалы, Казакстандан ала турган 650 миң тонна көмүрдөн баш тартып, ошол көлөмдөгү көмүрдү көмүр өндүрүүчүлөрү бериш керек деген демилге эле. Бул жерде окурмандар туура түшүнүшү үчүн өз пикиримди билдирейин деп турам. 

Казакстандан алынып келинген көмүр менен айрымдар бизнес кылабы билбейм, мен аларды коргогум келбейт. Кыргызстандагы көмүр өндүрүүчүлөрү иштеп, Казакстанга кетип жаткан акчалар өлкөбүздө калып, өз мүмкүнчүлүктөрүбүзгө жумшасак деген пикирдемин. Бирок "Кыргызкөмүр" ишканасынын иштерин көрүп, кыш маалында маселе жаралып калбайбы деген ой да келбей койбойт. 

Эгер "Кыргызкөмүр" ишканасына “1 млн. 100 тонна эмес, 1 млн. 600 миң тонна көмүр керек” деп токтомго өзгөртүү киргизилсе, андан сырткары 150 миң тоннаны Ташкөмүрдөн берилет дей турган болсок, кандай болот? Ташкөмүрдөн алып келсе болот, практика бар. Ал эми Кара-Кече 1 млн. 600 миң тонна көмүрдү бере алабы (?) деген күмөн саноолор бар. Аны төмөнкү цифралар менен айтсак болот. 

Өткөн жылдын ишмердүүлүгү менен "Кыргызкөмүр" 717 миң тонна көмүр берген. Андан тышкары “Миң-Куш”, “Шарбон”, “Нарктоо” ж.б ишканалар бар. Алар тарабынан жалпы 1 млн. 200 тонна көмүр элге дагы, социалдык объектилерге дагы берилген. Болгону 1 млн. 200 миң тонна көмүр өткөн жылы берилип жатса, ал эми быйыл Бишкек ЖЭБге эле 1 млн. 200 миң тонна көмүр керек болуп жатса, өндүрүлгөн көмүр ЖЭБге эле жөнөтүлсө, анда элге, социалдык объектилерге берилчү көмүрдү биз кайдан алабыз? Анүчүн биз көмүр өндүрүшүн жогорулатышыбыз керек. Былтыр, мисалы, Кара-Кече 717 миң тонна көмүр берсе, анда 400-500 миң тонна ашыгыраак көмүр өндүрүү үчүн анын кубаттуулугун көтөрүү керек. Ал үчүн кошумча экскаваторлорду, бульдозерлерди, ургулоочу техникаларды алуу зарыл. Ага каражатты тез арада таба алабызбы, же таба албайбызбы, бул чоң маселе. Каражатты тапкан күндө да ошол кошумча техниканы канча күндө алабыз? Себеби, кышкы сезонго даярдык август айларында эле башталат. Көмүр тартуу көйгөйү да бар. Көмүр тарткан машиналар менен авариялык кырдаалдар да пайда болууда. Жолдун четинде токтоп калган машиналар менен жол тыгындары келип чыгат. Азыр ал жерде жол салуу иштери жүрүп жатат. Аны аяктоого дагы эки жылдай убакыт керектелет. Андан сырткары, Балыкчыдагы станциялар ушунча көмүрдү кабыл алууга шарты барбы? Ал жерден кайра Бишкекке тартып келүү үчүн кошумча вагондор керектелет. ЖЭБдин лабораториясында дагы ушунча көмүрдү кабыл алганга мүмкүнчүлүктөрү барбы (?), мунун баары көйгөй. Бүгүн ошол маселелердин баарын анализ кылып талкуулап, дооматтарын угуп, бизге окшогон адистерин да катыштырып, жети өлчөп бир кесип ишти алып барган оң. Аз убакыттын ичинде бул иштердин баарын аткаруу оор.

-- Демек, Кара-Кечеде негизи көмүр жетиштүү, бирок аны уюштуруу, ташып келүүдө маселе жаралат деген пикирдесиз? 

-- Кыргызстанда баланска коюлган көмүрдүн кору жалпысынан 1 млрд. 200 млн. тоннадай. Бул түндүк-түштүк жергесинде жайгашкан көмүр кесимдери. Жалпы жонунан 21дей мекеме иштеп жатат. Кыргызстан боюнча жалпы 217 лицензия берилген экен. Анын ичинен алтымыштайы бүгүнкү күндө долбоорлор менен алектенишүүдө. Калгандары түздөн-түз көмүр казышууда. Башында белгилеп кеткендей, жалпы 3 млн. тоннадай көмүр өндүрүлгөн экен. Анын 1 млн. 200 миң тоннасы түндүктө өндүрүлсө, калган 2 млн. тонна көмүр түштүк жергесинде өндүрүлгөн болуп калат. Бирок мен белгилегендей, мамлекеттик деңгээлдеги уюштуруу иштери жакшы болбой турат. Себеби, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы 2012-жылы Кара-Кеченин базасында түзүлгөн. Андан башка Кабак көмүр бассейниндеги Миң-Куш, Жумгалда жайгашкан мекемелер менен консорциум түзгөн. Учурда аталган ишкана түндүк аймактагы Кабак бассейнине кошулган көмүр өндүргөн мекемелер менен гана иш алып барууда. Учурда Жыргалаң, Согуту, Сүлүктү, Ош, Баткен, Алай, Өзгөндө жайгашкан көмүр кендердин лицензиялары жеке ишкерлерде. 

Бүгүнкү күндө өлкөдө көмүргө болгон муктаждык ЖЭБди, коммуналдык чарба жана калкты кошкондо 3 миллион тоннанын тегерегинде. Ошондуктан көмүрдү тейлеген бирдиктүү структура түзүлүшү зарыл. "Кыргызкөмүр" ишканасынын статусун жогорулатылып, өлкөдөгү көмүр өндүргөн баардык кендер менен иштей ала тургандай мүмкүнчүлүк берилиши керек. Ошондо мындай каатчылыктардын алдын алууга жол ачылат.


(Уландысы кийинки санда)

Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер