Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Көзү ачык кайсы 5 партияны айтты? Алар парламентке өтүп келишеби?

Көзү ачык кайсы 5 партияны айтты? Алар парламентке өтүп келишеби?

18-август, 22:50
2 078 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоого карай саясат талдоочулар, эксперттер алдын ала божомол кылышып, партиялардын артыкчылыктарына, кемчиликтерине баа беришет эмеспи. Негизинен каражат маселеси жана тизмедеги фигуралардын булганбаганы бааланат, о.э. оппозициялык күчтөрдүн шанстары да өзгөчө мааниге ээ. Биз бул саам эксперттердин пикирин алууга шашылбай, төлгөсү төп чыккан көзү ачыкка кайрылдык. Олуттуу саясый күрөштү оозанардан мурда, биздин маектеш эжебиз атын ачык айтып чыгууга каршы болду. Макулдаштык. Ал төлгө ташын жайып, төмөндөгүлөрдү айтып сала берди.

--Шайлоодо партиялар бири-биринен анчалык деле өзгөчөлүктө болушпайт. Жалпысынан баары окшош, жасалма түрдө жандалбасташканы көрүнүүдө. Убадага көпчүлүктүн ишенбегенин кара! Чыныгы таймаш 10 чакты топтун айланасында уланат. Күрөш карасанатайлык менен эл ичинде уу-дууга айланарына күбө болобуз. Алдыга 5 партия озуп чыгат. Алар кыйла кызыл чеке болушуп, жанталашып алдыга суурулгандар: “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Республика” жана “Замандаш”... Дагы куйрук улаш келген эки партия мөөрөйгө жетпей калат. Майда чыр-чатактар орун алары анык болууда. Утулгандар чоң жаңжал чыгарууга аракет кылышканы менен тилектери таш каап, оңунан чыкпаганына ынанып калдым. Эл көтөрүлбөйт. Бирок нааразычылык улана берет. Бийликке каршы чыккандардын катары калыңдашы ырасталды. Сын-пикир, ачуу сөздөр көп айтылат. Акүйдөн уруштар көп чыгып, карапайым калктын назары сынгандай, шаабайлары суугандай ичиркенүү жаралганычы? Өтүп келген партиялар ыркырашып, ич ара каршылашуу, тирешүү менен абал оорлошот. Жогорку Кеңешке шайлангандар мөөнөтүнүн аягына чейин отурушарын көрө албадым... Караңгы болуп кетти...


Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер