Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кышында кандай абалга дуушар болобуз?

Кышында кандай абалга дуушар болобуз?

30-июнь, 19:30
1 265 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эмне үчүн Токтогул суу сактагычында жылдагыдан суу аз? Кышында кандай абалга дуушар болобуз? 

Эрнест Карыбеков, энергетика боюнча эксперт:

-- Токтогул суу сактагычындагы суунун абалы аябай эле төмөн. Бул факт. Бирок мөңгүлөр эрибей жатат, кеч эриди деп жатышат. Бирок ага деле таянбаш керек. Климат өзгөрүлүп турат. Жыл ичинде ар кандай болот. Токтогул суу сактагычын ошол эле беш электр каскадын куруп жатканда атайын регламентин бекитишкен. Ал көп жылдык регулировка жасай турган суу сактагыч. Ошон үчүн бийликте тургандар мээни иштетиши абзел. Курулуп жаткан, курулат деген станциялардын баары жардамын бербейт. Күн, шамал электр станциясынын кубаттуулуктары жетпейт. Камбар-Ата болсо көп жылга чейин курулуп бүтпөйт. Аны куруудагы каржы булактары алигүнчө билине элек. Расмий документке кол коюла элек. Андыктан азыр ойлонбосо, кышында кайра эле светти өчүрүүлөр орун алат. Биз импорт алганыбыз менен ал жетпейт. Учурда кошуналардын өздөрүнө импорт жетишпей жатат. Бизге берсе дагы бизге байланышкан жогорку вольттогу линияларга батпайт. 

Расул Умбеталиев, энергетика боюнча эксперт: 

-- Тоолуу райондордо күн эми гана ысып, мөңгүлөр эрий баштады. Ага чейин секундасына 700 куб гана суу келип жатса, жакынкы күндөрдөн бери секундасына 900-1200 кубга чейин суу келе баштады. Бирок суунун көлөмү баары бир былтыркыдан аз болууда. Мында биринчи кезекте суунун аз келип жатышы себеп болсо, экинчи жагынан суунун көп чыгарылып жатышы себеп болду. Ал коңшулардын талабы менен болуп жатат. Аларга жайда электр эмес, суу керек. Ошон үчүн “жай айында электр энергиясын бересиң” деген шарт менен келишим түзгөн. Негизи Кыргызстандын ички керектөөсү жай айларында суткасына 24-28 миллион кВт/саат электр энергиясын түзөт. Бул көлөмдү өндүрүү үчүн Токтогул суу сактагычынан секундасына 170-190 куб суу кетиши керек. Өзбекстан менен Казакстанга электр экспорттоо үчүн дагы 80-90 куб кошулуп, ашып кетсе секундасына 320-240 куб агызылышы керек болчу. Бирок азыр бизде секундасына 420-450 куб суу кетип жатпайбы! Бул туура эмес. 


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер