Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Равшан Жээнбеков: “Биз учурда тышкы саясатыбызды оңдой алган жокпуз”

Равшан Жээнбеков: “Биз учурда тышкы саясатыбызды оңдой алган жокпуз”

24-июнь, 20:05
2 639 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Улам кымбаттоолор күчөөдө. Экономикалык бул жүрүш менен кете берсек, пенсия-пособиелер да төлөнбөй, эл нааразычылыгы күчөп, экономикалык туңгуюкка кептелбейбизби?

-- Социалдык-экономикалык абал саясый абал сыяктуу эле аябай оор туңгуюкка бара жатат. Бюджетке бажы төлөмдөрү түшүп, салык чогулушу мүмкүн, бирок биздин бюджеттик көйгөй элдин аң-сезимине көп деле таасир бербейт. Аң-сезимде баалардын кымбатташы аябагандай чоң нааразычылыкка алып келет. Анткени баалар кымбаттап, сомдун куну кетип жатат. Электр энергияга тарифтер өсүүдө. Жол киренин күзүндө көтөрүлүү мүмкүнчүлүгү, өлкөдөн инвестициянын, акчалардын качып жатышы – күзүндө элди көчөгө алып чыгууга, социалдык жарылууга алып келүүгө аябагандай чоң шарттар түзүлүп жатат. Өзгөчө бийликтин электр энергияга болгон тарифти көтөрүү чечими чоң коркунучка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан тарифти көтөрөрдөн мурда социалдык оор абалдагы пенсионерлерге, бюджеттен аз айлык алган мамлекеттик кызматчыларга сөзсүз түрдө даректүү жардам берүү шарт. Миң сомдун тегерегинде айлыкты көтөрүү, пенсионерлерге жардам берүүнү карабай турган болсо, анда күзүндө электр тарифтери боюнча социалдык жарылуу болоруна мүмкүнчүлүк жогору. Буга сен белгилегендей эле ковид апааты да кошумча болот. Ал дагы көптөгөн чыгашаларга учуратат. Өзгөчө жакыр үй-бүлөлөргө оорчулук жаралат. 

-- Саясый кризис деп айтып калдыңыз, өлкө азыр саясый кризистеби?

-- Ооба, биз азыр саясый кризисте жашап жатабыз. Биринчиден, аликүнгө чейин Россия жана коңшу өлкөлөр менен экономикалык маселелерди чече алган жокпуз. Бизге Кытайдан, Россиядан жардамдар келчү. Бүгүнкү күндө алар да келбей калды. Мунун баары экономикалык жана саясый абалга таасири чоң. Биз учурда тышкы саясатыбызды оңдой албадык. Тышкы саясат оор бойдон турат. Европа мамлекеттери, АКШ менен мамилебиз жок. Мунун баары саясатка терс таасир берет. Саясый нааразычылык күчөйт. Камалуулар бир караганда маселе чечкендей болгону менен, ал кайрадан бийликке нааразычылыкты күчөтөт. Жалпысынан мындай абал бийликти дистабилизацияга алып келүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер