Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Электрондук Курултай – бул Кыргызстандын көйгөйлөрүн чечүүнүн ачкычы

Электрондук Курултай – бул Кыргызстандын көйгөйлөрүн чечүүнүн ачкычы

12-март, 20:58
1 048 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биздин редакция менен тыгыз иштешип жүргөн саясый илимдеринин доктору Азамат Темиркулов кыргыз саясатына жаңылык киргизе турган электрондук курултай тууралуу пикирин жолдоду.

XXI кылымда Кыргызстанды интернет, компьютерлер, смартфондор жана электрондук кызматтар суу каптагандай эле каптап кетти. Бүгүнкү күндө жаңы технологиялар биздин жашообуздун бардык тармактарына жайылды. Үйдө, жумушта, көчөдө жашоону интернетсиз элестете албайбыз. Бизнес, коомдун эң активдүү бөлүгү катары өзүнүн ишине жаңы технологияларды эбак киргизип келген. Дүкөндөрдөн соода кылуу, лабораториялык анализдердин жыйынтыктары, онлайн тренингдер жана видеоконференциялар, эми мунун баарын диванга жатып алып ыңгайлуу шартта жасоого болот. Жадагалса Бишкектеги эң жөнөкөй кафелердеги официанттар интернет жана смартфондор аркылуу ашканага заказ жөнөтүшөт.

Смартфондордун пайда болушу менен бүт дүйнө түзмө-түз биздин чөнтөгүбүздө. Ал аппараттын жардамы менен биз планетанын эң алыскы бурчтарына жетип, дүйнөнүн эң жашыруун сырларына кирип, акыркы жаңылыктарды билип алабыз. Маалымат бир заматта бир чоң нерв системасы сыяктуу планетаны айланып өтүп, дүйнөнүн ар кайсы бурчунда тийешелүү реакцияларды жаратат. Биз, адамзат, планетанын нейронуна айландык. Маалыматты иштеп чыгуунун ылдамдыгы бизди бир чоң планетардык мээге окшоштуруп, эң чоң фантастикалык натыйжаларга алып келиши мүмкүн...

Заманга жараша Кыргызстан ушул багытта өнүгүп жатат. Эгерде Кыргызстанда зымдуу интернеттин жайылышы тоолуу аймак болгондуктан төмөн болсо, анда мобилдик интернеттин жайылуу деңгээли бир топ жогору. Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 99%ы мобилдик тармактар менен камтылган, ал эми 4G форматындагы сапаттуу мобилдик интернет Кыргыз Республикасынын аймагынын 94%ына жеткиликтүү.  Кыргызстан калкты 4G мобилдик кең тилкелүү интернет менен камтуу жагынан КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орунду ээлейт. Кыргызстандын 15 жаштан жогорку курактагы калкынын 63%га жакыны интернет колдонушат жана жыл сайын алардын саны 38%га өсүүдө (башкача айтканда, жылына 500 миңге жакын жаран кошулууда).

Мындан тышкары, британиялык Cable.co.uk изилдөө компаниясынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасы арзан интернет боюнча дүйнөдө экинчи орунду ээледи (Индиядан кийин) жана КМШда биринчи. Бул биздин өлкөдө маалыматтык технологияны өнүктүрүүнүн чоң келечеги бар экенин көрсөтүп жатат. 

Интернеттин арзандыгынан тышкары, келечекте Кыргызстан узак мөөнөттүү акысыз спутниктик интернетке ээ болгон аймактагы өлкөлөрдүн бири болушу мүмкүн, анткени Кыргызстан британдык OneWeb компаниясынын дүйнөдөгү спутниктик интернет долбооруна катышкан алты мамлекеттин катарына кошулду. 

Интернет жана жаңы технологиялар кыргыз элинин экономикасына, билимине жана күнүмдүк жашоосуна гана эмес, мамлекеттик башкарууда дагы кеңири жайылган. 2018-жылы Түндүк электрондук өз ара аракеттенүү борбору түзүлдү, анын максаты мамлекеттик органдардын ортосундагы электрондук өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, ошондой эле жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды онлайн режимине өткөрүү. 2019-жылы «Түндүк» эстониялык X-Road моделинин негизинде электрондук өкмөт тутумунун негиздерин ишке ашырууда жакшы ийгиликтери үчүн эл аралык сыйлыкка ээ болду. Бүгүнкү күндө 67 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна туташып, электрондук маалыматтар менен алмашууда 103 мамлекеттик кызматтардын ичинен 80ден ашыгын жарандар интернет аркылуу алышат. Мындан тышкары, 2017-жылдан бери берилип жаткан Кыргызстандын жарандарынын паспорттору (ID-карталары) ээсинин жеке жана биометрикалык маалыматтарын жана электрондук санарип кол тамгаларынын ачкычтарын камтыйт, бул ар бир жарандын адашпай идентификацияланышына мүмкүндүк берет жана анын добуш берүү укугун уруксатсыз колдонууга жол бербейт.

Эң авторитеттүү аналитикалык институттардын окумуштуулары XXI кылымда электрондук өкмөт өткөн кылымдын 90-жылдарында кадимки көрүнүшкө айланат деп жазышкан. Ал эми чындыгында, Кыргызстан электрондук өкмөттү киргизүү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. Бирок илимпоздор санариптештирүүнү мамлекеттик башкарууга киргизүү менен токтоп калбастан, санарип демократия (электрондук демократия) түшүнүгүн иштеп чыгышты. Электрондук демократия – бул келечектеги мамлекеттин үлгүсү, анда саясый партиялар жана депутаттар жок болуп, өткөндүн калдыгы катары калышат. Анткени, ар бир жаран өзү интернет жана компьютер же уюлдук телефон аркылуу бул же тигил мыйзам долбооруна жана өкмөттүн чечимине добуш бере алат. Жарандар өздөрү демилге көтөрүп, комментарий беришет, добуш беришет жана ошону менен мыйзам долбоорлорун жана өкмөттүк чечимдерди интернет аркылуу кабыл алышат. Жарандардын бардык демилгелерин, сын-пикирлерин жана сунуштарын карап чыгуу, ошондой эле бардык документтерди иштеп чыгуу менен юристтердин атайын тобу алектенет. Жалпы таанылган эксперттер атайын тематикалык комитеттерди түзүшөт, алар маселе жалпы добушка коюлганга чейин өздөрүнүн позитивдүү корутундуларын бериши керек (бүгүнкү парламенттегидей эле). Чечимдерди аткаруу иш-аракетин азыркыдай эле жүргүзүү өкмөттүн колуна жүктөлөт. Ошентип, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы парламенттен түздөн-түз жарандарга өтөт, ал эми өкмөт жана сот бийлиги биздин кадимки режимде калат. 

Электрондук демократияны киргизүү боюнча лидерлер Эстония, Исландия, Швейцария. Бул өлкөлөр санарип технологияларды акырындык менен мамлекеттик башкарууга киргизип жатышат жана келечекте парламенттерден толугу менен баш тартып, электрондук демократиянын принциптерине өтүүнү пландаштырууда. Алар жаңы моделге этап-этабы менен өтүүгө мажбур болушууда, анткени алар бир кылымдык тарыхы бар, иштеги эффективдүүлүгү жогору жана коомдук ишенимге ээ парламенттерден бир күндө баш тарта алышпайт.

Алардан айырмаланып, Кыргызстанда парламенттин кылымдык тарыхы да, иш эффективдүүлүгү да, элдин ишеними дагы жок. Кыргызстанда депутаттардын пайдасынан зыяны көп! Өнүгүүнүн ордуна алардын жоопкерчиликсиз иш-аракеттеринен улам коррупция, уурдоо, үзгүлтүксүз төңкөрүштөр жана башаламандыктар пайда болууда.

Бүгүн биздин өлкө өнүгүүбүздө дагы бир секирик жасап, уурулардын, каракчылардын, кошоматчылардын жана сабатсыз бийлик сүйүүчүлөрүнүн саясый кызматынан биротоло баш тарта турган уникалдуу тарыхый кырдаал түзүлдү. Ал үчүн Элурултайды (Эл – элдик жана электрондук) киргизүү керек, анда Кыргызстандын бүткүл калкы парламентке айланат жана ар бир жаран депутат болот. Ошентип, биздин өлкө адамзат тарыхындагы биринчи түздөн-түз санариптик демократия гана болуп калбастан, өзүнүн көптөгөн көйгөйлөрүн чечет. 

Биринчиден, Элурултай коррупцияны кыскартат, анткени бардык мыйзамдар жана чечимдер жарандардын өздөрү тарабынан, 120 депутаттын жана алардын жакындарынын кызыкчылыгы үчүн эмес, жалпы коомдун кызыкчылыгы үчүн кабыл алынат.

Экинчиден, алардын санынын көптүгүнөн улам, паракорчулуктун же чечим кабыл алуучуларга кысым көрсөтүүнүн коркунучу азаят. Себеби, Эл-Курултайдын 3,5 миллион элине пара берүүгө же коркутууга караганда, парламентке 120 депутатка пара берүү же кысым көрсөтүү кыйла жеңил жана көрүнбөйт. 

Үчүнчүдөн, шайланган 120 депутаттын жок болгондугунан алардын тейлөө чыгымдары жылына 10 миллион долларга кыскартылат. Ал эми 120 депутаттын шайлоосу жоктугунан 5 жылда дагы 10 миллион доллар үнөмдөп, ошондой эле чексиз революциялардан жана ага байланыштуу улуттук коопсуздук көйгөйлөрүнөн сактайт. 

Булар ушул моделдин эң көрүнүктүү саясый артыкчылыктарынын айрымдары гана. Кыйыр оң натыйжаларды азыр баалоо кыйын, бирок алар мамлекеттик башкарууда гана эмес, укук, экономика, айлана-чөйрөнү коргоо, алтургай маданият сыяктуу чөйрөлөрдө болору шексиз.

Мамлекеттик башкаруунун мындай инновациялык моделин киргизүүдө, ошондой эле мүмкүн болгон тобокелчиликтерди эске алуу керек. Ошондуктан илимпоздор бул тобокелдиктерди эсептеп гана тим болбостон, аларды чечүү жолдорун да эске алышты.

Биринчиден, тутумдун кийлигишүү жана хакердик чабуулдар алдындагы аялуу тобокелдиги эске алынды. Жаңы технологиялардын күнүмдүк прогресси бүгүнкү күндө мындай тобокелдиктерди азайтуунун ар кандай жолдору бар экендигин, мисалы, блокчейн системасы көрсөтүп турат. Мындан тышкары, кепилденген коопсуздук үчүн ачык добуш берүү жүргүзүлүп, ар бир жаран анын жыйынтыгын көрүп, добуштардын санын эсептей алат.

Экинчиден, калктын көпчүлүк бөлүгү өзүнүн компетентсиздигинен улам өкмөттүн маанилүү чечимдерин кабыл алууга даяр болбой калышы мүмкүн экендиги дагы эске алынды. Бирок, бүгүнкү 120 депутат мыйзам долбоорлорун кабыл алган бардык тармактар боюнча эксперт болуудан алыс. Албетте, 3,5 миллион адамдын арасында 120га караганда белгилүү бир чөйрөнү түшүнгөн адамдар көп. Ошондуктан, жалпы таанылган эксперттер атайын тематикалык комитеттерди түзө алышат, алар маселе жалпы добушка коюлганга чейин өздөрүнүн позитивдүү корутундуларын бериши керек (ошондой эле бул бүгүн парламентте болуп жатат). Андан тышкары, эксперттер белгилүү бир мыйзам долбоорунун же чечимдин оң жана терс жактары жөнүндө коомчулукка жигердүү маалымат беришет жана билим беришет (бүгүнкүдөй эле). Анүстүнө, көпчүлүк компетенттүү эмес жарандар добуш беришпейт, анткени алар бүгүн да шайлоого барышпайт. Эгемендүүлүк, светтик, адам укуктары сыяктуу фундаменталдык маселелерге токтолсок, алар Конституцияда алдын ала белгиленишип, мындан ары өзгөрүүлөр болбош керек.

Кыргызстан көптөгөн маанилүү маселелерде пионер болгон. Биздин өлкө Борбор Азияда биринчилерден болуп көз карандысыздыгын жарыялаган, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп улуттук валютасын киргизген жана Дүйнөлүк соода уюмуна кирген, региондо биринчи болуп президентин алмаштырган жана муну бир нече жолу кайталаган. Биздин эл тайманбастык менен бирөөлөрдү коркутуп, бирөөлөрдү кубанткан эр жүрөк жана тайманбас иштерди жасоого көнүп калган. Биз дагы бир революция жасай алабыз, бирок бул жолу тынчтык, илимий жактан негизделген, прогрессивдүү жана жаркын болот. Төңкөрүштөрдүн дүйнөлүк лидери болууну токтотуп, санарип демократиянын лидери бололу! Бүгүнкү күндө буга бардык өбөлгөлөр бар: толугу менен чириген парламент, жарандардын ишенимин жоготкон саясый элита, элдин салттуу курултай институтун жандантууга умтулуусу жана анын фонунда калкты дээрлик 100% камтуу үчүн мобилдик интернет, бардык керектүү техникалык шарттар, компетенттүү адистер жана эң негизгиси чечкиндүүлүк жана элибиздин эркиндикке болгон сүйүүсү.

Эксперимент өткөрүү үчүн “Элдик-Курултай” кыймылынын активисттер тобу ар бир жаран өз оюн билдирип, сунуштарын киргизип, добушка коюп, белгилүү бир маселе боюнча добуш бере турган электрондук курултайдын сынамык моделин түзүштү. Добуш берүү менен шайлоочулардын көпчүлүгү алгылыктуу деп эсептеген чечимдер аныкталат. Бул чечимдер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жиберилет. Эл-Курултай коомдук пикирди уюштурууга жана мамлекеттик органдар менен коомдун ортосунда байланыш түзүүгө салым кошот. Ошентип, бул механизм жок дегенде мамлекет менен коомду жакындаштырат жана мамлекеттик органдарга эң оптималдуу саясат жүргүзүүгө жардам берет. Эл-Курултайдын сынамык модели ийгиликтүү иштесе, бул жарандык демилге мындан ары саясый өнүгүүгө ээ болот.

Элдик Курултай кыймылы Кыргыз Республикасынын бардык кызыкдар жарандарын Эл-Курултайдын пилоттук моделине активдүү катышууга, өз ой-пикирлерин билдирүүгө, өлкөбүздүн өнүгүшү боюнча өз сунуштарын берүүгө, добуш берүүгө, демек, Кыргызстандын келечегин чогуу курууга чакырат. Деструктивдүү кетсинизмди жана кыйратуучу толкундоолорду унутууга кез келди. Өлкөбүздү жана балдарыбыздын жаркын келечегин сактап калуу үчүн бардыгыбыз биригип, конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү баштоого мезгил келди! 


Азамат Темиркулов, саясый илимдеринин доктору 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер