Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыйын кырдаалда Жеңиш Жоробековдун ишмердиги бааланууда

Кыйын кырдаалда Жеңиш Жоробековдун ишмердиги бааланууда

02-апрель, 21:29
3 623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

ИИМдин 10-башкармалыгынын начальниги Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад шаарына комендант болгону элдин назары бурула баштады. Коомчулукта колдоого арзып, жылуу пикирлер айтылганы -- милицияга болгон ишенимди жаратууда.

Айрым “генерал” аты барлар Акүйгө чейин Жеңиш Жоробековду ойдон чыгарылган ушактар менен жамандап келгени жалганбы? Дайыма кылдан кыйкым издешип, буттан чалууга аракет кылып келишет. Мурдунун учунан алысты көрө албаган андай көрпенделердин күндөрү бүтүп баратканы ырас.

Иш жүзүндө полковник Жеңиш Жоробеков Жалал-Абад шаарынын коменданты катары милдетин жогорку деңгээлде аткарып атат. Кыргызча-орусча так сүйлөгөнү, ынанымдуу түшүндүрүү иштерин жүргүзө алганы, күч менен эмес, акыл-эс аркылуу кыйын кырдаалдан чыгууга жан үрөгөнү байкалууда. Көпчүлүк жылуу кабылдады. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” демекчи, ал тажрыйбасын туура багытка пайдаланып келет. Билимге сугарылган дипломат, спортсмен! Эң башкысы, эл менен иштешүүнү мыкты билет, дасыккан уюштургуч. Буюрса, бул апааттан арылуу үчүн үлкөн салым кошоруна ишеним күч!

Жеңиш Жоробеков Түркиядан милициянын жогорку академиясын бүтүп келгенден кийин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө такшалып, Бишкекте жана региондордо бир топ жетекчилик кызматтарды аркалады. Мамлекетчил көз карашта калыптанган. Эрдиктерин санай берсек, сөз көбөйүп кетет. Ток этери, мындай профессионалды пайдалануу зарыл. Татыктуу кадрларды тандоо – бийликтин рейтингин көтөрөт эмеспи. 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер