Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 80ге жакын медицина кызматкерлеринен айрылып калдык

80ге жакын медицина кызматкерлеринен айрылып калдык

22-август, 12:51
559 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) «Биринчи радиосундагы» маегинде айтты.

Анын сөзүнө караганда, ушул күнгө чейин коронавирустан 80ге жакын медицина кызматкери каза болду. Анын ичинен 30дан көбү дарыгерлер.

Расмий маалымат боюнча, 21-августка карата Кыргызстанда 3 073 медкызматкерге COVID-19 илдети жугуп, 2 383ү айыгып чыкты.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, каза болгондорунун үй-бүлөсүнө бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Саламаттык сактоо министрлиги оорудан көз жумган медкызматкерлердин жакындарына жана илдет жуккан дарыгерлердин канчасына кенемте төлөнгөнү тууралуу маалымат бере элек. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер