Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ататүрк чүмкөнүп кийингендерди “түнкү көпөлөктөр” деп жазага тарттырган”

“Ататүрк чүмкөнүп кийингендерди “түнкү көпөлөктөр” деп жазага тарттырган”

30-май, 22:20
3 080 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Араб кыз-келиндери майрамдык аземдерде чачтарын жайып алып бийлешсе, а биздеги бети-башын чүмкөнүп жүргөндөр кайсы агымдагылар? Булар мыйзамдын талаптарын качан аткарышат?

Дүйшөн Батырбеков, мугалим:

-- Акыркы убакта коомубузда ар кандай жосунсуз жоруктар өтө көбөйдү. Айрыкча кыз-келиндер арасында салтыбызга, менталитетибизге, маданиятыбызга, улуттук наркыбызга, санжыра-тарыхыбызга дал келбеген, кыргызга жат көрүнүштөр көбөйүп кетти. Ошолордун бири паранжы кийүү, жоолукту эки-үч кабаттап салынуу, учтарын жерге салаңдатып түшүрүп коюу (!) деген бизде эч качан болгон эмес. Мунун баарын азыркы чала сабат молдокелерибиздин динди жайылтуу аракети катары болуп, аны менен бирге элди адаштыруу, каада-салтын талкалоо, өздөрүнө жамаатташ, тилектеш табуу, динге жабыштырып аткан куру далбасасы экени деп билем. А чын-чынына келгенде Кудайга сенин кандай сакал-мурут койгонуң, узун-кыска кийингениң маанилүү эмес. Кудайга сенин жандүйнөңдүн тазалыгы, баскан-турганыңдын тууралыгы, кылган ишиңдин адалдыгы керек.

“Хизб-ут тахрир”, “Таблиги жамаат”, исмаилиттер, башка да толгон-токой бутактар элдерди бөлүп-жаруу, нарк-насилине балта чабуу, каада-салтты унуткартуу максатта “таалим” деп “сен мындай кылганда Кудайга жагасың” деп мечиттерде тескери үгүттөрдү жүргүзүүдө. Мындай нерсени айылдык имам, райондук казияттар, борбордук дин уюмдары баардык динге байланышкан иш-чараларды мамлекеттин мыйзам чегинде иш алпаруусуна тыкыр көзөмөл кылып, чектен чыгып бараткандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, ыкчам чара колдонуу керек. Кыргызстан эч качан Пакистан, Афганистан, Сирия мамлекеттеринин жолуна түшпөстөн, ар бир жаштарыбыз илим-билимге сугарылып, мамлекеттин өнүгүп-өсүү жолдоруна өз салымдарын кошо турган жаштардан болуусу кажет.   

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-- Мыйзамдын талаптарын аткарыш үчүн бийлик өзү катуу көзөмөлгө алышы зарыл. Андай иш-чаралар болбосо, жазылган мыйзамдар кагаз түрүндө эле кала берет. Белгилүү түрк жолбашчысы Ататүрк ушундай оронуп, бети-башын чүмкөнүп кийим кийгендердин баарын текшертип, “түнкү көпөлөктөр” деп жазага тарттырган. Биздин мыйзамдар иштебегендиктен жанагинтип кыздарыбыз жоолукту ар кандай салынып, бир карасаң орустун матрешкасы, бир карасаң күйөөсү өлгөн жесир катындай капкара оронуп-чулганып алышат. Жана да бул исламдын негизги мыйзамдарына жатпаган көрүнүш. Эң негизги парз – ата-бабадан келаткан салттуулукту сактоо. Биздин салтта жүзүн жашыруу деген жок. Түнкү уурулар гана ошентип жүрөт деп эсептелет.

Күмөндөр Абылов, КР эл артисти:

-- Ким кандай ойлойт билбейм. Менин оюмча, арабдар акчанын күчү менен жер-жердин баарына дааватын жайып, мечит салдырып, газават, жихаддын күчүнө салып, аттырып, жардырып, элдин баарын мусулман кылуу аракетинде болуп жатканы белгилүү. Айтайын дегеним, арабдар элдин баарын такыба мусулман кылып, Умрага,  Меккеге кайра-кайра каттатып коюп, тапкан акчаларынын үзүрүн көрүшүп, өзүлөрү биз ичпеген аракты ичишип, биз жебеген тамактарды жешип, биз көрбөгөн шоуларды көрүшүп, жер-суунун баарын кыдырып жүрүшкөнүн ким гана билбейт? Чөлдө болсо да биздин жерден кем эмес салкын, көркөм жерлерде шапар тээп, ойноп-күлүп жүрүшөт. Алардын акчасына туйтунушкан биздин кээ бир жарандарыбыз элдин мусулман болуп жүргөнүнө алымсынбай, каада-салт, тилибиз, кийимибиз, аты-жөнүбүздөн өйдө арабча кылгылары келишет. Ансыз да арабдардын “Чыныгы мусулман бизбиз!” дегендерин угуп эле жүрөбүз го?! Жанагы кыргыздын комузуна, Манасына чейин жок кылгысы келгендерди “элдин душманы” дегенге кантип болбосун? Арабдын келин-кыздары бизден өтүп жылаңачтанып бийлешип, чачтарын жайып алып стриптиз көрсөтүшүп, жамбаштарын ары-бери чайкап жатышканына не дейбиз?! Мен антип “жылаңачтангыла” деген жерим да жок! Бирок бир суроого башым катат: эмне үчүн арабдарга баары боло берет да, бизге каада-салтыбыз, нукура кийимибиз, өз тилибиз, жада калса комузубуз, Манасчылык өнөрүбүз да болбойт? Эмне үчүн “харам”? Эмне, комуз, Манас арамбы? Бул сөздү арабдардан уксак, өлбөгөн жерде калат элек. Асыресе өзүбүздөн чыгып, өгөйлөгөндөрдөн угуп жатабыз. Катуу тийсе кечирип койгула!


Сурат Жылкычиев
 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер