Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Атамбаев бийликте турганда Исаев ачык каршы чыккан, башкалар “кыңк” этпей отурушкан

Атамбаев бийликте турганда Исаев ачык каршы чыккан, башкалар “кыңк” этпей отурушкан

03-октябрь, 10:57
668 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кыргызстан” партиясына Канатбек Исаев кайрадан лидер болуп шайланып, съезд ийгиликтүү өткөндөн кийин көралбастар кара пиар жүргүзүүгө шымалана киришти. Тек гана шыбамайлар интернет желесинде байма-бай чыгууда. Тапкан аргументтери “сатып кеткен” дешет. Исаев 2017-жылы Атамбаев күчүндө турганда ачык каршы чыгып, Конституциянын өзгөрүшүнө өз пикирин айтып, курч лидер катары бааланган. Чындык үчүн күрөшүп келсе бурмалап, саткынчы катары көрсөтүү акылга сыйбайт да. Башкалар унчукпай отурбады беле? Акырында Атамбаев ак жеринен түрмөгө да каматты, каарманыбыз сынган жок, чыйралып чыкты. Ооба, Канат мырза мындай соккуларга солкулдабайт. “Ит үрө берет, кербен жүрө берет” философиянын таризинде көңүл бурбайт эмеспи. Тескерисинче, Исаевге “иритме сөз” жаздыргандар бактысыз пенделер. Алар саясый атаандаштыкта ачык чыгышып, күрөшө алышпайт да. Колдорунан келбесе да жаманатты кылууга жан үрөшөт. Ошентип, убакыттан уттурушат. А реалдуу коомдун агымында “Кыргызстан” партиясы алдыга озо турганы, мамлекет үчүн кызмат кылууда жеңиштерди багындырары айкын. Канат Исаевдин катарында сатпаган, эл камын ойлогон инсандар болсо эле үлкөн ийгиликтерди багындырса болот. “Көрүнгөн тоонун ыраагы жок” дейт. Ансыңарындай, ал бийиктикке аз калды, багындырууга убакыт гана керек...


Акын БЕКЧОРОЕВ

"Азия Ньюс" гезити


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер