Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сокулук РИИБ начальниги Уран Шамбетовдун кыңыр иштери козголобу?

Сокулук РИИБ начальниги Уран Шамбетовдун кыңыр иштери козголобу?

30-ноябрь, 23:36
780 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Чүй облусуна Канат Жумагазиев губернатор болгонго чейин Сокулук РИИБнин начальниги Уран Шамбетов жер саткан аферисттерди калкалап келгенби? Бул жагы өздүк курамында каңкууланууда. Мисалы, бир участок үч-төрт адамга сатылып кетсе, мындай иш менен шугулдаган алдамчы жазасын албай, өзүмбилемдигин уланта берген. Ушул сыяктуу чуулгандуу көрүнүштөр көп болбодубу! Башынан тартип сакталбай, кайрадан ыплас иштер кайталанып турган. Качан гана Канат Жумагазиев Чүй облусунун жетекчилигине дайындалганда, Сокулуктагы жер чатагы калыс, мыйзамдуу таризде териштирилип, элге кызыл китеби бериле баштап, жарым жылда көйгөйдү оң жагына чечип койду. Ага чейин Сокулук РИИБнин начальниги Уран Шамбетов кылмышка шектүүлөрдү коргоп келсе, эмне үчүн бул жагынан териштирилбейт? Маселе ачык бойдон турат... 


"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер