Чынара Мамажакыпова: “35 өлкөдөн келген айымдардын курултайын өткөрүүнү ниет кылып атам”


“Тынчтык” партиясынын лидери Чынара айым бул саам жасап жаткан иштери, алдыга койгон пландары менен ой бөлүштү.
-- Чынара айым, «Дүйнө жана аял» долбоорунун бетачарын Кыргызстанда жасаган элеңиз. Кийинки жолугушуу Түркияда болот экен. Бул долбоордун максаты кандай?
– «Дүйнө жана аял» долбоорунун тушоо кесүү аземи мен төрөлүп-өскөн Алайдын Гүлчө айылында өттү. Бул долбоор Кыргызстанда алгачкы жолу ишке ашып жатканы менен 10 жылдан бери аракеттенип келдим. Көп жылдардан бери ишкерлик багытында алектенип, аярлуу аялзатына «Аярзат» коомдук бирикмеси аркылуу жеңилин жерден, оорун колдон алдым. Ошондуктан «Дүйнө жана аял» долбоору мен мурда эле жасап жүргөн иштин уландысы десем болот. Долбоордун максаты – аялдардын укугун коргоп, кандай кыйынчылыкка кабылса да, ар тараптан колдоо көрсөтүү.
7-8-август күндөрү Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындa биринчи жолку жолугушуу, долбоорго кол коюу аземи өткөрүлдү. Тагыраагы, дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн келген айымдар менен долбоорду өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.
-- Жоопкерчилиги чоң, түйшүгү көп долбоор сизди чарчатып койбойбу?
-- Айымдардын көйгөйлөрүн сезген, билген адам катары «Дүйнө жана аял» долбоорун Кыргызстанда ийгиликтүү алып кете аларыма ишенем. Себеби, «Аярзат» коомдук бирикмеси бир гана Кыргызстандагы айымдар менен чектелбей, жардамга муктаж баардык жарандар менен иш алып барчу. Россияда, Түркияда жана башка Азия өлкөлөрүндө мигрант катары жүргөн мекендештерибиз менен тыгыз иштешчү. Башкасын кой, мамлекеттик кызматта туруп, жардамга муктаждарга да колдоо көрсөтчү.
-- Бул долбоорго турмуштан запкы чеккен аялдар гана катышабы же катарыңарда телегейи тегиз айымдар дагы барбы?
-- «Дүйнө жана аял» долбоору аялзаты кайда болбосун өзгөчө көңүл бурууну ниет кылат. Тагыраагы, мигрант болобу, өлкө ичинде жашайбы, баардык айымдар менен ар тараптуу иш алып барат. Бул долбоор дүйнөнүн 35 өлкөсүндөгү айымдардын башын бириктирип, алардын улутуна, статусуна, сырткы келбетине карабастан бирдей мамиле кылууга басым жасайт. Анткени, долбоорду негиздегендер дүйнө жүзүнөн чыккан ийгиликтүү ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер жана дүйнөлүк деңгээлде таанылган аялдар. Мага да долбоорду түзүүчүлөрдүн катарына кирүү оңойго турган жок. Ошентсе да бул багытта өз жоопкерчилигимди сезип, колумдан келишинче салым кошууга аракет кылып жатам.
-- Сыр болбосо, бул долбоор кайсы тармактар боюнча иш алып барат?
-- Аялдардын ден соолугун чыңдоого, сулуулугуна кам көрүүгө, моралдык, психологиялык, материалдык жактан жардам берүүгө, жумуш орундарын түзүүгө басым жасайт. Кыргызстандын баардык дубандарындагы жана тоолуу райондордо жашаган аялдарга өзгөчө көңүл бурат. Долбоор аялдардын укугун, коопсуздугун, экономикалык мүмкүнчүлүгүн коргоону жана кеңейтүүнү көздөйт. Ошондой эле айымдарга саякаттоо мүмкүнчүлүктөрүнүн эшигин ачат. Эң негизгиси, айыккыс дартка кабылган айымдарды Германияда акысыз дарылатууну максат кылат.
-- “Дүйнө жана аял” долбоорун ишке ашыруу убакыт менен каражатты көп талап кылбайбы?
-- Албетте, бул долбоор убакытты да, каражатты да талап кылат. Мен буга чейин эле мындай маселелерден аянбай эле чоң каражаттарды жумшап келдим. Себеби, күн сайын зордук-зомбулукка кабылып, кыйналган айымдарга колдоо көрсөттүм. Тилекке каршы, айрым учурларда жабырлануучуларды коргоо мыйзам жүзүндө жетишсиз болуп, кылмышкерлер жазасыз калып, зордук-зомбулукту уланып жаткан учурлар катталды. Ошон үчүн дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн чыккан айымдар биригип, «бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт» дегендей, “кордолгон аялдарды дүйнөдөгү жалпы аялдар коргойт” деген маанайда ишти баштап жатабыз. Бүгүн 35 мамлекеттен келген айымдардын Стамбул шаарында биринчи курултайы өтүүдө. Андан кийин ар бир өлкөдө курултай өткөрүүнү пландап жатабыз. Мен дагы Кыргызстандан 35 өлкөдөн келген айымдардын курултайын өткөрүүнү ниет кылып атам. Сентябрь айынан баштап 7 дубанды кыдырып, айымдар менен тыгыз иштөөнү баштайм.
Бул долбоор менен аялдардын үнүн угузуп, жашоодо өз ордун табуусуна жардам бергим келет. Анткени, коомубузда зордук-зомбулукка кабылган аялдар көп. Чынында зомбулук жеке трагедия эмес – бул коомдук көйгөй! Ар бир аял коопсуз, эркин жана бааланган турмушка татыктуу. Ошон үчүн укуктук жардам, психологиялык колдоо, коопсуз баш калкалоочу жайлар зарыл. Мунун баары бүгүн жасалууга тийиш болгон иштер десем жарашат.
"Азия Ньюс" гезити











