Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өтө оор тагдыр, кыздын жаны үзүлүп кетти...

Өтө оор тагдыр, кыздын жаны үзүлүп кетти...

20-июнь, 22:45
2 012 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Таасирдүү жашоо окуясы)

Кыз көпкө чейин бөлмөсүндө ары-бери басып жүрдү. Бүгүнкү кечеге баруу үчүн уруксат бербей койгон ата-энесине жини келди. Чын да, бойго жеткен кыз болсо, күнүгө боло бербейт го мындай кечелер. Ал жерде курбулары, достору, жана эң негизгиси ошол – сүйгөн жигити бар. Ата-энеси болсо кыз баланын түн ортосу ресторандагы кечеге барганы жакшы эместигин айтышты. Ага карата адилетсиз мамиледе болушту. Айрыкча апасы бөлмөсүнө кирип айткан сөздөрү аны ачуулантты. Баары жакшылыкка имиш. Кантип жакшы болсун? Теңтуштарына кошулуп, айда-жылда бир жазылып дем алалбаса.

Акыры кыз ата-энесине айтпай, терезеден чыгып кетүүнү чечти. Ата-энеси сезип калбаса болгону. Кийинип, үйдөгүлөр уктап жатканда терезеден акырын чыгып кетти. Ресторанга келип, майрамдык кечеге кошулду. Жигити менен узак сүйлөштү. Саат жаңы күндүн башталышын билдиргенде, кыз кетмекчи болду. Жигит аны жеткирип коёрун айтты. Кыз такси чакырууну суранды. Болгон жок...

Айла жок, кыз унаага отурду. Кыз жигиттен жайыраак айдоону суранды. Бирок жигит аны укмаксанга салды. Ошол маалда маңдайдагы унаанын фаралары жанды. Унаа сызыктан чыгып, каршы тараптан келе жаткан башка унааны сүздү...

Кыз көздөрүн ачканда үстүндө медайым турган элеБүт денеси ооруп, колу-бутун кыймылдата албайт, башы бинт менен байланган. Ал рулда отурган жигитке эмне болгонун медайымдан эптеп сурады. Медайымдын айтымында, жигит окуя болгон жерде көз жумган. Кыз алар сүзгөн унаадагы адамдар жөнүндө сурады. Анын ичинде эки адам болгонун жана алар да каза болгонун билгенде, аттиң кылды…

Ал дагы өзүнүн абалынын оордугун сезип, тирүү калбасын түшүндү. Ал медайымга: “Эже, сураныч, ата-энеме менин кечирим сураганымды айтып коюңузчу?.. Мен аларды угушум керек болчу (кыз барган сайын кыйналып баратты). Мен... Аларды жакшы көрөрүмдү дагы айтыңыз. Айтасыз... айтасыз э?

Медайым ага унчукпай, нымдуу көздөрү менен карап турду. Кызга жооп бербеди. Анын колун катуу кысып алды. Эки мүнөттөн кийин кыздын жаны үзүлдү.

Ошондон кийин башка бир медайым андан эмне үчүн чындыкты айтпагандыгын, башка машинадагы ата-энеси экендигин айтпаганын сурады. Ал болсо кыздын жансыз жүзүнө карап шыбырады: Кызга алар сүзүп кеткен унаада каза болгондор анын ата-энеси экендигин, түндө өз кызынын жок экендигин көрүп, кызын издеп чыгышканын айткым келбеди. Оор, өтө оор тагдыр...


Медер 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер