Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чынара Мамажакыпова, ишкер: “Ишкерлерге мамлекет жакшы колдоо кѳрсѳтүүдө”

Чынара Мамажакыпова, ишкер: “Ишкерлерге мамлекет жакшы колдоо кѳрсѳтүүдө”

07-декабрь, 12:00
1 133 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Чынара айым, Кыргызстанда ишкерлик кылуу жеңилдедиби же кандай?

-- Азыр бийлик бизнеске жана инвесторлорго эң жакшы шарттарды түзүп атат. Мурда Кыргызстанда бизнес кылуу кыйын болчу, инвесторлор да келгенден кооптонушчу. Себеби, өлкөдө саясый туруктуулук, стабилдүүлүк жок эле. Ошондой эле мамлекет өзү да, анан криминал чөйрө да ишкерлерди жүдөтүп, иштетишчү эмес. Бизнестен түшкөн пайданын баарын ошолор талап-тоноп турганын көпчүлүгүбүз билебиз. Анан андай криминал, коррупция өнүккөн мамлекетке кайсы инвестор келмек эле? 

Азыр Кудайга шүгүр, мамлекет ошол бизнеске тоскоолдук жараткан негизги факторлорду жоготту. Инвестиция жана бизнес үчүн жагымдуу шарт түзүлүп, дүйнөлүк рейтингде эң коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирдик. Бул бизнес үчүн пайдалуу болуп, инвестициялык климат түзүлдү. Ошондуктан бул жагынан Садыр Нургожоевичтин аракетин жакшы деп бааласак болот.

Мисалы, Америка же кайсы бир өнүккөн чоң мамлекетти албайлы, экономикасынын үчтөн бир бөлүгүн инвесторлор түзөт. Башкача айтканда, инвестиция менен мамлекет өнүгөт. А бизде инвесторлор десе эле "жерибизди басып алды", "бизди тоноп атышат" деген сыяктуу популисттик сөздөрдү айтышып, элди чочута беребиз. А негизи андай эмес. Мисалы, инвестор завод салса, иш орундар түзүлөт, миграция азаят, бюджетке салыктар түшөт, курулган завод да кийин урпактарга калат. Аны инвестор көтөрүп кетпейт. Ошондуктан инвесторлор үчүн биз ар дайым ачык болушубуз керек.

-- Ишкер айымсыз, салыктан кыйналып жаткан жоксузбу?

-- Мамлекеттин өмүрү салыктан турат. Салык жок мамлекет болбойт. Азыр салык кыстап атат дегендин баары мурда көмүскөдө деле бирөөнүн капчыгын толтуруп келишкен. Бирок, мамлекет азыр баарын ачык кылып, санариптештирип койду. Көмүскө акча айландыруу дээрлик токтоду. Баары мамлекеттин казынасына түшүп, ошону менен мектеп, жол, заводдор курулууда. Салык болбосо ушунун баары жасалмак эмес да. Бизге көп көрүнүп жатканы менен негизи башка мамлекеттерге салыштырмалуу бизде салыктын түрү аз. Аны чет жакта жүргөн мекендештерибиз жакшы билишет. Ошондуктан азыр төлөгөн салыктар мурдагыдай паракорлордун чөнтөгү үчүн эмес, кыйраган мамлекетти кайрадан түптөөгө кетип атат. Башкача айтканда, ошол салык менен баарыбыз биргелешип өлкөнүн келечегине салым кошуп атабыз.

-- Ишкерлер мамлекеттин камкордукка алганын сезип жатасыңарбы? Чын эле ашыкча текшерүү, тымызын тоскоолдуктар токтоп калдыбы?

-Ишкерлерге мамлекет жакшы колдоо кѳрсѳтүүдө: жер десе жерин, акча десе каражаттарын бѳлүп берүүдө. Мисалы, быйыл ѳлкѳдѳ 150 ишкана ишке берилди. Алардын арасында ѳндүрүшү кеңейип, чоңойгон ишканалар да бар. Каржы булактарын мамлекет атайын Орус-Кыргыз ѳнүктүрүү фонду аркылуу каржылап берди. Мындан сырткары, мурдагыдай ишканаларды ашыкча текшерүү токтотулду. 

-- Салык кызматынын убагында отчёт тапшырбагандарга дагы салык салууну мыйзамдаштырган долбоор парламентте биринчи окууда колдоо тапты. Бул нерсе дагы жондон кайыш тилгенге барабар иш болуп калбайбы? 

-- Салыктар убактысында тѳлѳнүшү керек. Мамлекет ошого жараша жылдык бюджетти пландайт. Анан салык тѳлѳѳдѳн качып, же отчетту ѳз убагында тапшырбаса, мыйзам бузуу болуп эсептелет да. Мыйзам ошон үчүн мыйзам. Аны баарыбыз сакташыбыз керек. Ал эми мыйзамды сактабагандар сѳзсүз жазага тартылат. Ошол парламентте каралып жаткан мыйзам кошумча инструмент катары киргизилүүдө. Бул мыйзамдан, менимче, ошол салык тѳлѳбѳй, отчёт тапшырбай качып жүргѳндѳр гана коркушпаса, башка ишкерлер үчүн ысык-суугу деле жок. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер