Мугалимдин ишмердүүлүгүнүн негизги максаты эмне?


Педагогиканын негизги максатын өз алдынча ой жүгүрткөн, рухий дарамети өнүккөн, коомдун социалдык талаптарына ылайык келген, активдүү аракеттене билген динамикалуу инсандын калыптанышы түзүп келген. Мындай инсанды калыптандыруу, албетте, окутуучунун, андан кийин окуучунун жеке субъективдүү өзгөчөлүктөрүнө жана объективдүү бир топ шарттарга байланыштуу боло тургандыгы талашсыз. Бирок бул шарттардын тобунан инсандын калыптануу процессин расмий түрдө аркалап келе жаткан мектептин окутуу жана тарбиялоо ишмердүүлүгүнө байланыштуу экендиги белгилүү. Бул ишмердүүлүгүн ийгиликтүү алып кетүүгө окутуучуга эмнелер жетишпей турат? Баарынан мурда активдүүлүктү, чыгармачыл ой жүгүртүүнү калыптандыруу үчүн окутуп-тарбиялоо ишиндеги маалыматтардын жана иш-аракеттердин көп түрдүүлүгү, кызыктуулугу, тереңдиги, б.а. инсандын тандоо мүмкүнчүлүгүнүн кенендиги болушу зарыл. Так ушундай тандоонун дефицити биздин ишмердүүлүгүбүздүн аксаган тарабы экендигин турмуш чындыгы тастыктап олтурат. Белгилүү педагог, ойчул С.Байгазиевдин «Педагогикалык альтернатива» аттуу макаласында «педагог окутуу-тарбиялоо процессине инсанчыл-ишмерчил принциби менен мамиле жасаганда гана бала дайыма эмгектин үстүндө, иштин кучагында болот» деп адилет белгилейт («Кут билим» №23). Мына ушундай баланын табиятына ылайык келген тышкы көп түрдүү, ар тараптуу факторлордун таасири гана субъективдүү факторду, адамдын андан ары өнүгүүгө болгон жекече каалоолорун, керектөөлөрүн ойготот. Эгерде ички жана тышкы ишмердүүлүктүн учкуну чогуу тутанбаса, эч кандай ийгиликтин да болушу мүмкүн эмес. Азыркы учурда мектептердеги билимди, билгичтикти, көндүмдөрдү өздөштүрүүнүн даяр жоопторуна таянган ыкшоо ыкмасы, ошондой эле ак-карага негизделген жалкоо жана бир тараптуу ой жүгүрткөн инерттүү «ишмерди» калыптандыра тургандыгы шексиз экендиги ачык көрүнүп олтурат. Ага кошумча ата-энелердин куру акыл айтып тескеген тарбиясы жаш муундардын алсыз, эки анжы болуп эзилген куру кыялкеч мүнөздөгү же тескерисинче куру прагматизмди туу кылган түркөй эгоизмге негизделген жашоо ыгына ыңгайлашуусуна шарт түзүп жатат. Мындай шартта, албетте, калыптанып келе жаткан адамдын турмушка карата позициясы же агрессивдүү коргонуу же көңүлкош абалына өтөт. Биз адамдын акыл-сезимин, эркин жипсиз байлаган билим алуудагы, калыптануудага окуучунун да, окутуучунун да көңүлкоштуктун, жалкоолуктун сазынан сууруп чыкчу рухий күчтү кайдан издешибиз керек? Ал күчтүн жандуу булагы, албетте, балалыктын биз барктабаган баёо дүйнөсүнөн башталат.
Азыркы учурда кенже курактагы балдардын акыл-сезиминин өнүгүү закон ченемдүүлүктөрүн, бул мезгилдин инсандын андан аркы өсүп-жетилүү процесси үчүн баалуулугун учурдун көп тармактуу илимий жетишкендиктеринин дүрбүсүнөн өткөрүүчү учур келип жетти. Биздин мамлекетте ушул маанилүү учурду иликтеп, изилдеген институт эмес, Кыргыз билим берүү академиясындагы жалгыз бөлүмдүн да жоюлуп кеткендиги өкүндүрөт. Кылым карыткан улуттук тарбиябыз унутта калып, авторитардык системанын арыгынан бери аттап биротоло өтө албай, өнүгүүнүн кийинки айлампасынан апкаарып тургандыгыбыз, мезгилдин мизинен мерт болгон жаш муундардын кечээги жана бүгүнкү тагдыры бул кемтиктин толбостугуна күбө өтүп турат. Жашоонун катаал мыйзамы, өнүгүүнүн өзгөрүлмө ылдамдыгы эки анжылыкты, жалкоолукту жана коркоктукту кечирбейт. Мындай алсыздыктарды жеңип, алгалаган улуттардын жаш муундар үчүн материалдык жана рухий күчүн аябай эмгектенип, алдыңкы педагогикалык системаны реалдуу түзүп алгандыгын көрүп турабыз. Мектепке чейинки тарбиялоо институтунун уюштуруучусу, белгилүү окумуштуу А.Запорожец балалыктын ар бир курагын баалап, айрыкча баланын инсандык пайдубалын түптөгөн кенже куракты баалоону эскерткен. Баланы «турмушка даярдоо» деген түз сызыктуу милдеттерден сырткары, бала менен чогуу ойноо, кызыктуу окуялар жөнүндө баарлашуу, биргелешкен ишмердүүлүк, бири-бирине карата жакшы сезимдерин билдирүү сыяктуу түшүнүктөр бар экендигин көпчүлүк ата-энелер, педагогдор эстеринен чыгарып же жеткиликтүү баа беришпегендей. Мындай унутчаактык биз тарбиялаган жаш муундардын социалдык чөйрө менен камыр-жумур болуп аралашып кете албаган тартынчаак жана басынган же кайдыгер, өзүмчүл, ал эми кээде орой жана агрессивдүү жарандардын өсүп чыгышына алып келүүдө. «Биз баарыбыз балалык уруусунан өсүп чыкканбыз» деп Сент-Экзюпери бекер жеринен белгилебесе керек.
Ошондуктан ата-эне, тарбиячы жана окутуучу бала менен тең жана чогуу баарлашуу абалындагы окутуп-тарбиялоого өтүүсү зарыл. Мындай тең укуктуу шартты түзүүнүн түпкү максаты: баланын психологиялык жактан корголуусун камсыздоо менен дүйнөгө карата ишенимин, жашоо кубанычын калыптандыруу, балалыктын кайталангыс чыгармачыл өзгөчөлүктөрүн өнүктүрүү менен инсандын ишенимдүү, бекем пайдубалын түптөө болуп саналат. Чыныгы педагог баланын өнүгүүсүн алдын-ала иштелген шаблондорго күчтөп салууну көздөбөйт, ал баланын инсандык өнүгүүсүндөгү кыйынчылыктарды алдын алат, анын мүмкүнчүлүктөрүн максималдуу ачууга шарт түзөт, жекече сапаттарын ар тараптуу, позитивдүү өнүгүүнүн бийиктигине багыттайт. Окуучунун билими, билгичтиги жана көндүмдөрүнүн калыптанышын инсандын толук өнүгүшүнө жетүүнүн каражаты катары гана карайт. Бала менен баарлашуу ыкмасы – баланын позициясында туруп, анын көз карашын жана сезимдерин басынтпай түшүнүү менен кабыл алууга негизделет. Мындай баарлашуунун жүрүшү – кызматташтык. Педагог баланын кызыкчылыгынан, анын андан аркы өнүгүү келечегинен гана таяныч издеш керек. Балага толук кандуу өнөк катары чыгуу менен биз баланын жетилип келе жаткан жандүйнөсүн катаал реалдуулукка «чындыкты издөө» жолуна (С.Байгазиев) салуубуз зарыл экендигин учур талап кылып олтурат. Андан ары чыгармачылыктын зор дүйнөсүн чогуу аралап, адамзат генийинин Рух дөөлөттөрүнөн чогуу рахат алуу менен баланын эң мыкты инсандык сапаттары калыптанып, көркөм өнөргө болгон жөндөмдөрү өнүгөт. Бул баланы өнүктүрүп окутууну, окутуунун активдүү жана чыгармачыл формаларынын негизинде өнүктүрүүнү билдирет.
Айрыкча, биз көпчүлүк учурда педагогикалык процесстеги таанып-билүүнүн баланын табиятына жакын активдүү формаларына, айрыкча башталгыч класстардагы оюндун маанисине баа бербей келгенбиз. Оюн чоңдор, курбулар менен эркин кызматташууга негизделип, баланын өнүгүүсүнүн башкы формаларынын бирин уюштурат. Баланын эркиндигине, кызыгуусуна негизделип уюштурулган оюндун жыйынтыгы – бул баланын жөндөмдөрүнүн, мүмкүнчүлүктөрүнүн жана укуктарын кеңейиши болуп саналат. Кызматташуу шартында баладагы өзүмчүлдүк сезими азаят, жамаат менен иштешүүгө жана мамиле курууга, демек, жашоого үйрөнөт. Эркин баарлашууда ой жүгүртүүсү өсүп, кыялы канат байлайт, анткени жаңылуу же шылдыңга калуу коркунучу азаят. Баланы окутуп-тарбиялоонун ортоңку жана жогорку звеносунда да так ушундай кызматташууга, баланын табиятына шайкеш келген иш-аракеттердин активдүү жана чыгармачыл формаларына негизделген окутуп-тарбиялоо менен гана кыйраткыч эмес, түзүүчү ишмер инсанды тарбиялай алабыз.
Курманкан Абдиева, Бишкек шаары











