Акыркы кабарлар
» Коом » “Мечиттерде кандай диний иштер жүрүп жатканы боюнча көзөмөлгө алалы”
“Мечиттерде кандай диний иштер жүрүп жатканы боюнча көзөмөлгө алалы”
29-март, 20:35
487 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌-- “Крокус Ситидеги» каргашалуу окуядан кийин кандай сабак алышыбыз керек? Биздеги диний радикалдуу уюмдарды көзөмөлдөй алабызбы?
Талантбек ИСАЕВ, генерал-майор:
-- Албетте, «Крокус Ситиде» болгон окуя баарыбызды ойлонтпой койбойт. Кыргызстандын күч органдары алдын ала көптөгөн иш-чараларды уюштурууга милдеттүү. Себеби, бүгүнкү күнү эл аралык абал, террористтик кыймылдар бизди да тынчсыздандырууда. Кыргызстанда жайгашкан өтө маанилүү стратегиялык объекттердин (ТЭЦ, ГЭС, суу сактагычтар, соода борборлору ж.б. мекемелерди) коопсуздугун күчөтүш керек. Өзгөчө айтып кетсем, Бишкектин жогору жагында жайгашкан Орто-Алыш суу сактагычынын тегереги өтө начар тосулган, заманбап коопсуздук каражаттар ал жерде жок. Бишкек суу канал башкармалыгын милдеттүү түрдө заманбап техникалык каражаттарды алдыртып, коопсуздукту күчөтүү зарыл. Анткени ал жактан бүткүл Бишкектин тургундары суу ичет! Ар бир аймактын жетекчилери, президенттин өкүлдөрү, акимдер биргеликте координациалык кеңешме өткөрүшүп, жер-жердеги маанилүү объекттердин коопсуздугун катуу көзөмөлгө алуу менен реалдуу чараларды көрүшү керек. Тыкыр уюштуруу иштерди жүргүзүшүн сунуштайт элем! Күзөт кызматын жетектеп турганымда профилактика түрүндө граждандык кийим кийип, сумкага кадимки автомат, пистолет салып ЦУМга кирип кеткем, ичине кирип СБнын чоңуна көргөздүм. “Бул эмне деген шумдук! Эмне, мындай мекемелерде коопсуздук жагы каралган эмеспи? Эмнеге чара көрбөйсүңөр? Мындай болбойт!” деп бир аз түшүндүрүү иштерин айткам. Демек, ушундай иштерди күн сайын жүргүзүп туруу абзел.
Артур МЕДЕТБЕКОВ, генерал, коомдук ишмер:
-- Москва шаарында жайгашкан «Крокус Ситиде» болгон каргашалуу окуя дүйнө жүзүндөгү адамзатты чочутту жана баардык мамлекеттин коопсуздугу жүктөлгөн жетекчилерине чоң сабак болду. Канткен менен Россия менен Украинанын согушу, Америка, Европа мамлекеттер ортосундагы тиреши, андан тышкары, Жакынкы Чыгыштагы окуялар, ушуга окшогон ааламдагы болуп аткан саясый процесстерге таасирин тийгизе баштады. Мындан сырткары, акыркы кезде диний радикалдуу уюмдарга карата мамиле абдан солгундап, экстремисттик, террористтик топторго салкын кандуу мамиле тууралуу айтсак, аларды жөн калтырбай, дайыма каршы күрөшүп турушун эл аралык саясый эксперттер эскертип келген эле. Биз бир нерсени унутпашыбыз керек, мындан бир канча жыл мурун өлкөбүздөн миңден ашык жаш өспүрүмдөр, кыз-келиндер Иракка, Сирияга кетишкен. Көбү согушта каза болуп, далайы ошо жакта калып калышкан. Алардын санаалаштары, согуштук идеялаштары Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда жок (!) деп айтуудан алыспыз. Биздин укук коргоо органдары акыркы болуп аткан окуялардан кийин террористтик, экстремисттик топтордун мыкаачылыгын көргөндөн кийин дайыма баардык жагынан даяр болгонго, алдын ала иштерин жүргүзгөнгө, ыкчам оперативдик демилгелерди жасаганга даяр турушу керек. Бүгүнкү күндө терроризм, экстремизм өзүнүн күчүн көргөзгөнгө, мыкаачылык акцияларды жасаганга дарамети бар экенин көргөзүүдө. Кыргызстанда диний радикалдуу уюмдардын ишмердигине тыюу салынган. Анткен менен алар таптакыр жок эмес, 22-23 уюм бар экени айтылып жүрөт. Алардын мүчөлөрүнө көзөмөл кылып, аларды колдогон жактоочуларынын ар бир кыймылын аныктап, тескеп турганга укук коргоо органдарына баардык шарттарды түзүш керек.
Абдыгул ЧОТБАЕВ, генерал-полковник:
-- Биринчиден, биз ошол Москва шаарындагы “Крокус Ситиде” болгон мыкаачылык менен болгон каргашалуу окуяга бүтүм чыгарышыбыз керек. Көп сандагы чогулган адамдарды көзөмөлгө алуу кажет. Экинчиден, азыр бизде көптөгөн кишилер араб кийимин кийишип, көчөлөрдү кыдырып жүрүшөт. Ошолорду да катуу көзөмөлгө алыш керек. “Бул эмне кишилер, кандай иш менен алек? Эмне кылып жүрүшөт?” деп. Үчүнчүдөн, мечиттерде кандай диний иштер жүрүп жатканын да катуу көзөмөлгө алуу зарыл. Алыс кетпей, кошуна мамлекеттерди карайлы, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстанда дин боюнча тийешелүү мыйзамдар бар. Аны катуу карманышат жана мамлекет тарабынан катуу көзөмөлдөнөт. Бизде да ошондой мыйзамдар болсо дейт элем.
Бөлүшүү:

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ,
"Азия Ньюс" гезити