Акыркы кабарлар
» Саясат » Кылычбек Саркарбаевдин кызматка кайтып келиши талкуу жаратты
Кылычбек Саркарбаевдин кызматка кайтып келиши талкуу жаратты
01-сентябрь, 14:40

Милициянын мурдагы кызматкери Төлөгөн Рахманберди уулу Кылычбек Саркарбаевден жабыркап, ок жегенин айтып, кайра андай сөзүнөн баш тарткан. Ал 14-февралда президентке чейин кайрылуу жасаганы эсибизде.
Бул жаңжалдын кесепетинен Ош шаардык спорт комитетинин жетекчилигинен Кылычбек Саркарбаев кетүүгө аргасыз болгон. Учурда кайрадан кызматка келгени, баштагы айыптоолор негизсиз экени айтылды. Бул боюнча мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров кабарлады. Ал эми соцтармактарда Кылычбек Саркарбаевдин айланасында ар кандай талкуулар жаралды.
Aryba.kg