Икрам Илмияновдун бир аргымагынын баасы 100 миң долларды чапчыйбы?

Учурда Икрам Илмияновдун бетинен май тамып турган чагы. Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кезинде көшөгө артынан сүйлөшүп, “Алдамчылык” беренеси менен камалымыш этип, жазадан жеңил кутулуп кеткени жалганбы? Бир кезде эч нерсеси жок Икрам шопурлуктан президенттин аппаратынын орун басарлыгына чейин көтөрүлүп, мамлекеттик саясатка, бизнеске таасир этип, кекиртегине чейин байыган. “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” дейт... Органдардагы кыраакы кызматкерлер Илмияновду “Коррупция”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен соттогондо жазасын татыктуу аларын айтышкан, бул аныкпы? Учурда ал каткан бизнесин иштетип, Сокулуктагы “Фрунзе” совхозундагы мал чарбасын, асыл тукум аргымактарын көбөйтүп, кайрадан байбачадай жашоо кечиргени талкууга алынууда. “Генерал” деген айгырынын баасы 100 миң долларды чапчыйбы? Мындай кымбат баалуу жылкылардан канчасы бар?.. Бир жагынан шопуру Каныбек Туманбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчиликке дайындалып, оңдой берди болуп турганын карачы? Ошентип, кайрадан Икрамдын доору келатабы? Ширшов баш оору жаратып турганда, бул сабатсыз шопурдун “дүңүнөн соккон” саясатынан алыс эле болушса.
"Азия Ньюс" гезити