Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Айданбек Акматов: “Элди будуң-чаң салган суроолорго комиссия жооп издейт”

Айданбек Акматов: “Элди будуң-чаң салган суроолорго комиссия жооп издейт”

10-октябрь, 23:42
270 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кумтөр кениндеги соңку жагдайды жана алтындын сатылышын иликтөө үчүн коомдук комиссия түзүлүп, анын төрагасы болуп саясатчы Азимбек Бекназаров шайланды. Мунун алдында алтын экспортун териштирүү үчүн депутаттык комиссия дагы түзүлгөн эле. Биз комиссия мүчөсү Айданбек Акматовго кайрылдык. 

-- Кумтөр боюнча элдик комиссия түзүлдү. Депутаттардан айырмаланып кандай иштерди жүргүзгөнү турасыздар?

-- Кумтөрдөгү абал жана алтындардын сатылышы боюнча коомдук комиссия түзүлдү. Анын башында Азимбек Бекназаров турат. Орун басары Кубанычбек Исабеков. Дагы жети мүчөсү бар. Комиссия мүчөлөрү чогулуп, жыйындарын өткөрүп, өкмөткө маалымат берип, кайсы багыттарда иштөөнү караштырып жатышат. Негизинен комиссия Кумтөр башталгандан берки окуяларга да көз салып, андан кийин бийлик колуна алгандан кийинки коомчулукту будуң-чаңга салган суроолорго жооп издөөгө аракет жасайт. Буга чейин Кумтөргө байланыштуу айтылган сөздөрдүн калпыстыгы чыгып, коррупция болбогондой эле жылмаланып жатат. Ошондуктан комиссиянын айрым мүчөлөрү Кумтөрдү баштан-аяк карап чыгып, баа берүүнү сунуштады. Бирок биз азыр эң негизги көңүлдү Кыргызстан Кумтөрдү жеке башкарууга алгандан кийинки кырдаалга, ошол кезде алынган алтын кайда, канчадан сатылды, мамлекетке канча түшүп жатат (?) деген маселеге бурганы жатабыз.


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер