Акыркы кабарлар
» Саясат » Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды
Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков дүйнө салды
28-июль, 12:09
1 800 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Белгилүү мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыков 28-июлда Бишкекте көз жумду. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна маркумдун жакындары тастыкташкан. Маркум менен коштошуу зыйнаты 29-июлда өтөт.
Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ош облусунда туулган. 1971-1992-жылдары Лейлек, Базар-Коргон, Кара-Суу райондорунда, Ош облусунда коммунисттик партиянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.
1992-1995-жылдары Казакстандагы соода өкүлү, “Кыргыз дан азык” ишканасынын жетекчиси болуп эмгектенген.
1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
2004-жылы "Кыргызстан элдик кыймылынын" аткаруу комитетинин төрагасы, 2005-2006-жылдары ошол кездеги мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2006-2008-жылдары мамлекеттик кеңешчиси болгон.