Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Окуучу балдар мектептерден качышып, мечиттерге бара башташты”

“Окуучу балдар мектептерден качышып, мечиттерге бара башташты”

29-март, 20:31
1 446 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Мечиттерге барган мектеп окуучулары көбөйгөнүнө кандай карайсыз? Балдарды тескөө органдары иштебей жатабы, же ата-энелер кайдыгерби?

Ишенгүл Болжурова, экс-министр:

-- Мен бул сурооңо мындай жооп берейин:

1. Сабакка тоскол болсо, же экстремисттик тарбия болуп атса, бул коркунучтуу абал. Өзгөчө мамлекеттин келечегине балта чаба турган жагдай.

2. Балдар эмес көбүнчө элибиз, кыз-келиндер жабынып, оронуп-чулганып жүрүшөт, мектепке караганда мечиттерибиз көбөйүп кетти, туура жолго салынса,  кыргыздын тарыхын, үрп-адатын үйрөнсө, билимдүү, маданияттуу болсо жакшы болот эле.

3. Ата-энелер өздөрү балдарын мечитке алпарып атпайбы, муну кандай түшүнсө болот?

4. Күч менен эч нерсени токтото албайсыңар.

5. Анык нукура кыргыз элдин идеологиясы болмоюнча, сиз айткан нерселер көбөйө берет...

Анарбек Усупбаев, коомдук ишмер:

-- КР Башмыйзамында “18 жашка чейинкилер эч кандай кайсы бир динге байланбаш керек” деген жазуу бар. Анан эле мыйзамды бузуп, ар түрдүү   медреселерди салып алып, жаш балдарды окутумуш этип, баштарын айландырганы өтө туура эмес. 18 жаштан өтүп, мектепти аяктагандан кийин каалаган динге бар, билген намазыңды оку. Мечиттен чыкпай коёсуңбу, жатып аласыңбы – өзүңдүн ишиң. Ага чейинкисин мамлекет көз салып, тийешелүү органдар чектен чыгып бараткандарга чара көрүүсү кажет. Эгемендик алган күндөн тарта “жаштар билимге сугарылсын, тереңдетсин, илимдүү болгула. Динге анча ашыкпагыла. Ашкере кетип калбагыла. Светтик мамлекетте жашайбыз. Убактыңарды өзүңөр жактырган кесипти алууга короткула!” деп айтып эле келатабыз. Азыр да айтып атабыз. 

Менимче, бизге “18 жашка чейин динден сырткары болсун” деген мыйзам керек жана ал катуу көзөмөлгө алынышы абзел. Ошончо эле убактылары көп болуп атса, толтура ийримдер бар, кыз балдар үчүн сайма саюу, төшөк куроо, бийлөө, ырдоо. Эркек балдар үчүн ар кандай кол өнөрчүлүк, устачылык, спорт, ж.б. 

Дүйшөн Батырбеков, мугалим:

-- Ооба, кийинки убакта мектеп жашындагы балдар массалык түрдө мечиттерге барып, намаз окуу модага айланды. “Мечитке барып жамаат менен намазга жыгылсаң, сооп аласың, ыйманың көбөйөт, Аллах күнөөлөрүңдү кечирет. Аллахтын колдоосу көп болуп, жолуң ачылат” деген дааваттарды айта беришип, окуучулардын мээлерин айландырып бүтүштү. “Турмушта ушулар ишке ашат турбайбы” деген өспүрүмдөрдүн саны көбөйдү. Буга кээ бир ата-энелер шыкак болуп, “балам ыймандуу болуп, ашыкча көчөгө баскандан көрө мечитте жүргөнү оң” деп аткандар да жок эмес. Аны менен бирге улутту чануу, анын баалуулуктарына балта чабуу жолуна билинбестен түшүп атканы байкалууда. “Шарияттын жолу туура, ал эми ата-бабадан келаткан үрп-адат, каада-салт, нарк-насил туура эмес экен” дешип, окуучуларда маңкурттук түшүнүк пайда болуп атканын сезбей атышат. Айрыкча айыл жеринде 5-күнү окуучулар “жума намазга барабыз” деп сабактарын таштап кетип аткандары байкалат. Эгер ушу жол менен кете берсек, кейиштүү жагдайга туш болуп калуубуз мүмкүн. Андыктан, мектептин директору, айыл өкмөтү, участкалык милиция кызматкери жана айылдык имам менен бирдиктүү чечим кабыл алып, мектеп окуучулары динге ашкере азгырылбастан, жума күнү мектепти таштап кетпей, билим алышсын деш керек. Коңшу Өзбекстанда 18 жашка чейинкилер мечитке барып жамааттык намазга катышууга тыюу салынган. Бизге да ушундай тартипти киргизүү абзел!

Клара Ажибекова, коомдук ишмер:

-- Мен ойлойм, мектепке окуй турган балдар өз жолу менен илим-билимге сугарылышы керек. Мектептер тарбия маселесин бийик деңгээлге коюшсун. Спорттук ийримдерге, өзгөчө жаш техник, жаңы маалыматтык технологиялар боюнча, сүрөт, табият таануу жана аны сактоо маселелери боюнча ийримдер бекер ачылып, иштөөсү кажет. 18 жашка чыкканда балдар өздөрү тандаганга укуктуу. Азыр мектептер көзөмөлдү күчөтүү керек. Ар бир окуучунун эмне кылганына кызыгуу шарт. Көбүнчө иштеп аткан ата-энелердин балдары мечиттерде жүрүшөт. Динге бекем байланган балдар билимге кызыгуусун жоготуп коёт. Өкүнүчтүү жагдай. Диндин концепциялары менен илимдики көп эле учурда дал келбейт. Экөө бири-бирине карама-каршы. Анан мечиттерде диний экстремисттердин жана террористтердин укуругуна тез түшкөнгө көп жолдор ачык. Ага бөгөт коюш үчүн билим жана илим министрлиги бул маселе боюнча жакшы иштеши керек.

Асыкбек Оморов, коомдук ишмер:

-- Биз светтик мамлекет экенибизди унутуп койдук. Религия үстөмдүк болбош керек. Бир нерсе эске түшөт: Карл Маркстын: “Кайсы бир мамлекетте илим-билим өнүкпөй, маданиятты четке кагып калган учурда, анын элдери чиркөөгө жана мечиттерге чуркап калат” деген сөзү бар. Андыктан, өлкөбүздүн идеологиясы күчтүү болсо, балдар мечитке эмес мектепке билим алыш үчүн чуркайт эле. 2020-жылга чейин Кыргызстанга инвестор тартып келип, мектеп окуучулары бирдиктүү форма кийишип, мындай жат көрүнүш жок эле. Акыркы кезде жашы деле, карысы деле мечиттерде жүрүп калышты. Эсибиз бар кезде этегибизди жыйып, мектеп окуучуларын мечитке барганга тыюу салыш керек. Ага кеткен убакытты билим алууга бөлүшсүн. Тийешелүү министрликтер өспүрүмдөргө кайдыгер карабай, мечиттерди көзөмөлдөп, иштеш керек да.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер