Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Инфратүзүм болсо жаштар туулган жеринде иштеп калат”

Дастан Жумабеков, ЖК депутаты: “Инфратүзүм болсо жаштар туулган жеринде иштеп калат”

23-июнь, 16:00
317 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-Дастан Артисбекович, бүгүн таза суу жана канализация боюнча маселе көтөрдүңүз. Бул эл тарабынан айтылган көйгөйбү?

-Ооба, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан түшкөн маселе. Бүгүнкү күндө Талас облусундагы үч райондун инфратүзүмү каралбай калган. Мурда бир аз бар болчу, бирок союз ыдыраганда көп кабаттуу үйлөрдөн эл көчүп кетип, квартиралар аңырайып бош калган. Бүгүн экономика өсүп, элде бир аз тыйын-тыпыр пайда болду, адамдар баардык шарттары бар, замапбап үйлөрдө жашагысы келет. Ага тоскоол болгон – бул инфратүзүмдүн жоктугу. Таза суу, анан канализация. Бүгүнкү күндө Манас, Бакай-Ата, Айтматов райондорунун борборлорунда жашаган элдин кайрылуусу ошол болуп атат. Айтматов районунун борбору Кызыл-Адырда бүгүн көптөгөн ишканалар ачылып, жаңы мектептер, бала бакчалар салынууда. Бирок инфратүзүм жок. Ошондон улам жаштардын көбү башка жакка кетип жатышат. Эгер инфратүзүм болсо, алар ошол жерде иштеп калат эле. Ошондон улам жергиликтүү кеңештин депутаттары “биздин жергиликтүү бюджетибиздин каражаты Кудайга шүгүр эле, болгону бизге долбоор аркылуу 20 жылдык кредит сунуштаса, биз алып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөйт элек” деп кайрылышты. Мен бул боюнча эки жылдан бери Жогорку Кеңештен маселе көтөрүп, айтып келдим. Долбоордун иши жасалып атат деген жооп келген, бирок иш жүрбөй жатат. 

-Чакан шаарлардын, райборборлордун инфратүзүмдөрүн куруу боюнча бир топ эле долбоорлор ишке ашып, гранттар бөлүнүп жаткандай. Сиз айткан райборборлор ага кирген эмеспи?

-Мындан жети жыл мурда Талас шаарында ушундай долбоорду ишке ашырганбыз. Бүгүнкү күндө шарттар түзүлүп, көп кабаттуу үйлөр салынууда. Бул жергиликтүү райондордун, шаарлардын өнүгүүсүнө алып келип, жаштардын ошол жерде калуусуна өбөлгө түзөт. Бирок, мындай долбоорлор башка райондорго каралган эмес. Кээ бир айыл өкмөттөрүндө таза суу иштери жүрүүдө, бирок райборборлордо каралган эмес.  

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер