Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Депутат Улан Бакасов өкүл баласы Дастанды камактан 100 миң долларга чыгарып алабы?

Депутат Улан Бакасов өкүл баласы Дастанды камактан 100 миң долларга чыгарып алабы?

08-апрель, 12:00
2 906 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө начальниги Дастан массаждык салондорду калкалап, 500-1000 доллардан пара алып турганын УКМК ашкерелеп, камакка алганы маалым. Үйүн тинткенде элиталык квартиралардын документтери, 40 миң долларлык саат жана ири суммадагы акчалар табылган. Райондук деңгээлдеги кичинекей жетекчинин байлыгы ушундай болсо, начальниктери “майкөл-сүткөлгө” бөлөнүп калгандай го?.. 

Кызыгы, бул кадр пара алгандан сырткары бир адамдын үйүнө тинтүүгө кирип, уурдалган тапанчаны ыргытып коюп, жалган таризде кылмыш ишин токуу, моюнга алдыруу менен шугулданганын депутат Дастан Бекешов айтып чыкканын кайда жашырабыз? “Мени милиция коргойт” деген ураан тескери айланып, кордоп, кыйнап жатса, кайда барабызУбагында тазаланууга мезгил келди да! 

Натыйжада, кабыргасынан суроо берели: Дастанды камактан өкүл атасы, депутат Улан Бакасов чыгарып алууга кириштиби? 100 миң доллар пара берүү менен эркиндигин сатып алганы жатабы? “Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Түз соболго Улан Бакасов терикпей эле жооп узатса, “Азия Ньюс” гезитинен орун беребиз. Иштин чоо-жайын айтып берсе да ашыктык кылбас эле...

Ал эми УКМК кандай реакция кылат болду экен? Баам сала туралы. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер