Тажикстандын былтыркы кол салуусунда Өмүрбек Суваналиев кандай иштеген?


2021-жылдын 29-апрелинде Тажикстандын бийлиги Баткенге басып кирип, куралдуу жаңжал баштаганы белгилүү. Андагы губернатор Өмүрбек Суваналиев кандай аракеттерди кылган? Бул боюнча ал сүрөт фактылардын, документтердин негизинде билдирүү таратты.
28-апрель күнү Согди облусунун губернатору менен Өмүрбек Суваналиев Кызыл-Бел чек арасында эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. “Головной” маселеси боюнча. Береги сүрөт далилдеп турат. Башка чечмелөөнүн деле кереги жок.
Ал эми 29-апрелде Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Ятимов баштаган делегациянын курамы менен Өмүрбек Суваналиев жолугушуп, төмөнкү документке кол коюшкан. Эки тараптын сүйлөшүү жүргүзгөнү видео аркылуу тарап, интернет булактарында илинип турат. Коомчулук күбө болду.
Дагы кандай тастыктама, далил керек? А эмне үчүн “29-апрелде Суваналиев кабинетинен чыкпай, жашынып алган” деген ушак тараган? Жандырмагы айкын. Бурхановчулар эптеп эле губернаторду жаманатты кылууга, тескери пиар жүргүзүүгө кызыкдар болчу. Ыңгайдан пайдаланганын карабайсыңарбы? Ошол 28-29-апрель күндөрү Өмүрбек Суваналиев чек ара аймагында Тажикстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп жүрсө, облустук администрацияга атайын уюштурулган адамдар келишип, даяр спектаклди коюшат. “Атышуу башталып атса губернатор кабинетинде жок экен, качып кеттиби?” деп айгай салышып. Согуштук кырдаалда ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мекен чегинде туруп берип атпайбы. Кагылышууну бир күндө токтоткон. Реалдуу ачыктык бекен? Акыл-эстүү адамдар баарын эле түшүнүп турушат...
Ошентип, каарманыбыз моралдык жоопкерчилигин ойлоп, ыйманын таза сактоо таризинде кызматын таштап баса берген. Башкаларга окшоп, тырышып жатып албады. Буга да күбө болдук.
Эми кичине артка чегинүү жасайлы. 2005-жылы 24-марттан кийин Өмүрбек Суваналиев Бишкек ШИИБ начальнигине дайындалып, жер баскандарды, имараттарга кирип алгандарды кууп чыгып, тартипти орноткон. Туруктуулук жаралганда Бакиевдер жумуштан кетиришет. Аңгыча күз келип, саясый кырдаал чыңалып, Рысбек Акматбаев борбордук аянтка бозүйлөрдү тигип, нааразычылык митингин баштайт. Бийлик титиреп калганы эсибизде. Бакиевдин айласы кетип, кайрадан “Комиссар Каттаниге” жалдырап, Бишкек ШИИБ башчылыгына кайра дайындайт. Ошондо гана Рысбектин бозүйлөрү чечилип, аянттан тарапташтары таркатылат. Бул генералдын профессионалдуулугу!
2008-жылы Өмүрбек Суваналиев Нарын облусун губернатору болгондо, Кытайларга кетип аткан Аксай, Арпа жайлоолорун сактап калганын баарыбыз билебиз. Теңиртоолуктар бүгүнкү күнгө чейин алкап келишет.
Ал эми 2010-жылы түштүктө коогалаң башталганда, жаңы бийлик Өмүрбек Суваналиевди Ош ШИИБ начальнигине дайындайт. Эки жумада согушту токтотууга салым кошуп, бирок убактылуу өкмөтчүлөр менен иштешпей баса берет. Себеби, кан төгүлүп, жоготууга учурап атсак, Роза Отунбаева референдум өткөзүү саясатына башын тыкканы, элдин эрки менен эсептешпегени ажырымды жараткан экен.
Албетте, биз учкай гана мисалдарды келтирдик. Бекеринен “Комиссар Каттани” эмес да. Эрдиктерин санай берсек гезит бети толчудай. Ыңгайы келгенде дагы эсептешебиз...


Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити











